mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Жеңиш Ашимкулович Ногойбаев, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейшембиев Эрик Айдарбекович жана пакистандык «Gourmet Foods» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

2019-жылдын 4- октябрында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Жеңиш Ашимкулович Ногойбаев, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейшембиев Эрик Айдарбекович жана пакистандык «Gourmet Foods» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуда эки тарап авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.
Пакистан тараптан авиакаттам ачууга кызыгуу болсо, Кыргыз тарап тиешелүү уруксаат берүүгө даяр экендигин билдирди. Андан тышкары Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн бир тараптуу “Бешинчи даражадагы аба мейкиндиги укугун” берүү саясатын кабыл алгандыгын жана Пакистан авиациялык бийлигине тиешелүү кат жибергендигин билдирди. Аталган саясатка ылайык Пакистан авиакомпаниялары Кыргыз Республикасы аркылуу үчүнчү мамлекетке учууга укугу бар.
Түз аба каттамын ачуу эки мамлекет отосунда авиация жана туризм тармагынын өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Пресс- релиз