mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында дөңгөлөккө чынжыр жана күрөк алуу керектигин эске салат

2020-жылдын 11-13-февралында Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. Бул күндөрү республиканын көпчүлүк бөлүгүндө кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаайт.

12-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, жааган кардан улам айдоочуларга жолдо жүрүү кыйынчылык жаратат.
Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунда Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма ашууларында, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда министрликтин жолчуларынын күчү менен жолдорго 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, тоңголокторду алдын-алуу максатында даярдалган кум чачылды.

Ошондой эле, учурда бардык көзөмөл өткөрүү пунктарында ЖККББ кызматкерлери автоунаалардын кышкы дөнгөлөктөрүн, кышкы солярканы жана чынжырлардын бар экендигин текшерүүдө.

Кардын жаашынан улам, асфальттын үстүңкү бөлүгүндө, шагыл участоктордо тоңголоктордун, тыгындардын пайда болушун алдын-алуу максатында КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды дагы бир ирет жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр, күрөк алып жүрүү керек экендигин эскертет.

Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо коопсуздукту камсыздай тургандыгын эске салат.