mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы транспорт көзөмөл пункту кызматынын 1 (бир) инспектор бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Квалификациялык талаптар:   ТКП кызматынын инспекторуна

1. Кесиптик билимдин денгээли:

— Автотранспорт жаатындагы техникалык  жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юриспруденция боюнча жогорку билими жана IT– технология боюнча жогорку билими.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

3. Билүүсү керек:

 Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

-Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;

— “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ЖОБО 17-сентябрь 2018-жыл №430;

-“Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 токтомун;

— “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелери” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтомун;

-“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги   № 223 токтому;

4. Көндүмдөр:

— мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;

5. Инспектордун функционалдык милдеттери;

— Кыргыз Республикасынын  башка ченемдик укуктук актылар автомобиль транспорту жана жол инфраструктурасы жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу;

—  Жогорку жетекчиликтин  көрсөтмөлөрүн  жана тапшырмаларын  так  аткаруу;

— суроо талаптарга маалымат жүзүндөгү жооптордун документтерин сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү тармактагы Ата Мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада жүзүндө колдонуу;

— кызматтын кызматкерлеринин ички тартипти жана эмгек тартибин сактоосун камсыз кылуу;

— кызматтык милдеттерди  натыйжалуу жана активдүү аткаруу;

— компьютерде, ар кандай программада иштөөдө тажрыйбалуу;

— жоопкерчиликтүү, командада иштей  билүүсү;

6. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат;

— конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган  арыз

— кадрлар эсебин каттоо баракчасы, өздүк дело, резюме, 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, өмүр баяны.

— паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү.

— эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын  жогорулатылгандыгы, илимий даражага ээ болгондугу тууралуу нотариалдык жактан  күбөлөндүрүлгөн же  иштеп  жаткан жериндеги персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган   документтердин көчүрмөсү.

— соттолбогону жок же бар экендиги жөнүндө аныктама.

        Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер 2023-жылдын                         13-майынан  26-майына  саат 09:00 го  чейин кабыл алынат. 

— Өздүгүн тастыктаган паспорт (түп нускасы) Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгында конкурска катышканда суралат.Баткен  шаары Нургазиев көчөсү №55, кошумча маалыматтар үчүн сурап билүү телефону  (03622) 5-12-10