mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү учун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобуна юриспруденция, финансы-экономика багыттары боюнча:

– юридикалык, экономика (эсеп жана аудит, финансы жана кредит, экономика) жаатындагы жогорку билими;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

 

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору боюнча:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.

Кесиптик компетенциялар:

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
  4. » Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө.
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө».
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси.

 

— юриспруденция багыты боюнча:

  1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V “Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө» токтому.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №319 «Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизаларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому.

 

— экономика багытында:

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  2. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.
  4. Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 «Банкроттук жөнүндө» Мыйзамы.
  5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 25 «Ички аудит жөнүндө» Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодекси.
  7. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 «САЛЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ» Кодекси.
  8. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы.
  9. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 Мыйзамы.
  10. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 22-июлундагы № 95 Мыйзамы.

 

Квалификациялык талаптар:

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана транспорт жаатындагы жогорку билими;

— иш стажы талап кылынбайт;

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору боюнча:

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.

Кесиптик компетенциялар:

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  3. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

— транспорт багыты боюнча:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2013-жылдын 19-июлу № 154 автомобиль транспорту жөнүндө.
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2016-жылдын 18-июлу № 121 Темир жол транспорту жөнүндө
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы Кыргыз
 Республикасынын Өкмөтүнүн № 430 токтому менен бекитилди Кыргыз

Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн  лицензиялоо жөнүндө ЖОБО

4. Кыргыз Республикасынын  министрлер кабинетинин  токтому  2022-жылдын 14-апрели        № 223 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүнд.

— кадр багыты боюнча:

  1. “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому.

 

Билүү:

— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

— издөө системаларын колдонуу.

— презентацияларды уюштуруу;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

– кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

– оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

— жеке арыз;

– сүрөтү менен резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

– Өмур баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

 

Сынактык катышууну каалаган жарандар 2023-жылдын 9-январынан 18-январына чейин папкага салынган документтерин Жалал-Абад ш. Абдрахманова көчөсү 10, №2 кабинетине, тел.: 2-21-20, иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин тапшыра алышат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар ачык конкурска катышууга жол берилбейт.