mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички суу транспорту жөнүндө Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Ички суу транспорту жөнүндө Мыйзамынын (мындан ары-Мыйзам) ички суу жолдорундагы ташууларда калктын жана экономиканын муктаждыктарын, кеме катнашынын коопсуздугун жана транспорттук иштер рыногун өнүктүрүү үчүн укуктук жактан камсыз кылуу, техникалык жөнгө салуу, ички суу транспорту жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, ички суу транспорту жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону контролдоо жолу менен зарыл болгон шарттарды түзүүнү камсыз кылуу жана ошондой эле ички суу транспорту жаатында мамлекеттик жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо болуп саналат.
Мыйзам коопсуздукту камсыздоо максатында жана ББТР 026/2012 талаптарына шайкеш келүүгө экологиялык, техникалык көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүгө, бир катар ведомстволор тарабынан бир функцияны кайталоону, ошондой эле суу транспорту жаатында контролдук-көзөмөлдүк функциянын бир мамлекеттик органда топтолушун жокко чыгарууга максатталган.
Ошондой эле колдонуучуларды адаштыруучу аракеттерди жокко чыгаруу, суу транспортунун кызматынан пайдаланган колдонуучулардын зарыл болгон укуктарын коргоо деңгээлин камсыз кылуу, суу транспорт каражаттарын даярдап чыгаруучулардын жана жеткирип берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн негиз түзөт жана ак ниет атаандаштыктын шарттарын колдоого, суу транспорт каражаттарын коопсуз эксплуатациялоону контролдоо үчүн мамлекеттик контролду жүргүзүүнү регламенттейт.
Эгемендүүлүктү алгандан тартып, Кыргыз Республикасында туристтик кызматтар, анын ичинде, Ысык-Көлдө жана башка сууларда экскурсиялык сейилдөө боюнча суу транспортунда кызмат көрсөтүү өнүгүп баштаган.
Ошону менен бирге, жылына ар түрдүү кесепети менен орточо 5-6 суу-транспорт кырсыктары катталат. Ошого байланыштуу, кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо максатында, аталган Мыйзамдын долбоорунда чакан кемелердин иштеши, порттордун акваторияларында алардын кыймылынын ылдамдыгы, пристандардын, кеме туруучу-базалардын, порттордун кайык берүүчү бекеттердин иштеши, ошондой эле суу транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташууга жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча талаптар каралган.
Бүгүнкү күнгө чейин жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын жоктугуна байланыштуу, ички суу транспортунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана контролдоочу эрежелер, жоболор, нускамалар, уставдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынган жана бекитилген эмес.
Көп жылдар бою суу транспорту боюнча контролдоо жана жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары өздөрүнүн иштеринде мурунку Советтер Союзунун жана Россия Федерациясынын ченемдик укуктук актыларын жетектеп келишкен.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 3-пунктуна ылайык СССРдин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын территориясында 2009-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Мыйзам долбоору 9-баптан жана 74-беренеден туруп, төмөндөгү маселелерди регламенттейт:
суу транспорту жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү;
— ички суу жолдору жөнүндөгү;
— кемелер жана кемелердин документтери жөнүндөгү;
— кемелерди мамлекеттик каттоо жол-жобосу жөнүндөгү;
— КР Мамлекеттик желеги менен сүзүү укугу жөнүндөгү;
— кеме экипаждары жөнүндөгү;
— кеме катнашынын коопсуздугу жөнүндөгү;
— пистандардын, порттордун иштөөсү жөнүндөгү;
— суу транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу жөнүндөгү;
— суу транспортунун объекттерине талаптар жөнүндөгү;
— жүктү ташуучу, жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндөгү;
— куткаруу иштери жөнүндөгү;
— айлана чөйрөнү коргоо боюнча;
— жүргүнчүлөрдүн ден-соолугун жана өмүрүн камсыздандыруу боюнча
Жана башка ички суу транспортунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында жалгыз гана “Ысык-Көл кемечилиги” МИ иштеп, 2010 жылдан 2016-жылга чейин Балыкчы шаарынын портунан Каракол шаарынын портуна жүк (көмүр) ташуу менен алектенген. Орточо эсеп менен жылына жүк ташуунун көлөмү 20-22 миң тоннаны түзгөн.
Кеме ээлери Ысык-Көлдө экскурсиялык сейилдөө боюнча кызмат көрсөтүшүп, жайкы мезгилде 110 миңге жакын адамды тейлешет.
Аталган мыйзам менен ички суу транспортунун бүтүндөй бардык юидикалык, техникалык, социалдык жана экономикалык маселелери, ошондой эле сууларда экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелер жөнгө салынат.
Ошого байланыштуу, бүгүнкү күндө биринчи кезекте суу транспортунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Мыйзам кабыл алуу актуалдуу болуп саналат, андан кийин ички суу транспорту жаатындагы мыйзам алдындагы актылар кабыл алынышы зарыл.