mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана и жолдор министрлиги салмак жана габариттик көзөмөл жана орнотулган салмак жана габариттик автоматташтырылган көзөмөл системасы боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун коомчулукка Министерство транспорта и дорог КР представило общественности проект Национальной Стратегии весогабаритного контроля и установленную автоматическую систему весогабаритного контроля

2017 жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги салмак жана габариттик көзөмөл боюнча Улуттук стратегиясы жана “Кемин” жана “Сосновка” көзөмөл өткөрүү жайларында орнотулган жүрүп бараткан унаалардын салмагын автоматтык түрдө аныктоочу система боюнча презентация өткөрдү.

Иштелип чыккан стратегиянын максаты – жолду сактап калуу үчүн сарпталуучу каражаттарды азайтуу жана эл аралык жана өлкө ичиндеги жүк ташуулардын коопсуздугун жана аларга зыян келтирбей жеткирүүнү камсыздоо максатында унаанын огуна болгон жүктү эффективтүү көзөмөлдөө.

Ашыкча жүк ташыган же туура эмес жүктөлгөн  унаа жоло кандай зыян алып келээрин бүт баары билгендей, министрликтин алдында салмак жана габариттик көзөмөл боюнча абдан чоң бир көйгөй тургандыгын Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Азимкан Жусубалиев айтып өттү. Келтирилген ушундай зыяндардан улам жолду оңдоо үчүн көптөгөн миллиондук инвестицияларды тартууга туура келет. Жолду кароого жана оңдоого бөлүнгөн бюджеттин чектелгенин эске алганда ашыкча жүк ташыган унааларды көзөмөлгө алуу бул кечиктирилгис чара болуп эсептелинет.

Презентацияда ашыкча жүктөн улам жолго келтирилген зыяндын 4 эсе көбөйүшү тууралуу айтылды. Эгерде бир октуу унаа белгиленген чектен 25 пайызга көп жүк көтөрсө, анда жолго 10 тонналык жүк көтөрүүчү окко караганда 2,6 эсе көп зыян келтирет.   Белгиленген чектен 2 эсе ашыкча жүк көтөргөн унаа огу стандарттык белгиленген чекке караганда 18 эсе көп зыян келтирет.

Ошондуктан, стратегиянын долбоорунда алкагында салмак жана габариттик көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана “адамдык факторду” жок кылуучу автоматтык түрдө айып салуучу жүрүп бараткан унаалардын салмагын автоматтык түрдө аныктоочу системасын киргизүү сунушталган. Мындан сырткары салмак жана габариттик көзөмөлдөө боюнча мыйзамдарды жакшыртуу жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак жана габариттик көзөмөлдөө агенттигин реформалоо сунушталууда.

Министрлик тарабынан орнотулган жүрүп бараткан унаалардын салмагын автоматтык түрдө аныктоочу система тууралууда презентация учурунда маалымат берилди. Ушул система унааларды токтотпой эле жүрүп бараткан учурда эле салмагын автоматтык түрдө аныктай алат. Бул жаңы системанын өзгөчөлүгү бул асфальтка орнотулган сенсорлор автоматтык түрдө унаанын түрүн, огунун санын, салмагын жана окко болгон оордукту аныктайт. Алгачкы маалыматтар топтолгондон кийин, система маалыматтарды график түрүндө операторго жөнөтөт жана алынган графиктин негизинде опреатор тиешелүү иш-аракеттерди жасай алат. Система аркылуу алынган маалыматтар автоматтык түрдө сакталат жана борбордук серверге жөнөтүлөт.

А. Жусубалиевтин айтуусу боюнча жогоруда айтылган иш-аракет “Таза Коом” программасын ишке ашыруу иш-чараларынын алкагында министрлик тарабынан аткарылган.

Презентацияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, кызыкдар министрликтердин жана мекемелердин, жүк ташуучулар жана айдоочулардын ассоциациясынын, жеке жана жарандык секторлордун, эл аралык каржы уюмдарынын, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

Пресс-кызмат