mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу мареке ѳткѳрүлдү

2019-жылдын 23- сентябрында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинде “Кргыз тилинин Күнүнѳ” арналган иш чара болуп ѳттү.

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын жооптуу кызматкери Жакыбалиев Кутмырза, борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликке караштуу ишканалардын, департаменттердин жетекчилери катышышты.Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган иш чарада КР Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов куттуктоо сѳзү менен иш чараны ачып, кызматкерлерди эне тилди ѳнүктүрүүгѳ, колдоого жана ошондой эле министрликте болгон иш кагаздарын ѳз тилибизде жүргүзүүнү сунуштады. Ал эми Мамлекеттик тил комиссиясынын жооптуу кызматкери Жакыбалиев Кутмырза, жаш адистер кыргыз тилинин маданияттагы, иш кагаздарын жүргүзүүдѳгү, жаш муундарды тарбиялоодогу ѳзгѳчѳ ролу бар экендигин айтып ѳтүштү. Ошондой эле Мамлекеттик тил комиссиясынын ардак грамотасы менен Ногойбаева Нрбүбү, Нурлан уулу Мухтарбек жана Жаныбеков Нурбек сыйланды.
Андан соң Борбордук аппараттын жана ага караштуу мекеме- ишканалардын ѳкүлдѳрү ырларды, бийлерди аткарып улуттук тамак аш кѳрсѳтмѳсү болду.

КР Транспорт жана жол министри Ж.С.Бейшеновдункуттуктоо сөзү
Саламатсыздарбы, урматтуу кесиптештер!
Азыр биз 1989-жылдын 23-сентябрь күнү кабыл алынган Мамлекеттик тил күнүнүн30 жылдыгын белгилөө алдында турабыз.
Бул жылдардын аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө карата республикада көптөгөн иштер аткарылды.
Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги да мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, конституциялык беделин жогорулатуу, министрликтин кызматкерлерин мекенчилдикке тарбиялоодо өз салымын кошуп келатат.
“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” ишке-ашырууда кызматкерлердин компетенттүүлүгүн арттыруу, иш кагаздарын алып барууда сөз байлыгын, терминологиялык базасын кеңейтүү — азыркы учурдун талабы.
Ошого ылайык, кызматкерлердин мамлекеттик тилди өздөштүрүү деңгээли бир топ жогорулады. Анткени Министрлик ичинде жүргүзүлгөн документтер, арыздар ж.б. каттар мамлекеттик тилде аткарылат, коллегиялык жыйындар, аппараттык жыйындар ж.б. чогулуштар мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Министрликтин сайты мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө.
Менин айтайын дегеним, урматтуу кесиптештер, азыркы учурда көп тилде сүйлөө — мезгил талабы. Өзүбүздүн эне тилибизге кошуп, орус, англис, кытай, япон ж.б. тилдерди билүүбүз керек.
Ошонун ичинде мамлекеттик тилибиз болгон – өз эне тилибизди сыйлоо, барктай билүү биздин атуулдук милдетибиз.
Биздинтилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Башка улуттун өкүлдөрүнөн айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден-биржолу — мамлекеттик тилди кеңири колдонуу.
Ошондуктан,жалпыбыз эне тилибизге ак дилден кызмат кылуу менен элибизге адал эмгек өтөсөк дейм. Мамлекеттик тили биздин түбөлүгү түз болсун, майрамыбыз кут болсун.

Пресс-кызмат