mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018 жылдын 1-чи жарым жылдыгында жүргүзгөн ишмердигинин жыйынтыктары боюнча коллегия болуп ѳттү

2018-жылдын 17 июль айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин  2018 жылдын 1-чи жарым жылдыгында жүргүзгөн ишмердигинин жыйынтыктары боюнча коллегия болуп ѳттү

Министрлик өз ишмердигинде, мамлекеттик стратегиялык документтерди, программаларды жетекчиликке алып Кыргыз Өкмөтүнүн “«Жаны доорго-40 кадам” Программасы боюнча 2018-жылга түзүлгөн Иш планына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү койгон башка приоритеттерге жана милдеттерге ылайык жүргүзүп отчеттук мезгилде транспорт жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыз кыла алды.

«Жаны доорго кырк кадам» программасы боюнча Министрлик тарабынан приоритеттүү багыттар иштелип чыгып “Транспорт инфраструктурасы” бөлүгүнө сунуштар берилип 2018-2023 жылдарга приоритеттер аныкталды. Бул жасалган иштер боюнча башка тармактардын, коомдук уюмдардын жана ассоциациялардын жана министрликтин коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү. Транспорт жана жол тармагындагы негизги приоритеттер аныкталып 2018-2023 жылдарга иш-чаралардын Планы жана индикаторлор иштелип чыкты.

Кыргыз Өкмөтүнүн «Биримдик, Ишеним, Жаратмандык» Программасынын алкагында 2018-2020 жылдарга Иш-чараларынын долбоору иштелип чыгып Өкмөткө жиберилди.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылбай калган Базар-Коргон районундагы “Кара-Ункурсай” суусу аркылуу узундугу 100 м. жөө жүрүүчү көпүрөнүн курулушу жана Ак-Талаа районундагы “Нарын дарыясы аркылуу көпүрөгө кире бериш” автожолу боюнча Нарын дарыясындагы көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018 жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялагандыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 жылдын 29 мартында №107 буйругу менен бекитилген Иш-чаралардын негизинде өнүгүү точкалары эске алынып Министрликтин 2018-2022 жылдарга республиканын иш-чаралары иштелип чыгып анда 12 иш-чара каралган, анын 10 жол тармагына, 1 — автомобиль транспорт тармагына жана 1 – авиация тармагына тиешелүү.

Региондорду өнүктүрүүнүн Иш-чараларында пилоттук шаарлардын жана айылдардын инфраструктураларынын өнүгүшү каралган. Аларга транспорттук коридорлордун реконструкцияланышынын алкагында Ыссык-Көл областы боюнча Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарлары, Ош областы боюнча Ноокат шаары, Өзөр, Коммунизм, Жийде, Төөлөс, Бел-Өрүк, Боорбаш, Бел айылдары, Баткен областында Караван, Кызыл-Кыя, Үч-Коргон, Гүлжен, Маркас, Көк-Талаа айылдары, Нарын областында Дыйкан, Кайырма, Баш-Кууганды, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой, Арал, Миң-Куш, Кызыл-Коргон, Табылгыты, Сары-Булак, Кара-Суу, Жумгал, Куйручук, Түгөл-Сай айылдары, Жалал-Абад областында Казарман, Сары-Камыш, Кочкор-Ата, Масы, Базар-Коргон, Сузак айылдары, Чүй областында Новониколаевка, Полтавка, Гавриловка, Шопоков, Сокулук, Беловодское, Петровка, Ново-Павловка айылдарын, Кара-Балта шаарын камтыйт.

Баткен облусунун чекара аймагында транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү алкагында Көк-Таш-Аксай-Тамдык, Мин-Булак-Чорго-Ак-Сай, Кулунду-Максат, Ак-Сай-Рават, Самаркендек-Мадыген –Даркум жана Айгулташ-Согмент-Таян автожолдорунун курулуштары каралган.

“Бишкек-Нарын-Торугарт, 272-365” автожолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Нарын жана Кочкор райондорунун автожолдоруна 30,0 км асфальт төшөө иштери каралган. 2018-жылдын 1 –чи жарым жылдыгында Чолпон – Шахта Туз жолуна 5 км, Кочкор – Коммунизм жолуна 3 км, БНТ – Эмгекчил жолуна 5 км, ал эми Нарын шаарынын Раззаков көчөсүнөн Төрөт үйүнө чейин 450 м асфальт төшөлдү.

Ал эми, “Тараз-Талас-Суусамыр, Фаза III, км 75-105» долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча жумуштар каралып, 1-чи жарым жылдыкта Талас шаарынын борбордук көчөсүнүн 310 метри кеңейтилди, андан сырткары жолдорго тирегич дубалдары (подпорные стены) жана элдердин үйлөрунө кирүүчү жолдорго суу коеберүүчү трубалар орнотулду.

Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында мындан сырткары дагы жалпы колдонуудагы жолдордон 538,6 км жол ремонттолоорун, анын ичинде 288,6 км асфальт, 135 км ШПО, 15 км кара шагыл, 100 км шагыл төшөлөөрүн белгилей кетмекчибиз. Асфальт төшөө боюнча: Ыссык-Көл областы боюнча – 66,7 км, Талас областында – 26,5 км, Нарын областында – 37,6 км, Чүй областында – 56,1 км, Баткен областныда – 13,5 км, Ош областында – 43,5 км жана Жалал-Абад областында – 44,7 км каралган.

Каралган иштерден 1-чи жарым жылдыкта 12,035 км асфальт жана 7,1 км ШПО төшөлдү. Калган жумуштар, белгиленген графиктерге ылайыктуу жүргүзүлүп жатат.

Региондорду өнүктүрүү Программасынын алкагында Эл аралык жана ички авиаташууларды өнүктүрүү жана аба транспортунун коопсуз жана үзгүлтүксүз ташууларын камсыз кылууга шарттарды түзүү үчүн Бишкек, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Баткен, Исфана жана Каракол шаарларында Аэропорттордун аэровокзалдык комплекстерин реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

«Ыссык-Көл» аэропортунда аэровокзалдык комплекс кеңейтилди, өткөрмө пунктуун курулушу бүттү, VIP-залдын реконструкциясы бүтүү алдында, Балыкчы- Корумду трассасына чейинки жолду жарыктандыруу жумуштары аяктады.

«Джалал-Абад» аэропортунда аэровокзал 500 метр квадратка кеңейтилип заманбап болуп реконструкцияланды, мындан сырткары учуу-конуу тилкеси да ремонттон өткөрүлдү.

«Баткен» аэропортунда аэродром тилкеси, перрон, кайрылуу тилкелери жана учуу-конуу тилкелери ремонттон өткөрүлүп жатат.

«Исфана» аэропорту боюнча аэровокзалды кеңейтүү үчүн кошумча курулуш кылууга долбоорлук-сметалык документациялар даярдалып бүттү.

Ал эми «Ош» эл аралык аэропортунда «Rud and Swartch» үн байланыш системасы жана «Аврора-2» аэродромдук радиолокатор орнотулуп эксплуатацияга берилди.

Бюджеттин аткарылышы

“2018-жылга республикалык бюджет жана 2019-2020-жылдарга болжолдоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык 2018-жылга бардыгы  – 20 425,2 млн. сом каралган, мындан сырткары капиталдык салымдардын эсебинен 1 200,0 млн. сом каралган.

Анын ичинен бардыгы болуп 1-чи жарым жылдыкта 4 768,3 млн каралып, 2 562,0 млн. сом каржыланды. Бюджетти аткаруу 54,0%ды түздү, анын ичинен учурдагы бюджет – 87%, атайын каражаттар – 49%, Кап.салымдар – 100%, жана өнүгүү бюджети – 26%ды түздү.

Жол чарба департаментине бул жылга жалпысынан 3 184,8 млн. сом каралып, анын ичинен учурдагы бюджет – 1 894,5 млн. сом, атайын каражаттар – 90,0 млн. сом, ал эми капиталдык салымдарга 1 200,0 млн. сом каралган, анын ичинен “Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун реконструкциясына – 700,0 млн. сом каралды.

1-чи жарым жылдыкта жалпы каржылоо 1 644,6 млн. сомду түзүп, кварталга каралган сумманын 94,2%ын түздү, анын ичинен учурдагы бюджет боюнча – 770,4 млн. сом, ал эми капиталдык салымдарга – 874,2 млн. сом каржыланды. “Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун быйылкы жылга каралган (33,0-43 и 90,0-104,0км (24км.) участокторун толугу менен бүтүрүүгө 1,0 млрд. сом кошумча каражат керектелерин белгилеп кетмекчимин.

Инвестициялык долбоорлор боюнча азыркы учурда 12 долбоор ишке ашырылып жатат. 2018-жылга алардын бюджети 18 008,6 млн сом суммасында каралган.

Азыркы күндө, “Бишкек-Ош” автожолунун “Бишкек — Кара-Балта”, “Маданият – Жалал-Абад” участоктору, “Ош – Баткен – Исфана”, “Тараз – Талас – Суусамыр”, «Түндүк – Түштүк” альтернативалуу автожолун куруу долбоорлору ишке ашырылып жатат. Жакынкы аралыктарда “Ыссык-Көл” шакекчеси жана “Түп – Кеген” жолунун 39-76 чакырымдарынын курулуштарынын башталышы күтүлүүдө.

Автомобиль, темир жол жана аба транспорт тармагындагы мамлекеттик ишканалардын (чарбалык эсептеги) 1-чи жарым жылдыктагы финансылык көрсөткүчтөрү бир топ жогорулаганын белгилей кетүү керек.

“Кыргыз автобекети” МИ 1-чи жарым жылдыкта алган дүң кирешелери 37 696,4 миң сомду түзүп, (2017-жылы—35919,5 миң сом), өткөн жылга салыштырмалуу 104,9% түздү.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишмердигинин натыйжасында, 1-чи жарым жылдыктагы кирешелери 2 042,4 млн. сомду түзүп 2017 жылга (1 803,7) салыштырмалуу 113,2% өсүнү камсыз кылды, чыгымдар 1 800,0 млн сомду түзүп, «КТЖ»УК” МИнын баланстык пайдасы 327,2 млн. сомду болуп (2017 –жылы – 258,5 млн.сом), 126,6%га өстү.

«Кыргызаэронавигация» Мамлекеттик ишканасынын 1-чи жарым жылдыкта жүргүзгөн ишмердигини жыйынтыгында кирешелер 506,0 млн сомду түздү, бул 2017-жылга салыштырмалуу (480,3 млн сом) 105,4%га көбөйдү, ишкананын чыгымдары 418,3 млн сом болуп 2017-жылга салыштырмалуу (372,0 млн сом) 112,4%га көбөйдү. Таза пайда – 87,7 млн. сом болду (2017 – 108,3). Кирешенин көбөйүшү тейленген рейстердин көбөйүшүнө байланыштуу, ал эми чыгым бөлүгүнүн көбөйүшү Россия-Кыргыз фондунан алынган кредиттин пайыздарын төлөө мөөнөтүнүн башталышына жана жаны алынган жабдыктарга амортизация төлөнүп башталгандыгына байланыштуу болду.

Пресс-кызмат