mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018 – жыл ичинде аткарылган коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча маалымат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы Жарлыгы мене бекитилген Кыргыз Республикасында антикоррупциялык Мамлекеттик стратегиясын аткаруу алкагында, министрлик, анын алдындагы ишканалар жана мекемелер 2018 – жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу тарабынан бекитилип берилген тармактагы мүмкүн болгон коррупциялык тобокелчиликтерди жана схемаларды жоюуга багытталган 5 деталдаштырылган иш – пландарды аткаруунун үстүндө эмгектеништи. Бул пландарды аткаруу ар бир тармактар боюнча Жол чарба департаментине, Жарандык авиация агенттигине, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасына, “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына, Автомобиль, суу транспортунун жана салмак- тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигине жүктөлгөн. Министрликтин адистери Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эксперттери менен биргеликте тармактагы мүмкүн болгон коррупциялык тобокелчиликтерди жана схемаларды аныктап, алардын негизинде жогоруда айтылган деталдаштырылган пландар иштелип чыккан. Бул пландар тармактагы коррупциялык тобокелчиликтерди жана схемаларды жоюуга, анын негизинде коррупциянын келип чыныша бөгөт коюуга багытталган. Азыркы мезгилде бул деталдаштырылган планда 74,0 пайыздан 97 пайызга чейин аткарылган. Алардан тышкары министрлик жана ведомстволук ишкана – мекемелер тарабынан жыл сайын ведомстволук коррупциянын алдын алуу пландары түзүлүп, аткарылат.
Ошол пландардын аткарылышы министрлик тарабынан квартал сайын текшерилип, мониторингдин жыйынтыгы коррупциянын алдын алуу комиссиясынын жыйынында каралып, маалымат министрликтин расмий сайтына жарыяланат.
Тармакта мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн жоболоруна жана башка документтерине сөзсүз түрдө антикоррупциялык талаптар киргизилген. Мисалы, министрликтин 2018 – жылдын 29 – августындагы № 236 буйругу менен министрликтин системасындагы коррупциогендик кызмат ордуларынын жана коррупциялык тобоккелчиликтердин тизмеси аныкталып, алардын негизинде министрликтин коррупциянын алдын алуу ведомстволук пландары түзүлөт.
Министрликтин 2018 – жылдын 29 – августындагы № 213 буйругу менен министрликтин Регламенти жана Этика боюнча комиссиясынын Жобосу бекитилди. Ошондой эле 2018 – жылдын 4 – январындагы № 2 жана 2018 – жылдын 18 – июлундагы № 200 буйруктары менен министрликтин статс – катчысынын, министрдин орун басарларынын, бардык башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жана секторлордун эмгек милдеттерине, ошондой эле жоболоруна коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу милдеттери киргизилген.
Андан тышкары, министрликтин 2018 – жылдын 6 – сентябрындагы № 247 буйругу менен министрликтин борбордук аппаратындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын квалификациялык талаптары жана 2018 – жылдын 3 – ноябрындагы № 305 буйругу минирстрликтин мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин кызматтык инструкциялары бекитилип, аларда антикоррупциялык иштерди жүргүзүү милдеттери каралган.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019 – жыл – региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү цифровизациялоо жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, министрлик заманга ылайык жаңы цифралык технологияларды коомдук күнүмдүк турмушка киргизүү талаптарын аткарууну боюнча өзүнө милдеттерди алган. Алардын алкагында Бишкек – Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан 2018 – жылдын декабрь айында “Бишкек – Ош автомобиль жолундагы тоннелдерден өтүү үчүн төлөмдөрдү автоматикалык каражаттар аркылуу уюштуруу” атайын долбоору эксплуатацияга алынды. Бул уникалдуу автотранспорттун тоннелдер аркылуу өтүү акысын төөлөө системасы Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып отурат. Система автотранспорттун тыш өлчөм габариттерин жана автомобильдин мамлекеттик номерлерин автоматтык түрдө аныктап, төлөмдүн тарифин көрсөтөт. Автомобиль айдоочулар төлөмдөрдү ошол Сосновка жана Кара – Көл постторунда жайгашкан терминал аркылуу накталай акча, же болбосо карточкалар менен төлөшөт, ошондой эле радиочастоталык (RFID) белгиси менен оператордун катышуусуз эле автоматтык түрдө айдоочунун эсебинен төлөмдөр кабыл алынып, автомобиль токтоосуз өтүп кете берет. Ишкананын тоннелдер кызматынын 75 кызматкеринен 27 адам (36%) кыскарды, 2730,18 миң сом эмгек акысы үнөмдөлдү.
Ал эми министрликтин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак- тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги тарабынан «Электрондук транспорттук контроль» автоматташтырылган информациялык системасы республика боюнча 14 транспорттук контроль пунктарына орнотулду. Азыркы учурда калган 13 транспорттук контроль пунктарына орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Алардан тышкары Дүйнөлүк банктын жардамы менен 5 транспорттук контроль пунктарына“Betamont” динамикалык салмак – тыш өлчөм контролдоо системалары орнотулду. Ошондой эле 2019 – жылдын башталышынан бери Агенттикте мызам бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилди. Реестрде автотранспорт тармагындагы мыйзам бузуу фактары электрондук түрдө сакталып, алар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин базасына да жөнөтүлүп турат. Андан тышкары “Адам ресурстарын башкаруу” автоматташтырылган информациялык система да өздөштүрүлө башталды, анын жардамы менен кадрлар резервтери, кадрларга муктаждыктар жана башка мамлекеттик кызмат боюнча маалыматтар электрондук түрдө сакталып, жарыяланат. Жолгору көрсөтүлгөн автоматташтырылган системаларды ишке киргизүүнүн негизинде Агенттиктин кызматчыларынын саны 58 штаттык бирдикке же 10,5 пайызга кыскартылды, эмгек акы боюнча үнөмдөө 3523,34 миң. сомду түздү.
Жогоруда көрсөтүлгөн заманбап цифралык технологиялар тармактын ишинде адам факторлорун кыйла ылдыйлатууга мүмкүнчүлүк берет, адамдардын субъективдүү кийлигишүүсүн кыскартуу, алардын ишиндеги мүмкүн болгон коррупциялык тобокелчиликтерге бөгөт коюулат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги мындан ары да Кыргыз Республикасында антикоррупциялык Мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча тиешелүү иш – чараларды алып барып, мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдү минимизациялоо жана болтурбоо маселелиринин үстүндө тыгыз иштейт.