mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Б.Бердалиев «Кабар» маалымат агенттигинде 2020-жылдын 25- декабрында маалымат жыйын ѳткѳрдү

Жол чарба департаменти

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти 2020-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин иш-чаралар планына ылайык Өкмөт тарабынан 2020-жылга коюлган милдеттерди  аткарды.

 

Мамлекеттик капиталдык салымдар

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы No15-р буйругу менен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган курулуш объектилеринин Тизмеси 1 000 000,0 миң сом суммасында бекитилген, бирок оптимизациянын натыйжасында 250 000,0 миң суммасында каражат кыскартылды,   жалпы каржы 750 000,0 миң сомду түздү.

 

2020-жылы Жол чарба департаменти мамлекеттик  бюджеттин  «Мамлекеттик капиталдык салымдар» эсебинен жалпы узундугу 207,5 км жолго асфальт тѳшѳлдү.         Анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен — ​​11,8 км. » Мамлекеттик капиталдык салымдар » пункту боюнча — 195,7 км, анын ичинде: негизги объектилер — 17,9 км, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун реконструкциялоо үчүн, подрядчиктин эсебинен, узундугу 22,5 км, облустардын борборлору, 3 км жол  Аймактарды өнүктүрүү , өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын негизинде  — 155,3 км.        Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоо2020-жылы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоого  Башкы подрядчик асфальтбетон экинчи катмарынын курулушун аяктады, 10-декабрга карата 22,5 км жана болжолдуу аткарылышы 350,0 млн сомду түздү.

 

Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу:

Республиканын айрым аймактарында, тактап айтканда, Ош, Ысык-Көл,  Жалал-Абад жана  Баткен областтарында май-июль айларында нөшөрлөгөн жамгырлар болду, алардын натыйжасында жалпы колдонуудагы  көпчүлүк автомобиль жолдорунун жана ички чарбалык жолдордун жол полотнолору бузулган, суу өткөрүүчү түтүктөр жана көпүрөлөр иштен чыккан.

Республикада оперативдүү билдирүүлөр боюнча автомобиль жолдорундагы жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыян 65,0 млн.сомдон ашык болду.

Азыркы күндө, жол-пайдалануу мекемелеринин күчү менен сел агымдарынан тазалоо боюнча аткарылган иштердин көлөмү 30 771,9 млн.сомдон ашты, автомобиль жолдорунда убактылуу өтүүлөр камсыздалды.

Ошондой эле  Дыйкан Кара-Кече  автожолунун 37км участкасында убактылуу автожолду куруу иши бүтүп, баардык авто транспортжүрүүгѳ шарттар түзүлдү.

 Кыш-күз мезгилине даярдык

Бүгүнкү күндө республика боюнча күз-кыш мезгилине даярдык 93,2% ды түзүп, 144101,2 тонна инерттик материалдар жана ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын запасы даярдалды.