mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы №162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Автомобиль жолдорун тейлөө жана оӊдоо, ошондой эле жол-оӊдоо жумуштарын уюштуруу менен мерчемдөөнү майнаптуу жүзөгө ашыруу, жол-оӊдоо жумуштарын аткарууда эмгектик жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча жумуштардын түрлөрү менен курамын аныктоо максатында, буйрук кылам:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде бекитилген, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы №162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу  жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

төмѳнкүдөй мазмундагы 1-1 пункт менен толукталсын:

«1-1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн классификациясы бекитилсин. ».;

жогорудагы буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу  жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жободо:

  • 9-пункту «автомобиль жолдоруна (мындан ары-автомобиль жолдору) деген сөздөрдөн кийин”, ушул Жобонун тиркемесине ылайык» деген сөздөр менен толукталсын;
  • 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«Эгерде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оӊдоо жана тейлөө үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар талап кылынгандан төмөн болсо, жол чарбасын башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган иш түрлөрүнүн алгылыктуулугун аныктайт.».

  1. Автомобиль жолдор башкармалыгына:

— ушул буйрук бекитилген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны «Эркин Тоо» гезитине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;

— ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

— ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.

  1. Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго катоодон өткөн күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун  камсыздасын.
  2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.

 

 

Министр                                                            Ж.К. Калилов

Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана жол министрлигинин

2017-жылдын 2-майындагы

№ 162 буйругуна тиркеме

 

 

Автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн классификациясы

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Ушул Классификация жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүн аныктайт.
  3. Классификация жол-оӊдоо жумуштарынын көлөмдөрүн негиздөө жана автомобиль жолдорун оӊдоо менен тейлөөнү ченемдик каржылоону эсептөө үчүн колдонулат.
  4. Ушул Классификацияда төмөнкү аныктамалар колдонулат:

1) жол кийиминин кызмат кылуусунун оӊдоо ортосундагы мөөнөтү – бул жолду куруудан, реконструкциялоодон же капиталдык оӊдоодон соӊ эксплуатацияга берүү учурунан кийин кезектеги капиталдык оӊдоого чейинки,  жол курулушунун көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулоосу (күчтөнүүсү) менен байланышкан мезгил. Автомобиль жолунун долбоорлук керектөөчүлүк касиеттеринде жана жолду техникалык ченемдерге шайкеш тейлөөдө жана автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун эрежелери сакталса, жол кийиминин оӊдоо ортосундагы кызмат кылуу мөөнөтү 17-19 жылга барабар;

2) автомобиль жолунун керектөөчүлүк касиеттери – жолдун жолду пайдалануучулардын кызыкчылыктарын чагылдыруучу унаалык-эксплуатациялык көрсөткүчтөрү: кыймылдын үзгүлтүксүздүгү, ыӊгайлуулугу жана коопсуздугу, өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана кыймылга жүктөлүү деӊгээли, жол берилүүчү ылдамдык, автомобилдердин кыймыл үчүн уруксат этилген окко оордугу, жалпы салмагы жана өлчөмдөрү, жолдун экологиялык коопсуздугу жана эстетикалык касиеттери;

3) автомобиль жолун реконструкциялоо – аларды аткарууда автомобиль жолунун көрсөткүчтөрүн өзгөртүү жүзөгө ашырылуучу, автомобиль жолунун классын жана (же) категориясын өзгөртүүгө алып баруучу, же өз артынан автомобиль жолунун бөлүү тилкелерин өзгөртүүнү алып келүүчү жумуштардын комплекси;

4) автомобиль жолун тейлөө – автомобиль жолунун ченемдик техникалык абалын колдоо боюнча, ошондой эле жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштардын комплекси;

5) орто оӊдоо – жол жабуусунүн жешилген үстүӊкү катмарынын ордун толтуруу боюнча, жолдун жана жол курулмаларынын баштапкы эксплуатациялык сапаттарын калыбына келтирүү менен байланышкан жумуштарды мезгил-мезгили менен аткаруу;

6) автомобиль жолун учурдагы оӊдоо – автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштардын комплекси, аларды аткарууда автомобиль жолунун ишенимдүүлүгү менен коопсуздугунун курулуштук жана башка мүнөздөмөлөрү өзгөрүлбөйт.

  1. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө факт жүзүндө бөлүнгөн акча каражаттары жолдор менен жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалын текшерүүнүн жана диагностикалоонун материалдарынын негизинде аныкталган жүргүзүлүүчү оӊдоо иштеринин түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.
  2. Жолдорду реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын классификациялануучу түрлөрү, жол тармагында иштеп жаткан стандарттардын талаптарына шайкештикте аткарылат.

 

  1. Жолдорду жана жол курулмаларын реконструкциялоодогу, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодогу жана тейлөөдөгү оӊдоо жумуштарынын түрлөрү жана курамы

 

  1. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын реконструкциялоо.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын реконструкциялоо автомобиль жолунун, анын тилкелеринин көрсөткүчтөрүн өзгөртүү боюнча, автомобиль жолунун классын жана (же) категориясын өзгөртүүгө алып баруучу, же автомобиль жолунун бөлүү тилкесинин чек араларын өзгөртүүнү алып келүүчү жумуштардын комплексин карайт.

Автомобиль жолун реконструкциялоодо анын өткөрүүчү жана көтөрүүчү жөндөмдүүлүктөрү айрым тилкелерде мерчемди жана узата кеткен профилди өзгөртүү, жол кийимин, жол көтөрмөсүн жана жол курулмаларын түп тамырынан бери реконструкциялоо жолу менен, кыйла жогору категорияга өткөрүү менен көбөйтүлөт, мында жолдун көрсөткүчтөрү менен мүнөздөмөлөрү өсүп жаткан жана келечекке болжолдонгон кыймылдын интенсивдүүлүгүндө жолдун жана жол курулмаларынын керектөөчүлүк касиеттерине карата ченемдик талаптарды кезектеги реконструкциялоого чейин камсыздоого жол берүүчү деӊгээлге чейин жогорулатылат.

Реконструкциялоо жол түйүнүн өнүктүрүү менен өркүндөтүүнүн өзүнчө этабы болуп саналат да, автомобиль жолун реконструкциялоодогу жумуштардын түрлөрү аныкталган тартипте бекитилген жумушчу (долбоорлук) документацияга ылайык жүргүзүлөт.

 

  1. Автомобиль жолдорун капиталдык оӊдоо.

Автомобиль жолдорун капиталдык оӊдоо жолдун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалын жогорулатуу, жеке алганда, жол жабуусун жана жол курулмаларынын бекемдигин жолдун техникалык категориясынын ченемдеринин чектеринде арттыруу менен байланышкан жумуштарды мезгил-мезгили менен аткарууну карайт.

Капиталдык оӊдоого жатуучу жолдун тилкелери, кызмат кылуунун оӊдоо ортосундагы мөөнөтүнүн жана жолду диагностикалоонун натыйжаларынын негизинде аныкталат.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын капиталдык оӊдоо автомобиль жолунун курамында туруучу, аныкталган тартипте экспертизадан жана бекитүүдөн өткөн долбоорлук (долбоорлук-сметалык) документацияга ылайык капиталдык оӊдоого багытталуучу бардык объектилерге комплексте аткарылат.

Капиталдык оӊдоодо мерчемде да, узата кеткен профилде да жолду айрым бир түздөөлөрдү, жолдун оӊдолуп жаткан тилкесинин жалпы узундугунун 25%ы узундугунда, жүргүзүүгө уруксат кылынат.

Көпүрөлөр менен кесилишкен жердеги көпүрөлөр, ошондой эле жолду эксплуатациялоо уюмунун имараттар менен курулмалар комплекси, оӊдоо ортосундагы кызмат кылуу мөөнөттөрүнүн жана аларды диагностикалоонун негизинде капиталдык оӊдоого өзүнчө багыттала алышат.

Капиталдык оӊдоодо төмөнкү жумуштар аткарылат:

1) жол көтөрмөсү (земполотно) жана суу бургуч боюнча:

— жол көтөрмөсү анын геометриялык көрсөткүчтөрүн оӊдолуп жаткан жол үчүн аныкталган техникалык категорияга шайкеш келүүчү ченемдерге жеткирүү менен оӊдоо (кеӊейтүү, көтөрүү, кыртышын алмаштыруу, көрүнүүсүн камсыздоо, бурулуштардын радиустарын көбөйтүү, узата кеткен эӊкейиштерди жапыздатуу, вертикалдуу ийри сызыктар менен имерилиштерди куруу), жолдун айрым тилкелерин түздөө;

— жер көчкүлүү, жол көтөрмөсү көөп кеткен жерлерди жана жалдуу тилкелерди жоюу, дренаждарды, изоляциялоочу катмарчаларды куруу жана башка жол көтөрмөсүн туруктуулугун камсыздоочу жумуштарды аткаруу;

— иштеп жаткан суу бургуч курулуштарды, жээкти коргоочу жана эрозияга каршы курулмаларды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо, ошондой эле зарыл болгон жаӊыларын куруу;

— автомобиль жолдорунун кесилиштеринде жана тутумдашууларында жол көтөрмөсүн жана суу бургуч тутумун куруу, ошондой эле автомобилдердин токтоосу, токтотуучу жайы үчүн аянтчаларды, аялдама павильондорун жана аялдама чөнтөктөрүн, автомобиль жолдорунун жүрүүчү бөлүгүнөн тышкары аларга карай өтүүчү-ылдамдык тилкелерин куруу менен эс алуу аянтчаларын куруу;

— жолдорду капиталдык оӊдоо боюнча жумуштар аймагынан орун алган жол боюндагы резервдерди, жолдордун жок кылынуучу тилкелерин рекультивациялоо;

— суу ташкыны, селдер, нөшөрлөр жана башка стихиялуу талкалоолордун кесепеттерин жок кылуу;

2) жол кийимдери боюнча:

— жол кийимдерин күчтөнтүү (жоонойтуу), кеӊейтүү (бир кыймыл тилкесинен көп эмес) жана жол жабуусун регенерациялоо жана колдо бар жол кийимдерин негиздер катары колдонуу менен куруу, ошондой эле жол кийимдерин жолдордун кайра курулуп (түздөлүп) жаткан тилкелеринде жана калктуу пункттардын айланма жолдорунда жана аларга кире бериштерде реконструкциялоо, жол кийимдерин унаа түйүндөрүндө, инженердик курулуштарда, тротуарларда, өтмө жана велосипед жолчолорунда, автобус аялдамаларында жана аялдама чөнтөктөрүндө, эс алуу аянтчаларында жана автоунаа токтоочу жайларда, ошондой эле аларга карай өтүүчү-ылдамдык тилкелеринде куруу;

— шагыл төшөлмөлөрдүн, ошондой эле топурак жолдордун профилин жаӊы материалдарды кошуу менен оӊдоо, жүрүүчү бөлүгүн туташтыруучу, бириктирүүчү материалдар менен жакшыртуу;

— жаӊы бордюрлар менен төшөлмөлөрдүн четтериндеги, анын ичинде жол кийиминдеги бекемдөөчү тилкелерди куруу жана эскиргендерин алмаштыруу;

3) жасалма курулмалар боюнча:

— толугу менен же жарым-жартылай, кеӊейтүү жана күчтөнтүү менен көпүрөлөрдү, анын ичинде жөө кишилер үчүн, кесилишкен жерге салынган көпүрөлөрдү, алардын өлчөмдөрүн жана көтөрүүчү жөндөмдүүлүктөрүн эсептелген оордукка жеткирүү менен куруу, реконструкциялоо (көпүрөнү жаӊы устундарды кошумчалоосуз өлчөмүн кеӊейтүү менен; өлчөмүн кеӊейтүү жана ригелди көбөйтүү жана күчтөнтүү жаӊы устундарын кошумчалоо менен; өлчөмүн кеӊейтүү, бир тарабынан же эки тарабынан таянычты көбөйтүү жаӊы устундарын кошумчалоо менен оӊдоо);

— металл көпүрөнүн башкы устундарынын жана фермаларынын элементтерин түздөө жана күчтөнтүү;

— көпүрөнүн металл арасы ачык курулмаларын алмаштыруу;

— көпүрөнүн жүрүүчү бөлүгүн алмаштыруу;

— суу өткөргүч түтүктү куруу жана реконструкциялоо;

— түтүктөрдүн тогоолорун, учтарын алмаштыруу жана түтүктөрдү бекемдөө;

— түтүктөрдүн бузулган шакектерин алмаштыруу;

— жаӊы шакектер менен учтардын эсебинен түтүктүн узундугун өстүрүү;

— тирөөч дубалдарды, коргоочу бекемдөөчү жана жөнгө салуучу курулмаларды куруу жана калыбына келтирүү;

— кайра курулган жана жаӊы курулган көпүрөлөрдү сыноодон өткөрүү;

— тоолуу жолдордогу тоннелдердин, коргоочу галереялардын жана бастырмалардын түзүүчү элементтерин оӊдоо жана алмаштыруу, ошондой эле убактылуу галереялар менен бастырмаларды туруктууларына алмаштыруу;

4) эксплуатациялык уюмдун имараттары, көмөкчү курулмалары жана өндүрүштүк базалары боюнча:

имараттарды тышкы дубалдарынын чектеринде ички кайра мерчемдөө, колдо бар имараттарга көмөкчү-жардамчы жана санитардык-тиричиликтик бөлмөлөрдү улап куруу;

— имараттардын дефекттери менен бузулууларын оӊдоо, дубалдар менен жабуулардын материалдарын 40%га чейин алмаштыруу менен, жыгач пайдубалдарды туруктууларга алмаштыруу;

— борбордук жылытууну, суу менен жабдууну, газификацияны, канализацияны, электр менен жарыктантууну куруу жана колдо бар түйүндөргө, газөткөргүчтөргө жана байланыш сызыктарына кошуу;

— короодогу курулуштарды куруу (сарайларды, үч машинага чейин гараждарды, кампаларды, кудуктарды, акыр-чикир чуӊкурларын жана ушул сыяктууларды), короонун жана бакчанын жасалгалуу кашааларын, имараттардын наркынын 25%ынан ашпаган наркта;

— жолдорду оӊдоо боюнча жумуштар үчүн зарыл, убактылуу имараттар менен курулмаларга каралган сметалык суммалардын чектериндеги, убактылуу имараттарды жана көмөкчү курулмаларды куруу (битумдук, таш майдалоочу, асфальт-бетондук, цемент-бетондук базалар),  жолдорду капиталдык оӊдоо боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу орундарында убактылуулардын ордуна туруктуу типтеги турак үйлөрдү куруу, мындай үйлөрдү андан ары жолду эксплуатациялоо уюмунун сызыктагы жумушчуларын жайгаштыруу үчүн колдонуу максатында;

5) жолдорду жасалгалоо жана жакшыртуу, кыймылды уюштуруу, байланыш объектилери жана жолдорду жарыктандыруу боюнча:

жолдорду же алардын айрым тилкелерин архитектуралык тариздөө жана жакшыртуу;

— аялдамалык, түшүрүүчү аянтчаларды жана автопавильондорду куруу;

— эс алуу аянтчаларын, автомобилдер токтоочу аянтчаларды же токтотуучу жайларды, аларга карай өтүүчү-ылдамдык тилкелерин куруу менен аялдама чөнтөктөрүн, жөө кишилер үчүн өтмөлүктөрдү (анын ичинде түрдүү деӊгээлдерлеги), ошондой эле жолдордун калктуу пункттардын чектеринде өтүүчү тилкелеринде коопсуздук аралчаларын, тротуарларды, жөө кишилер үчүн жолчолорду куруу;

— капиталдык оӊдоо жүргүзүлүп жаткан тилкелерде жаӊы тоскоол кашааларын, багыттоочу түзүлүштөрдү жана жол белгилерин орнотуу же алмаштыруу;

— автомобиль жолдорунун бир же түрдүү деӊгээлдердеги кесилиштер менен тутумдашууларды, ошондой эле бүткүл жолдогу же анын тилкелериндеги айрым кесилиштерди, ылдый түшүүлөрдү жана имерилиштерди, жол уюмунун имараттарына кире бериштерди жаӊыдан куруу жана реконструкциялоо;

— жолдун, анын айрым элементтеринин, курулмаларынын жана ал боюнча өтүүчү унаа агымдарынын иштөөсүн изилдөө үчүн зарыл болгон кыймылды эсепке алуу боюнча пункттарды, кар өлчөөчү жана суу өлчөөчү постторду куруу жана жабдуу;

— курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;

— зарыл коммуникациялык түйүндөргө кошуу менен, унаа каражаттарынын кыймылын текшерүү жана байкоо жүргүзүү үчүн өлчөөчү приборлорду, жабдууларды жана программалык камсыздоону орнотуу;

— кайтарууну талап кылуучу стратегиялык маанилүү объектилерде кайтаруу тутумун жана видео байкоону орнотуу.

 

  1. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын орто оӊдоо

Орто оӊдоо жолдун жана жол курулмаларынын баштапкы эксплуатациялык сапаттарын калыбына келтирүү менен байланышкан жумуштарды мезгил-мезгили менен аткарууну алдын ала караштырат.

Орто оӊдоодо жол төшөлмөлөрүнүн жешилген катмарын жана текшилигин мезгил-мезгили менен калыбына келтирүүнү, ошондой эле жол көтөрмөсүн, суу бургучтун, жасалма, коргоочу, бекемдөөчү, жөнгө салуучу жана башка жол курулмаларынын бузулган жерлерин оӊдоону жүргүзүшөт.

Реконструкциядан жана капиталдык оӊдоодон кийин орто оӊдоодон өтүүчү жолдор кызмат кылуунун оӊдоо ортосундагы мөөнөтүнүн жана жолду диагностикалоонун натыйжаларынын негизинде аныкталат.

I — IV категориядагы автомобиль жолдорунун жол жабуусун орто оӊдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн оӊдоо ортосундагы мөөнөттөрү 5-7 жылды түзөт.

Кызмат кылуунун оӊдоо ортосундагы мөөнөтү жол кийиминин үстүнкү катмары жешилген катмарды төшөө учурунда:

— асфальтобетон аралашмасы жана шагыл-мастикалуу асфальт-бетондон (ШМА), полимердүү кошулмалары бар асфальт-бетондор үчүн иштерди жүргүзүү мөөнөтү 7 жылды түзөт;

— жолдун үстүнкү катмарын бодурлоо (ШПО) үчүн иштерди жүргүзүү мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Орто оӊдоо боюнча жумуштардын көлөмдөрү жолдорду диагностикалоонун натыйжаларынын жана дефекттердин ведомостторунун негизинде түзүлүүчү сметалык эсеп менен аныкталат, ал эми техникалык жактан татаал жумуштар – өзүнчө долбоорлор боюнча аныкталат.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын орто оӊдоодо төмөнкү жумуштарды аткарышат:

1) жол көтөрмөсү жана суу бургуч боюнча:

— жол көтөрмөсү нымдуу, кар топтолчу жерлердеги узундугу кыска жерлерин көтөрүү жана кеӊейтүү, жолдордун айрым тилкелериндеги 50 м2 тан ашпаган кичинекей өӊгүл-дөӊгүл жерлерин жоюу;

— иштеп жаткан суу бургуч арыктарын тазалоо, жаӊы арыктарды казуу, бузулган жерлерин оӊдоо жана үйүлгөн топурактардын (шагылдардын) жана чуӊкурлардын жантаймаларынын тиктигин азайтуу, дренаждык, коргоочу жана бекемдөөчү түзүлүштөрдү, суу бургуч курулмаларды жана көпүрөлөр менен түтүктөрдүн оозундагы буруучу нуктарды оӊдоо, чөптөрдү эгүү;

2) жол кийимдери боюнча:

— асфальтобетон төшөлмөсүнүн жешилген үстүӊкү катмарын калыбына келтирүү жана айрым бир көөп кеткен жерлердеги жол жабуусун колдо бар жол жабуусуналып салуу жана кыртышты турукташтыруу менен куруу;

— дөмпөктөрү, арыктары, жалдары бар асфальтобетон төшөлмөнү жаӊы материал кошумчалоо менен керкилөө же кайра калыбына келтирүү (регенерациялоо);

— шагыл төшөлмөлөрдүн, ошондой эле топурак жолдордун профилин бир километр жолго 500 кубометр өлчөмүндө материалдарды кошумчалоо менен калыбына келтирүү;

— шагыл жана топурак жолдордун жүрүүчү бөлүгүн бириктирүүчү жана чаӊдан арылтуучу материалдар менен жакшыртуу;

— кыймыл үчүн коркунучтуу ийри сызыктарда имерилиштерди куруу жана көрүнүүнү камсыздоо;

— оӊдолуп жаткан тилкелердеги жүрүүчү бөлүктү белгилөө;

— 3) жасалма курулмалар боюнча:

— деформациялык жиктердин астындагы суу бургуч ноону калыбына келтирүү;

— суу бургуч түтүктөрдү оӊдоо (түтүктөрдү узартуу же кошумча түтүктөрдү орнотуу);

— гидроизоляциянын тротуарга тутумдашкан жериндеги төшөмөдөгү жиктерди бүтөө жана аларга мастика куюу;

— суу бургуч түтүктөрдөгү изоляцияны оӊдоо;

— көпүрөнүн бири-бирине ашташкан түйүндөрүн 10 сантиметрден көбүрөөк чөккөндө топурак (шагыл) төгүп оӊдоо (шагылды жеткире төгүү менен кошумча төшөмөнүн эсебинен теӊдеп чыгуу);

— үйүлгөн топурак (шагыл) менен ашташкан четки тротуар такталарын алмаштыруу;

— жол кийимин калыбына келтирүү менен өтмөлүк такталардын айрым жылышууларын ордуна келтирүү;

— өтмөлүк такталардын астындагы кыртыш жуулуп кеткенде такталарды ачуу менен кыртыш төгүп чыгуу;

— болот элементтери бар деформациялык жиктердин тетиктерин жарым-жартылай алмаштыруу;

— жумуштар жол кийиминин деӊгээлинде аткарылып жатканда, жабык типтеги мастика же резина толтургучу бар деформациялык жиктерди алмаштыруу;

— тротуарлардагы деформациялык жиктерди алмаштыруу;

— тротуардын төшөлмөсүн теӊдеп чыгуу, жаӊы төшөлмө куруу;

— тротуардык блоктордогу чоӊ тешиктерди бүтөө, тротуардын фасадын коргоочу төшөлмө менен иштетүү;

— тротуардык блоктордогу айрым сыныктар менен жаракаларды бүтөп чыгуу;

— тротуардык блоктордун ашташкан жерлерин чегелөө жана изоляциялоо;

— тротуарларды калыбына келтирүү, айрым бир бузулган блокторду күчтөнтүү же алмаштыруу;

— тротуардык такталардын тешиктерин бүтөп чыгуу;

— изоляция куруу же тротуарларга асфальтобетон төшөө;

— айрым секцияларды оӊдоо, перилалардын айрым тирөөчтөрүн анкерлөөнү күчтөнтүү;

— көпүрөлүк курулманын бүткүл узундугу боюнча же анын бир бөлүгүндө перилаларды алмаштыруу;

— перилалардын тирөөчтөрүн бекитүү түйүндөрүн жаӊы анкерлөө менен алмаштыруу;

— бетон курулмалардын (такталардын, устундардын кабыргаларынын, аркалардын жана башка элементтердин) бардык бетин гидроизоляциялоо же сырдоо;

— диафрагмалардын жиктерин оӊдоо;

— көпүрөлөр менен кесилишкен жерлердеги көпүрөлөрдү жарым-жартылай реконструкциялоо же оӊдоо, ошондой эле суу өткөргүч түтүктөрдү алардын өлчөмдөрү менен эсептелген оордуктарын оӊдолуп жаткан жол үчүн аныкталган, техникалык документация менен бекитилген тиешелүү техникалык категорияга жеткирүү менен толук же жарым-жартылай реконструкциялоо;

— көпүрөлөрдө татаал эмес оӊдоо жумуштарын аткаруу (төшөлмөлөрдү, устун клеткаларын, айрым түйүндөр менен элементтерди  алмаштыруу, курулма дубалдарды, топурак төшөлмө менен ашташууларды оӊдоо ж.б.у.с.);

— алдын ала-чыӊдалган темир-бетон жана металл арасы ачык курулуштардагы курулуш өрлөрүн текшерүү;

— көпүрөнүн жүрүүчү бөлүгүндөгү төшөмөлөрдү калыбына келтирүү же алмаштыруу;

— тротуардык блоктордогу жылчыктарды чегелөө, тротуарларга төшөмөлөрдү төшөө;

— кашааларды оӊдоо же реконструкциялоо;

— деформациялык жиктерди материалдарын жана түзүлүштөрүн алмаштыруу менен оӊдоо;

— оӊдоо жана гидроизоляциялоо;

— тротуарларды, перилаларды, бордюрларды оӊдоо жана алмаштыруу;

— көпүрөнүн жүрүүчү бөлүгүндөгү суу бургучту жакшыртуу, суу бургуч түтүктөрдү жана терезелерди алмаштыруу;

— темир-бетон курулмалардын фасаддык беттерин гидроизоляциялоо, башкы устундардын беттерин сырдоо;

— жаракаларды үстүрт герметизациялоо, көӊдөйлөрдү, сыныктарды бүтөө, көпүрөнүн темир-бетон элементтеринин коргоочу катмарын калыбына келтирүү;

— металл арасы ачык курулмаларды текши сырдоо;

— устундарды бири бири менен бириктирүүнү калыбына келтирүү;

— дренажды жана суу бургучту, көпүрөнүн үйлгөн топурак (шагыл) менен ашташууларын өтмөлүк такталарды алмаштыруу менен оӊдоо;

— топурак көтөрмөнүн жантаймаларынын жана жөнгө салгыч курулмалардын чыӊдоолорун оӊдоо;

— тирөөчтөрдүн жана жөнгө салгыч курулмалардын оюктарын жоюу;

— металл арасы ачык курулмалардагы айрым элементтерди күчтөнтүү, өтмө фермалары бар көпүрөлөрдөгү кашаанын элементтерин түздөө;

— бекемдиги жогору болтторго бөрктөрдү алмаштыруу;

— тирөөч-таяныч бөлүктөрдү оӊдоо жана долбоорлук абалын калыбына келтирүү;

— таяныч аянтчалардагы ноолорду оӊдоо жана калыбына келтирүү;

— ачык курулуштардын жана тирөөчтөрдүн кароол түзүлүштөрүн оӊдоо жана калыбына келтирүү;

— тирөөч-таянычтардын денесин оӊдоо;

— темир-бетон ачык курулуштардын тирелген жерлериндеги тирөөч бөлүктөрдү күчтөнтүү;

— түтүктөрдүн айрым тогоолору менен учтарын алмаштыруу же оӊдоо, изоляцияны жана жиктерди оӊдоо;

— тирөөчү дубалдарды, бекемдөөчү жана жөнгө салуучу курулмаларды, галереяларды жана бастырмаларды оӊдоо, ошондой эле алардын айрым элементтерин алмаштыруу;

4) жолдорду, кыймылды уюштуруу, байланыш, жарыктандыруу объектилерин жасалгалоо жана жакшыртуу боюнча:

— жолдордун калктуу пункттар аркылуу өткөн тилкелеринде жаӊы тротуарларды жана жөө кишилер үчүн жолчолорду куруу жана иштеп жаткандарды оӊдоо;

— оӊдолуп жаткан тилкелерде жаӊы өзүнчө кашааларды куруу, жаӊы жол белгилерин жана багыттоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана эскилерин алмаштыруу (калыбына келтирүү), кашааларды, эс алуу аянтчаларын, автомбиль токтотуучу жайларды, көзгө түшөрлүк кызыктуу жерлерди, айрым түйүндөрдү архитектуралык тариздөө менен жакшыртууну кошо, оӊдоо;

— зарылдыгы болгондо, карды тосууга эсептер менен негизделген туруктуу кардан коргоочу дубалдарды орнотуу;

— тик ылдый түшүүлөр менен кесилиштерди, жайкы жана трактор жолдорун оӊдоо;

— сигнализацияны, жол кыймылын уюштуруу объектилерин (жол чырактарды, электрондук жана жол белгилерин, маалыматтык таблолорду), байланыш жана жарыктандыруу каражаттарын орнотуу жана оӊдоо;

— жол маалыматтык тутумдары менен комплекстерин, жекече долбоорлонгон белгилер менен таблолорду, жол кыймылын диспетчердик жана автоматташтырылган башкаруу элементтери менен тутумдарын; алмаштырма маалыматы бар аралыктан башкарылуучу белгилер менен таблолорду, жол чырак объектилерин калыбына келтирүү;

— автожолдорду жакшыртуу элементтерин (автопавильондорду, тирөөчү дубалдарды, маалыматтык паннолорду жана башка курулмаларды) оӊдоо;

5) жолдун эксплуатациялык абалын калыбына келтирүүнү жана унаа каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу жумуштун башка түрлөрү.

 

  1. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оӊдоо.

Учурдагы оӊдоо жолдун жана жол курулмаларынын бузулууларынын алдын алуу оӊдоо боюнча жумуштарды аткарууну алдын ала караштырат. Ал жолдорду дефекттер ведомосттору боюнча карап чыгуулардын негизинде, каржылоо ченемдерине ылайык учурдагы оӊдоого бөлүнгөн каражаттардын чектеринде мерчемделет. Жумуштарды аткарууга сметалык эсептердин негизинде жол берилет.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оӊдоодо төмөнкү жумуштар аткарылат:

1) жол көтөрмө жана суу бургуч боюнча;

— жол көтөрмөнүн, суу бургучтардын, резервдердин, коргоочу, бекемдөөчү жана жөнгө салуучу курулмалардын айрым бузулууларын оӊдоо;

— жолдун четтерине топурак (шагыл) төгүү, айрым тилкелерде 1 километрге 100 кубометр көлөмүндө унаа каражаттарынын коопсуз кыймылын камсыздоочу топурак (шагыл) төгүү менен кесүү жана мерчемдөө;

2) жол кийимдери боюнча:

— чуӊкурларды бүтөө, арыктарды (колеяларды) жоюу, аӊ-чөнөктүүлүктү, оюлууну жоюу, жолдор үчүн жээктерди тегиздөө:

эл аралык маанидеги жолдун айрым бир оӊдолуп жаткан тилкесинде 80 тоннадан ашпаган же 500 м2 тан көп эмес жерге асфальт-бетон аралашмасын;

мамлекеттик маанидеги жолдун айрым бир оӊдолуп жаткан тилкесинде 150 тоннадан ашпаган же 1000 м2 тан көп эмес жерге асфальт-бетон аралашмасын;

жергиликтүү маанидеги жолдун айрым бир оӊдолуп жаткан тилкесинде 200 тоннадан ашпаган же 1400 м2 тан көп эмес жерге асфальт-бетон аралашмасын;

— жолдор үчүн асфальтобетон төшөлмөнүн үстүӊкү катмарын текши төшөө:

эл аралык маанидеги жолдун айрым бир оӊдолуп жаткан тилкесинде 200 тоннадан ашпаган же 1400 м2тан көп эмес жерге асфальтобетон аралашмасын;

мамлекеттик маанидеги жолдун айрым бир оӊдолуп жаткан тилкесинде 400 тоннадан ашпаган же 3000 м2 тан көп эмес жерге асфальтобетон аралашмасын;

жергиликтүү маанидеги жолдун айрым бир оӊдолуп жаткан тилкесинде 1200 тоннадан ашпаган же 9000 м2 тан көп эмес жерге асфальтобетон аралашмасын;

— жолдун үстүнкү катмарын бодурлоо (ШПО);

— төшөлмөлөрдүн бардык типтериндеги жаракаларды бүтөө жана айрым бордюрларды алмаштыруу;

— көөп кеткен жерлерди, чөгүп кетүүлөрдү, арыктарды жана аӊ-чөнөктүүлүктү жоюу боюнча мерчемдөөдө жумуштардын көлөмдөрү, жолдорду жазгы жана күзгү карап чыгуулардын натыйжаларынын маалыматтарына ылайык, автоунаанын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо үчүн зарыл санда кабыл алынат;

— жол көтөрмөнүн жана резервдердин жантаймаларына, туруктуу чым кыртышын түзүү боюнча зарыл агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү менен чөптөрдү эгүү, жемирилүүлөрдү, жер көчкүлөрдү жана сел агындыларын тазалоо;

— жол четтерине топурак (шагыл) төгүү, жол четтерин кесүү, мерчемдөө жана бекемдөө;

3) жасалма курулмалар боюнча:

— курулмалардын айрым элменттеринин (тирөөчү бөлүктөрдүн, перилалардын, тоскоол кашааларынын, төшөмөлөрдүн, тирөөчтөрдүн, таканчыктардын, тосмо дубалдардын, дренаж түзүлүштөрүнүн ж.б.у.с.) чоӊ эмес бузулууларын оӊдоо;

— көпүрөлөрдүн металл элементтерин жеринен сырдоо;

— курулмалардагы жаракаларды торкреттөө, кынамаларды, шыбакты оӊдоо, бөрктөрдү жарым-жартылай алмаштыруу;

— көпүрөлөрдүн, кесилиштердеги көпүрөлөрдүн жүрүүчү бөлүгүндөгү төшөмөнү оӊдоо, төшөмөдөгү жаракаларды бүтөө;

— өткөөл такталардагы ачмаларга тутумдашуу түйүндөрүн герметизациялоо;

— деформациялык жиктерди майда оӊдоо;

— деформациялык жиктердин ачылуусун болтторду тартуу менен жоюу;

— деформациялык жиктерди алдын ала эски мастикадан тазалоо менен аларга мастика куюу;

— деформациялык жиктерде (алар айрылган учурда) сыйгалак такталарды ширетүү, жетпеген серпилгичтерди орнотуу;

— деформациялык жиктердин механизмдери менен курулмаларын майда оӊдоо;

— деформациялык жиктер аймагындагы же жиктин үстүндөгү төшөмөнү алмаштыруу;

— тротуарлардын асфальт-бетон төшөмөсүндөгү жаракалар менен чуӊкурларды бүтөө;

— түтүктөрдүн айрым бузулган тогоолорун, учтарын, жантайма канаттарын, нуктардын кирүүчү жана чыгуучу чыӊдоолорун алмаштыруу жана оӊдоо, түтүктөрдүн ноолорун тегиздөө, таш сомолорду калыбына келтирүү;

— түтүктөрдүн гидроизоляциясын алардын тогоолору менен секцияларынын ортосундагы жиктерди толтуруу жана бүтөө менен оӊдоо;

— перилаларды бүткүл узундугу боюнча сырдоо;

— үйүлгөн топурактын (шагылдын) жана жөнгө салуучу курулмалардын айрым жуулуп кеткен жерлерин жоюу;

— көпүрөнүн үйүлгөн топурак (шагыл) менен ашташуусундагы оюктарды, бир эле мезгилде ошол жерлердеги сууну жоготуу менен төгүп бүтөө;

— тирөөчтөрдүн түбүндөгү жуулуп кеткен чуӊкурларды бүтөө;

— жыгач көпүрөлөрдүн элементтерин чириндиден тазалоо, тактайларын, төшөмөлөрүн алмаштыруу;

— металл арасы ачык курулмалардын айрым бөрктөрүн алмаштыруу, анча маанисиз деформацияларын оӊдоо;

4) эксплуатациялык уюмдардын жол имараттары, өндүрүштүк базалары, жол лабораториялары, короодогу курулуштары жана көмөкчү курулуштары боюнча:

— жол-эксплуатациялык уюмдардын имараттарына карай кирүүчү жолдорду 1 километрге 100 кубометр жаӊы материалдарды кошумчалоо менен оӊдоочу профилдөө;

— өндүрүштүк имараттарда, бөлмөлөрдө жана коммуникацияларда жасалгалоо жумуштарын жүргүзүү;

5) жолдорду, кыймылды уюштуруу, байланыш, жарыктандыруу объектилерин жасалгалоо жана жакшыртуу боюнча:

— эс алуу аянтчаларын жана жол жээгиндеги сервис объектилерине карай кирүүчү жолдорду бир километрге 100 кубометр жаӊы материалдарды кошумчалоо менен оӊдоочу профилдөө;

— жол кыймылынын коопсуздугу талаптарына ылайык жол кашааларын орнотуу;

— чуу тилкелерин, чуудан коргоочу экрандарды орнотуу жана оӊдоо.

Автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугу талаптарын эсепке алуу менен айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн колдонуу ыӊгайлуулугун камсыздоо максатында аялдама павильондорун, чакан архитектуралык формаларды, эс алуу аянтчаларын жана өтүүчү-ылдамдык тилкелерин куруу жана зарылдыгы болгондо аларды жарыктандыруу жана электр менен жабдуу, мында жумуштун көлөмдөрү техникалык документация менен аныкталат.

Текшерүүчү постторду, аркаларды жана башка металл курулмаларын же/жана темир-бетон буюмдарын, маалыматтык жол белгилерин орнотуу жана зарылдыгы болгондо аларды жарыктандыруу жана электр менен жабдуу, мында жумуштун көлөмдөрү техникалык документация менен аныкталат.

 

  1. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын кармоо.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын тейлөө боюнча жумуштар бүткүл жыл ичи үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылат.

Жолдорду жана жол курулмаларын тейлөө боюнча жумуштарды өз убагында жүргүзүү максатында, аларды визуалдык карап чыгуу жүзөгө ашырылат.

Жолдорду тейлөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында унаа каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылы камсыздалган болууга тийиш.

Тейлөө боюнча жумуштар долбоорлук документацияны түзүүнү талап кылбайт. Аларды жолдорду дефекттер ведомосттору боюнча карап чыгуулардын натыйжаларынын негизинде, бөлүнгөн каражаттардын чектеринде мерчемдешет.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын кармоо боюнча жумуштар жазгы-жайкы-күзгү-кышкы кармоого бөлүнөт.

Автомобиль жолдорун тейлөө боюнча жумуштардын курамына жыл ичинде күн сайын маалымат жыйноо, иштетүү жана берүү кирет:

1) автомобиль жолдорундагы өткөрүмдүүлүк жөнүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык камсыздоону кошо;

2) эринди жана ташкын сууларды өткөрүү мезгилиндеги жумуштар жөнүндө;

3) кыш мезгилиндеги кардан тазалоочу машиналар менен механизмдердин иштөөсү жөнүндө.

Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын жазгы, жайкы, күзгү тейлөөдө төмөнкү жумуштар аткарылат:

1) автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалына байкоо жүргүзүү;

2) жол көтөрмөсү жана суу бургуч тутуму боюнча:

— суу бургуч арыктарды жазында кардан, ал эми жайында агынды таштандыдан жана баткактан тазалоо;

— жол четтеринде, көөп кеткен жерлерди кургатуучу чуӊкурларды казуу жана көмүү;

— жантаймаларды мерчемдөө, чөптөрдү эгүү;

— чөптү чабуу жана чабылган чөптү жыйноо;

— жол четтериндеги жана жол көтөрмөсүнүн жантаймаларындагы бадалдарды, жапайы өсүндүлөрдү кыюу жана дарактарды жулуу;

— материал кошумчалоосуз жол четтерин жана сепме бермдерди мерчемдөө;

— айрым тилкелерде жол четтери менен бермдерди унаа каражаттарынын коопсуз кыймылын камсыздоочу 1 километрге 100 кубометр көлөмүндө себүү менен себүү, кесүү жана мерчемдөө;

3) бөлүү тилкеси боюнча:

— суунун агуусун камсыздоо үчүн бөлүү тилкесин мерчемдөө;

— бөлүү тилкесинде таштандыны жыйноо, аны жүктөө жана таштанды төкчү жайга чыгаруу;

— кыйылган материалды жыйноо менен жол кыймылынын коопсуздугуна таасир кылуучу дарактарды, бадалдарды, жапайы өсүндүлөрдү кыюу жана жулуу;

— бөлүү тилкесин чабуу жана чабылган чөптү жыйноо;

4) асфальтобетон төшөмөлүү жүрүүчү бөлүк боюнча:

— жүрүүчү бөлүктү тазалоо;

— жаракаларды бүтөө;

— аӊ-чөнөктүүлүктү жоюу, жаракаларды, оюктарды, чөгүүлөрдү бүтөө, жээктерди тегиздөө, бирок жолдун оӊдолуп жаткан тилкесинин 1 километрине 50 тоннадан көп эмес асфальтобетон жумшоо;

— жүрүүчү бөлүктү белгилөө;

— цементобетон төшөлмөлөрдү оӊдоо жана жиктерин толтуруу;

5) шагыл төшөлмөлүү жүрүүчү бөлүк боюнча:

— төшөлмөнү баткактан тазалоо;

— төшөлмөнү суу менен чаӊдан арылтуу;

— төшөлмөгө майда таш жана кесек чачуу, катунду жыйноо;

6) топурак төшөлмөлүү жүрүүчү бөлүк боюнча:

— пайда болгон чуӊкурларды, арыктарды, башка өӊгүл-дөӊгүлдөрдү жоюу үчүн төшөлмөнү профилдөө;

— тегиздөө – ири өӊгүл-дөӊгүлдөр пайда болгонго чейин жасалуучу алдын алуучу иш-чара;

— жолдорду хлордуу кальций, битум жана башка материалдар менен чаӊдан арылтуу;

— автомобиль жолдорунун өӊгүл-дөӊгүлдүү тилкелерин оӊдоо, көпшөк чуӊкурларды убактылуу тосуу, жол төшөмөсүнүн жана топурак көтөрмөсүнүн үстүнөн суу бургучту камсыздоо;

7) жолдорду, кыймылды уюштуруу, байланыш, жарыктандыруу объектилерин жасалгалоо жана жакшыртуу боюнча:

— жетишпеген белгилерди, кашааларды орнотуу, бузулууларын оӊдоо, жол белгилеринин калкандары менен кашааларын толук алмаштыруу, паннолорду орнотуу жана оӊдоо, жолду жасалгалоо элементтерин реставрациялоо;

— архитектуралык тариздөө жана жакшыртуу элементтеринин айрым бузуктары менен оӊ эместиктерин оӊдоо;

— автопавильондорду, сөрүлөрдү, жол белгилерин жана автомобиль жолдорун жакшыртуунун башка элементтерин сырдоо жана актоо, вертикалдуу жана горизонталдуу белгилөө түшүрүү;

— сөрүлөрдү, скамейкаларды орнотуу жана оӊдоо;

— эс алуу аянтчаларын жана жол боюндагы сервис объектилерине кирүүчү жолдорду өткөөл, топурак жана жакшыртылган кыртыш төшөмөлөр менен, жаӊы материалдарды кошумчалоосуз профилдөө;

— кашааларды жана белгилик мамычаларды, калкандарды дайыма кароо, бекемдөөлөрүн тартуу, калкандарын түздөө, чаӊ менен баткактан тазалоо;

— автобус аялдамаларын, эс алуу аянтчаларын, дааратканаларды, сөрүлөрдү, автопавильондорду мезгил-мезгили менен карап чыгуу, чаӊдан, баткактан жана таштандыдан тазалоо;

— кыймылды уюштуруу, байланыш жана жарыктандыруу боюнча каражаттарды кармоо, кам көрүү жана оӊдугуна байкоо салуу;

— жүрүүчү бөлүктөн жана жол четтеринен жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу сырткаркы предметтерди жыйноо;

— жолдорду, көпүрөлөрдү, кесилиштердеги көпүрөлөрдү, тоннелдерди, унаа кесилиштерин жана башка жол курулмаларын электр менен жарыктандыруу сызыктарын тазалыкта жана оӊ абалда кармоо, жаӊы лампалар менен чырактарды, өткөргүчтөрдү, кабелдерди, трансформаторлорду, жарыктандыруу тирөөчтөрүн жана электр менен жарыктандыруунун башка элементтерин монтаждоо жана бузулгандарын алмаштыруу, трансформаторлорду техникалык тейлөө, радиобайланышты жана технологиялык, белгилик чакыруучу байланыштын башка каражаттарын, кабель түйүнүн, ошондой эле жол чырак объектилерин, кыймылды уюштуруу каражаттарын тазалыкта жана оӊ абалда кармоо;

— кыймылды уюштуруу, байланыш, жарыктандыруу объектилеринин, анын ичинде жол жээгиндеги жабдуулардын айрым бузуктары менен оӊ эместиктерин оӊдоо;

— көмөкчү техникалык каражаттарды калыбына келтирүү;

— автоунаа каражаттарынын кыймылын текшерүү жана байкоо жүргүзүү үчүн өлчөөчү приборлорду, жабдууларды жана программалык камсыздоону кармап туруу жана оӊдоо;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кармоону жана оӊдоону жүзөгө ашыруучу унаа каражаттарынын кыймылын текшерүү үчүн навигациялык тутумду кармоо жана орнотуу;

8) жасалма курулмалар боюнча:

— буюртмачынын тапшырмасы боюнча жүрүүнүн коопсуздугунан чыгып перилалар менен тоскоол кашаалардын бузулууларын оӊдоо;

— перилалуу кашаанын сырдалган катмарын жеринен калыбына келтирүү;

— жүрүүчү бөлүктүн бордюр тосмосуна белгилөө түшүрүү;

— автожолдордун үстүндөгү кесилиш көпүрөлөрдөгү фасаддык устундардын ылдый жагына вертикалдуу белгилөө түшүрүү;

— автожолдордун үстүндөгү кесилиш көпүрөлөрдөгү тирөөчтөргө вертикалдуу белгилөө түшүрүү;

— жыйноочу техника өткөн соӊ тротуарлардын боюндагы жүрүүчү бөлүктү баткактан жана сырткаркы предметтерден тазалоо;

— кардан тазалоочу техника өткөн соӊ тротуарлардын боюндагы жүрүүчү бөлүктү кар менен муздан тазалоо;

— суу бургуч түтүктөрдү баткактан, таштардан жана кардан тазалоо;

— деформациялык жиктердин астындагы суу бургуч ноолорду агындылардан тазалоо;

— ачык типтеги деформациялык жиктердеги такталардын жылышуусу үчүн кобулдарды баткактан тазалоо;

— ачык типтеги деформациялык жиктердин татаал курулмаларынын механизмдерин тазалоо жана майлоо;

— тротуарларды баткактан, кардан, таштандыдан жана сырткаркы предметтерден тазалоо;

— суу өткөрүү үчүн тротуардык блоктордогу терезелерди тазалоо;

— көпүрөнүн жүрүүчү бөлүгү менен тротуардын ортосундагы тоскоол кашаанын ийри сызыктуу төрт кырлуу устунун астындагы мейкиндикти баткактан, кардан жана муздан тазалоо;

— перилалуу, тоскоол кашааны, жол белгилерин баткак менен кардан тазалоо;

— устундардын беттерин баткактан, агынды топодон, өсүмдүктөрдөн тазалоо;

— устундардын таяныч түйүндөрүн жууп чыгуу;

— таяныч бөлүктөрдү кардан, баткактан тазалоо;

— таяныч бөлүктөрдүн жумушчу беттерин майлоо;

— металл таяныч бөлүктөрдүн бекитүүчү болтторун тартуу;

— таянычтардын учтарын жана ферма астындагы тилкелерди таштанды менен баткактан, кар менен муздан тазалоо;

— жантаймалардын конустары менен чыӊдоолорун баткактан, чөптөн жана бадалдан тазалоо;

— көпүрө курулмаларын учурдагы жана мезгили менен карап чыгуулар;

— көпүрө аймагынан бадалдуу өсүмдүктөрдү 15-25 метр аралыкка, агымдан өйдө жана төмөн алыстатуу жана дарактарды кыюу, көпүрө аймагынын астын санитардык тазалоо;

— темир-бетон түтүктөрдүн тешиктерин тунмадан жана баткактан тазалоо;

— кичине көпүрөлөр менен түтүктөрдүн тешиктерин күзүндө жабуу жана жазында ачуу;

9) эксплуатациялык кызматтын имараттары, өндүрүштүк базалары, жол лабораториялары, короодогу курулуштары жана көмөкчү курулмалары боюнча:

— жол-эксплуатациялык уюмдардын имараттарына карай кирүүчү жолдорду жаӊы материалдарды кошумчалоосуз профилдөө;

— имараттарга, өндүрүштүк базаларга, жол лабораторияларына, короодогу курулуштарга жана көмөкчү курулмаларга тутумдуу кам көрүү (чатырларын, суу түшүүчү түтүктөрүн, морлорун тазалоо, суу өткөрүүчү жана канализациялык түзүлүштөрүн тазалоо жана башка жумуштар), жол уюмдарынын короолорун, чарбактарын жана имараттарына кире бериштерди тазалыкта жана тартипте кармоо, өрттөн коргоо, территорияны жарыктандыруу, суу, газ, жылуулук жабдуу, байланыш менен камсыздоо жана аларды оӊ абалда кармоо;

— айнектерди алмаштыруу, суу өткөргүч жана канлизациялык түйүндү, байланыш сызыктарын айрым элементтерин жарым-жартылай алмаштыруу менен оӊдоо, жылуулук менен жабдуу, желдетүү, жарыктандыруу тутумун жана электр жабдууларын оӊдоо;

10) кышкы кармоо боюнча жумуштарга киришет:

— тайгакка каршы материалдарды камдоо;

— тайгакка каршы материалдарды даярдоо;

— кардан коргоо каражаттарын (калкандарды, кашааларды, дубалдарды жана у.с.) жасоо;

— кардан коргоочу дубалдарды, калкандарды, панелдерди жана башка кардан коргоочу түзүлүштөрдү орнотуу, чечүү жана оӊдоо;

— жолдорду кардан кайгуулдук тазалоо, жолдорду күрткүдөн тазалоо, жолдордун жүрүүчү бөлүгүнүн кар жабуусун профилдөө, жол четтеринен, жантаймаларынан жана резервдерден кар жалдарын алып салуу;

— жол белгилерин жана тоскоол кашааларын кар күрткүсүнөн тазалоо;

— жүрүүчү бөлүктү фрикциялык, химиялык жана башка тайгакка каршы материалдар менен иштетүү, кийин талап кылынган мезгил өткөн соӊ аларды жүрүүчү бөлүктөн жыйноо;

— автобус аялдамаларын, пвильондорду, эс алуу аянтчаларын жана жол сервиси объектилерин кар менен муздан үзгүлтүксүз тазалоо;

— автомобиль жолдорунун боюнда карды тосуу үчүн кар жалдары менен траншейлерди түзүү;

— кар көчкүгө каршы иш-чараларды жүргүзүү;

— каткан муздар менен күрөшүү;

— жол техникасы токтотулуучу жайлар менен жылынуучу пункттарды жылуулук менен камсыздоо;

— тайгак жабуусу бар тилкелерде кыска убак иштөөчү жол белгилерин орнотуу;

— аба ырайы татаал шарттарда жол техникасынын, механизаторлордун күнү-түнү нөөмөткерлигин уюштуруу.

Автомобиль жолдорун жашылдандыруу кар жана кум ширендилеринен, эрозиядан коргоо жана архитектуралык-көркөмдүк тариздөө түзүү үчүн аткарылат. Жашылдандыруу өндүрүштүк базалардагы токой тилкелерин, жашыл тилкелерди, унаа түйүндөрүндөгү клумбаларды, гүлзарларды, газондорду кароону, аларды түзүүнү, калыбына келтирүүнү жана декорациялык тариздөөнү ичине алат.

Токой тилкелерин түзүүгө, калыбына келтирүүгө жана декорациялык тариздөөгө төмөнкү жумуштар киришет:

— кыртышты питомникке, дарак отургузууга даярдоо жана көчөттөрдү декорациялык тариздөө, өстүрүү;

— токой тилкелерин түзүү жана декорациялык тариздөө, анын ичинде өндүрүштүк базаларда дагы;

— токой тилкелерин толуктоо жана отургузуу жана декорациялык тариздөө;

— кудуктарды, скважиналарды, сугаруучу суу өткөргүчтөрдү жана дренаждоочу арыктарды куруу.

Унаа түйүндөрүндөгү клумбаларга, гүлзарларга, газондорго жана декорациялык тилкелерге кам көрүүгө төмөнкү жумуштар киришет:

— кыртышты даярдоо;

— көчөттү өстүрүү;

— отургузуу, сугаруу жана суюлтуу;

— отоо чөптөн арылтуу;

— күзүндө бир жылдык өсүмдүктөрдү жыйноо.

Башка жумуштарга киришет:

— жолдорду жана жол курулмаларын кароолчулук жана өрткө каршы кайтаруу;

— жолдордун абалын жана өткөрүмдүүлүгүн аныктоо максатында жолдорду кайгуулдоо, майда жумуштарды аткаруу (жол белгилерин оӊдоо, жүрүүчү бөлүктөн жана жол четинен жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу сырткаркы предметтерди жыйноо), жолдордо кырсыкка кабылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү;

— жол жээгиндеги тилкеде карантиндик өсүмдүктөр жана зыянкечтер менен химиялык жана механикалык күрөшүү.

 

  1. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын диагностикалоо жана байкоо жүргүзүү

Автомобиль жолдорун диагностикалоо жана байкоо жүргүзүү жолдордун унаалык-эксплуатациялык абалы, алардын иштөө шарттары жана факт жүзүндөгү керектөөчүлүк касиеттеринин, параметрлеринин, мүнөздөмөлөрүнүн ченемдик-укуктук актылардын, стандарттардын аныкталган талаптарына шайкештик даражасы жөнүндө толук, объективдүү жана ишеничтүү маалымат алуу үчүн, ошондой эле жолдорду реконструкциялоога, оӊдоого жана кармоого багытталган каражаттар менен материалдык ресурстарды майнаптуу колдонуу үчүн жүргүзүлөт.

Автомобиль жолдору менен жол курулмаларын диагностикалоо жана байкоо жүргүзүү боюнча жумуштардын курамына киришет:

— жолдор менен алардагы курулмаларды аларды кармоо сапатын баалоо менен тутумдуу (жазгы, күзгү жана ай сайын) карап чыгуулар;

— жолдорду жана алардагы курулмаларды техникалык деӊгээли менен унаалык-эксплуатациялык абалын баалоо менен визуалдык жана шаймандык текшерүү, жолдорду жана алардагы курулмаларды паспорттоштуруу;

— жолдордогу унаа кыймылынын интенсивдүүлүгү менен курамын эсепке алуу;

— жолдордун жана алардагы курулмалардын техникалык деӊгээли жана унаалык-эксплуатациялык абалы жөнүндө маалыматтар банкын калыптандыруу, дайыма жаӊылоо жана жумушчу абалда кармоо;

— объектилерди илимий-техникалык экспертизалоо жана инспекциялоо, анын ичинде: кечиктирилгис чечимдерди кабыл алууну талап кылуучу өзгөчө жана башка кырдаалдарда материалдар менен жумуштардын сапатын баалоо.

Жол-оӊдоо жумуштарын жүргүзүү жана каржылык ресурстарды мерчемдөө боюнча жумуштардын курамына киришет:

— жолдордун жана алардагы курулмалардын унаалык-эксплуатациялык абалы жөнүндө бирдиктүү маалыматтык банкты түзүү, администрациялоо жана башкаруу;

— жолдордун жана алардагы курулмалардын унаалык-эксплуатациялык абалы жөнүндө маалыматтык банкты  талдоонун негизинде кармоо жана оӊдоолор боюнча негиздөө;

— жолдор түйүнүнүн абалын божомолдоо жана жол-оӊдоо жумуштарынын учурдагы жана келечектүү мерчемдерин, анын ичинде жолдор түйүндөрүн кармоо мерчемдерин түзүү;

— жолдорду сактоо жана талап кылынган эксплуатациялык абалда кармоо үчүн керектүү каржылык ресурстарды мерчемдөө;

— жол кыймылынын коопсуздугун арттыруу жана жол-унаа кырсыктары көп болуучу жерлерди жоюу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

Жолдордо унаа кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыздоо боюнча жумуштардын курамына киришет:

— автоунаа агымдарынын кыймыл режимдерин, жолдорду белгилөө схемаларын, жол белгилеринин жана кыймыл ылдамдыктарынын дислокациясын иликтөө;

— ЖУК (жол-унаа кырсыгын) талдоо, ЖУК болгон жерлерди текшерүү, себептерин айкындоо жана жол кыймылынын коопсуздугу шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо;

— жолдордун кыймылдын коопсуздугу көз карашынан, көбүрөөк коркунучтуу тилкелерин айкындоо жана авариялуулуктун алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды иштеп чыгуу;

— бөлүү тилкесинин чектеринде курулуш жумуштарын жүргүзүүнү макулдашуу;

— автомобиль жолдору менен курулмаларынын коммуникациялар жана инженердик түйүндөр менен тутумдашуу жана кесилишүүлөрүндө техникалык шарттар менен макулдашууларды иштеп чыгуу.

Автомобиль жолдорунун жана алардагы курулмалардын сакталуусун камсыздоо жана аларды мөөнөтүнөн мурда эскирүүдөн сактоо боюнча жумуштардын курамына киришет:

— ири өлчөмдүү жана оор салмактуу унаа каражаттарынын өтүүсүнө уруксат кылуу;

— чоӊ жүктүү унаанын жол кийимдеринин жана андагы курулмалардын сакталгандыгына таасир кылуусун талдоо, жана чоӊ жүктүү унаанын кыймылын жагымсыз аба ырайы шарттарында, ошондой эле жол кийимдеринин бекемдиги жетишсиз, алсызданган тилкелерде чектөө же камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Автомобиль жолдорун жана алардагы курулмаларды оӊдоо менен кармоонун, аларды оӊдоо жана кароо технологияларын жана уюштурулушун кошо, ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү жана актуалдаштыруу боюнча жумуштардын курамына киришет:

— автомобиль жолдору менен алардагы курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, эксплуатациялоо боюнча, оӊдоо менен кармоону кошо, ченемдик-укуктук базаны жана ченемдик-техникалык документтерди текшерүүнү, жаӊылоону жана өркүндөтүүнү кошо, стандартташтыруунун келечектүү жана учурдагы  мерчемдерин калыптандыруу;

— автомобиль жолдорун жана алардагы курулмаларды куруу, оӊдоо жана кармоо боюнча жаӊы технологияларга, машиналарга жана жабдууларга ченемдерди, хронометраждык жумуштарды жүргүзүү менен иштеп чыгуу;

— технологиялар, материалдар, машиналар жана жабдуулар боюнча илим менен техниканын дүйнөлүк тажрыйбасын жана жетишкендиктерин, аларды автомобиль жолдорун жана алардагы курулмаларды оӊдоо жана кармоо практикасына киргизүү боюнча сунуштар менен корутундуларды иштеп чыгуу менен иликтөө;

— жаӊы материалдарды, конструкцияларды, технологияларды, машиналарды жана жабдууларды киргизүү боюнча тажрыйбалык-эксперименттик, тажрыйбалык-конструктордук жумуштар жана илимий-техникалык коштоо;

— автомобиль жолдору менен алардагы курулмаларды оӊдоо жана кармоо, аларды жумушчу абалда кармоо жаатындагы жумушчу программалык өнүмдөрдү өркүндөтүү;

— алардын узакка чыдамдуулугун жана үнөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында автомобиль жолдорун жана алардагы курулмаларды оӊдоо жана кармоо жаатындагы актуалдуу проблемалар боюнча изденүүчүлүк жана инновациялык жумуштар.

Автомобиль жолдорун жана алардагы курулмаларды эксплуатациялоону башкарууну уюштуруу, координациялоо, текшерүү боюнча жумуштардын курамына киришет:

— автомобиль жолдору жана алардагы курулмалар түйүндөрүн кармоо боюнча жол-оӊдоо жумуштарын аткарууну координациялоо жана жөнгө салуу;

— жолдорду жана алардагы курулмаларды мезгил-мезгили менен инвентаризациялоо, отчеттуулук түзүү;

— жолдорду тейлөөдө жана учурдагы оӊдоодо сапатты текшерүүнү уюштуруу, жол-оӊдоо жумуштарынын сапатын текшерүү жана камсыздоо тутумун өркүндөтүү, сапатты текшерүүнү шаймандык камсыздоо;

— объектилер менен мүлктүн сакталгандыгын камсыздоо жана кармоо.