mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги айдоочулар арасында курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана короновирусту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги айдоочулар арасында курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана короновирусту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Кыргызавтобекети» мамлекеттик ишканасына караштуу автобекеттер менен автостанциялар штаттык режимде иш алып барууда. Ал жакта жоопкерчиликтүү жумушчулар нөөмөттө болушуп күтүү залдарын, жалпы тамактануу жайларында дезинфекция жүргүзүп, өздүк гигиена боюнча жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле линияга чыккан автоунаалардын бардыгы дезинфекцияланууда. Мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун дарыгерлери күн сайын муниципалдык жана ишканаларга тийиштүү жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды текшеришүүдө.
Линияга чыгаар алдында айдоочу наркологиялык пункта дене табы текшерилип, унаадагы медициналык аптечкасы жапна автотранспорттун санитардык-техникалык абалы текшерилип, атайын журналга белгиленүүдө.

Бардык автотранспортторго «Курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана короновирусту алдын алуу» боюнча билдирмелери бар баракчалар таратылган.

Торугарт, Иркештам, Кызыл-Бел өткөрүү пунктарында жүргүнчүлөр жок. Достук өткөрүү пунктуна жакын жерде 9 автотранспорт бар, анын алтоо Кыргызстандыкы, үчөө өзбектердики. 16 айдоочу карантинде, үчөө Кыргызстандын атуулдары болсо калганы Өзбекстан жарандары, алар Достук өткөрүү пунктуна жакын жердеги мейманканага жайгаштырылган, учурда айдоочулар арасында эч кандай инфекция катталган эмес.

Жалпысынан министрликтин ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрү инфекциялык ооруларды алдын алуу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иш алып барууда.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы