mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги министрликтин пенсия курагындагы кызматкерлерин ардактуу эс алууга узатты

2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин конференц-залында министрликтин жетекчилиги жана эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Иш кагаздарын жүргүзүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Конгурбаев Нурзаир Ашимович жана Автомобиль жолдору башкармалыгынын мурдагы начальниги Алыпсатаров Мелисбек Джайчибекович менен жолугушуп, министрликтик тарабынан белек тартууланып, министрликтин тажрыйбалуу кызматкерлерин ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Бейшенов Жанат Саматович ак ниет кызматы үчүн жана министрликтин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Конгурбаев Нурзаир Ашимовичге жана Алыпсатаров Мелисбек Джайчибековичге терең ыраазычылыгын билдирип, каалоо-тилектерин айтты.
Ошондой эле, министрликтин статс-катчысы Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич, министрдин орун басары Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич жана эмгек жамаатынын кызматкерлери өз ыраазычылыктарын жана каалоо-тилектерин айтышты.
Өз кезегинде, Конгурбаев Нурзаир Ашимович жана Алыпсатаров Мелисбек Джайчибекович да министрликтин жетекчилигине жана эмгек жамаатына өз ыраазычылктарын билидришти.
Пресс-кызмат