mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы сигнализация боюнча НУСКАМА

Жалпы жоболор

  1. «Кыргыз Республикасынын Темир жол транспортундагы сигнализация боюнча нускама» (мындан ары Нускама) көрүнө жана үн сигнализациясы системасын, ошондой эле сигнал механизмдеринин типтерин жана түрлөрүн, Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда колдонулуучу каражаттарды жана аспаптарды белгилейт.
  2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын аймагында бардык темир жол транспортун пайдалануучуларга таратылат.
  3. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда сигнализацияны колдонууга тиешелүү башка бардык кошумча нускамалар, жетектөөчү жана башка документтер ушул Нускаманын талаптарына ылайык иштелип чыгат.

1-бөлүм. Сигналдар

1.1. Сигналдар кыймылдын коопсуздугун камсыздоо үчүн, ошондой эле, поезддердин кыймылын жана маневр иштерин так уюштуруу үчүн кызмат кылат.

Сигналдар кабыл алыныш ыңгайына жараша көрүнө жана үн сигналдары деп бөлүнөт.

Көрүнмө сигналдар

1.2. Көрүнмө сигналдар сигнализациянын түсү, формасы, абалы жана сигналдык сандык көрсөткүчтөрү менен чагылдырылат. Көрүнмө сигналдардын сигнал аспаптары: светофорлор, дисктер, калкандар, чырактар, желектер, сигнал көрсөткүчтөрү жана сигнализация белгилери.

Көрүнмө сигналдар колдонуу убактысы боюнча төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

күндүн жарык мезгилинде берилүүчү күндүзгү; бул сигналдар үчүн дисктер, калкандар, чырактар, желектер жана сигнал көрсөткүчтөр кызмат кылат (жебе, жол тосмо, жолду ачуу куралдары жана гидравликалык колонкалар);

күндүн түнкү мезгилинде берилүүчү белгилер: мындай сигналдар кол жана поезд чырактарынын белгиленген түстөрдөгү жарыктары, мамыдагы чырактар жана сигнал көрсөткүчтөрдөгү чырактар кызмат кылат.

Эгерде туман, бурганак болсо жана аба-ырайынын башка катаал шарттарында, күндүзгү токтотуучу сигналдар 1000 метрден кем жерден, ылдамдыкты азайтуунун сигналы 400 метрден кем жерден, маневр сигналдарыныкы 200 метрден кем жерден көрүнгөн учурда түнкү сигналдар күндүзү да колдонулат. Күнү-түнү бирдей берилүүчү күндүн түнкү жана күндүзгү убакыттарында мындай сигналдар болуп светофордун белгиленген түстөрү, каттам жана башка жарык көрсөткүчтөрү, туруктуу ылдамдык азайтуу дисктери, сары түстөгү төрт бурчтуу калкандар (тескери тарабы жашыл түсү), жүк ташуучу поезддин арткы жагын белгилөө үчүн жарыкты чагылдыра турган кызыл дисктер, сигнал көрсөткүчтөр жана белгилер иштетилет.

Туннелдерде түнкү же күнү-түнү берилүүчү сигналдар гана колдонулат.

Үн сигналдары

1.3. Үн сигналдарынын саны жана убакытка созулушу үндөрдүн айкалышы менен берилет. Күндүз болобу же түнү болобу, алардын айырмасы жок, мааниси бир эле.

Локомотивдердин ышкырыгы, моторвагондуу поезддердин жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ышкырыктары, кол ышкырыктары, үйлөмө чоор, сиреналар, гудоктор жана петардалар үн сигналдары үчүн иштетилет.

Петарданын жарылышы дароо токтоону талап кылат.

2-бөлүм. Светофорлор

2.1. Светофорлор максатына карай төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

кириш — эки бекеттин аралыгынан бекетке поезддин жүрүшүнө уруксат берүүчү же тыюу салуучу;

чыгуучу — бекеттен эки бекеттин аралыгына поезддин жөнөп кетүүсүнө уруксат берүүчү же тыюу салуучу;

каттам светофору — бекеттин бир районунан башкасына поезддин жүрүшүнө уруксат берүүчү жана тыюу салуучу;

өтмөк светофорлору

поездге бир бөгөт тилкесинен (посттор аралык) эки бекет арасынан экинчи бөгөт тилкесине өтүп кетүүгө уруксат берүүчү же тыюу салуучу;

калкалоочу — узатуучу менен өтүлгөн темир жолдордун башка темир жолдор, трамвай жолдору жана троллейбус линиялары, ажырама көпүрөлөр жана тилкелер менен бир деңгээлде кесилишкен жерлерин тосуу үчүн;

тосмо — темир жол өтмөктөрүндө, ири жасалма курулуштарда жана көчкү жүрө турган жерлерде, ошондой эле, бекет жолдорунда вагондорду кароо жана оңдоо үчүн курамдарды тосуу учурларында, кыймыл үчүн коркунуч туулганда токтоону талап кылат;

эскертүүчү — негизги светофордун (кириш, өтмөк, тосмо жана калкалоочу) көрсөткүчтөрү тууралуу эскерткич;

кайталоочу — чыгуучу, каттам светофорунун уруксат берүүчү көрсөткүчү жана жергенин шарттарынан улам негизги светофор көрүнбөгөн учурда дөбө светофорунун көрсөткүчтөрүнөн кабар берүү үчүн;

локомотив светофорлору — эки бекет аралыгында бир бөгөт тилкесинен башкасына каттоого поездге уруксат берүү же тыюу салуу үчүн, ошондой эле, поезд жакындап келе жаткан жол светофорунун көрсөткүчү жөнүндө эскертүү берүү үчүн;

маневр светофорлору — маневрлордун жасалышына уруксат берүүчү же тыюу салуучу;

дөбө светофорлору — дөңсөө жерлерден вагондордун таратылышына уруксат берүүчү же тыюу салуучу.

Бир светофор бир нече максатты камтышы мүмкүн (кириш жана чыгыш, кириш жана маневр, чыгуучу жана каттам светофорлору ж.б.).

2.2. Линзалуу (2.5, а сүрөттөн крз.) жана прожекторлуу светофорлор (2.5, б сүрөттөн крз.) колдонулат; алар мачта светофорлору (2.6, а, б жана г сүрөттөрүн крз.), эргежээл (2.6, в сүрөтүн крз.) жана көпүрөчө менен консолдордо орнотулуучу светофорлор болуп бөлүнөт.

Светофордо төмөнкүдөй сигнал жарыктары колдонулат: нормалдуу күйгүзүлүшү менен, нормалдуу эмес күйгөн, бүлбүлдөбөгөн жана бүлбүлдөгөн (мезгил-мезгили менен күйүп өчүп турган).

Тилкелердеги автобөгөт менен жабдылган өтмөк светофорлорунун нормалдуу күйбөй турган сигнал жарыктары кыймылдуу курам бөгөт тилкесине кирип келе жатканда күйөт жана ушул бөгөт тилкесинен чыккандан кийин өчөт.

Өтмөк светофорлорунун автобөгөтү сандар менен, ал эми андан башкаларынын баары тең тамгалар же сандар менен белгиленет.

2.3. Светофор аркылуу берилген белгилердин негизги маанилери (кайсы жерде орнотулганына жана максатына карабастан) төмөнкүдөй:

бир жашыл жарык — «белгиленген ылдамдык менен кыймылга уруксат берилет»;

бир сары күйүп-өчкөн жарык — «белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; кийинки светофор ачык жана анын азайтылган ылдамдыкта өтүлүшү талап кылынат»;

бир сары жарык — «токтоого даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет; кийинки светофор жабык»;

эки сары жарык, үстүнкүсү күйүп-өчүүчү «Светофорду азайтылган ылдамдык менен өтүп кетүүгө уруксат берилет; поезд жебе котормосу боюнча четтөө менен өтүп баратат; кийинки светофор ачык»;

эки сары жарык — «Кийинки светофордо токтоого даяр болуу менен поездге светофорду азайтылган ылдамдыкта өтүп кетүүгө уруксат берилет; поезд жебе котормосу боюнча четтөө менен өтүп баратат»;

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө тыюу салынат».

Жогоруда саналган сигналдарды түрлүү максаттагы светофорлордо колдонуу ушул Эрежелердин тийиштүү тарамдарында каралган.

Кириш светофорлор

2.4. Кириш светофорлор менен төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «Поездге башкы жол менен белгиленген ылдамдыкта бекетке жүрүүгө уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) ачык» (сүрөт 2.1, а);

бир сары күйүп өчүүчү жарык — «Поездге башкы жол менен белгиленген ылдамдыкта бекетке жүрүүгө уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) ачык жана анын азайтылган ылдамдык менен өтүшүн талап кылат» (сүрөт 2.1, б);

2.1, а, б сүрөттөрү

бир сары жарык — «Токтоого даяр болуу менен башкы жол менен поезддин бекетке баруусуна уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) жабык» (сүрөт 2.2, а);

сүрөт 2.2, а

эки сары жарык, үстүнкүсү күйүп өчүүчү — «Азайтылган ылдамдыкта каптал жолго салуу менен поезд бекетине барууга уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) жабык» (сүрөт 2.2, б);

сүрөт 2.2, б

эки сары жарык — «Азайтылган ылдамдыкта токтоого даяр болуу менен поезддин каптал жолго салып, бекетке баруусуна уруксат берилет; кийинки светофор жабык» (2.2 сүрөт в);

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө тыюу салынат» ( 2.2, г сүрөт).

Эки жолдогу (көп жолдогу) эки бекеттин аралыгынын туура эмес жолунан бекетке поезддерди кабыл алуу үчүн кириш светофорлор менен төмөнкү сигналдар берилет:

эки сары жарык — «Азайтылган ылдамдыкта кийинки чыгуучу (каттам светофору) светофордо же чек мамычасынын алдында токтоого даяр болуу менен поездге бекетке барууга уруксат берилет»;

Бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө тыюу салынат».

2.5. Кириш жана каттам светофорлорунда жантайма маркадагы крестовиналуу жебе котормолору менен каптал жолго поезддерди кабыл алууда төмөнкүдөй сигналдар колдонулат:

бир жашыл күйүп-өчүүчү жана бир сары жарык жана бир жаркыраган жашыл тилке — «Каптал жолго салуу менен поездге саатына 80 км ден ашпаган ылдамдыкта бекетке барышына уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) ачык жана анын 80 км ден ашпаган ылдамдыкта өтүлүшү талап кылынат» (2.3, а сүрөт);

эки сары жарык, үстүнкүсү күйүп өчүүчү жана бир жаркыраган жашыл тилке — «Каптал жолго салуу менен поездге саатына 80 км ден ашпаган ылдамдыкта бекетке баруусуна уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) ачык жана азайтылган ылдамдык менен өтүшү талап кылынат» (2.3, б сүрөт);

Эки сары жарык жана бир жаркыраган жашыл тилке — «Каптал жолго салуу менен саатына 60 км ден ашпаган ылдамдыкта токтоого даяр болуу менен поезддин бекетке барышына уруксат берилет; кийинки светофор жабык» (2.3, в сүрөт).

Керектүү учурларда кириш жана каттам светофорлорунда бир күйүп-өчүүчү жашыл жарык сигналы колдонулушу мүмкүн — «Поезддин бекетке белгиленген ылдамдыкта башкы жол менен барышына уруксат берилет; кийинки светофор (каттам же чыгуучу светофору) ачык жана саатына 60 км ден ашпаган ылдамдыкта өтүшүн талап кылынат» (2.4, а сүрөт).

Кыргыз темир жолунда техникалык пайдалануунун нускамасында каралган учурларда айрым бекеттерде кириш жана каттам светофорлорунда үч сары жарык сигналы колдонулушу мүмкүн — «Моторвагондуу поездге, жалгыз локомотивге, мотовозго, дрезинага жолдун бош тилкесине өзгөчө этият менен жана саатына 20 км ден ашпаган ылдамдыкта кызыл жарыктуу каттам светофоруна чейин жүрүүгө уруксат берилет» (2.4, б сүрөт).

Чакыруучу сигнал

2.6. Чакыруучу сигнал — ай түстөгү күйүп-өчкөн бир ак жарык светофордун кызыл жарыгында (же өчкөндө) поезддин өтүшүнө жана кийинки светофорго чейин кыймылды (же чек мамычасына чейин чыгуучу светофорсуз жолго кабыл алууда) саатына 20 км ылдамдыкта өзгөчө этияттык менен, эгер кыймылды улантууга тоскоолдук кезигип калса, дароо токтоого даяр болуу менен улантууга уруксат берет (2.5 сүрөт).

Бул сигнал кириш, каттам жана чыгуучу (топ светофорунан тышкары) светофорлорунда колдонулат.

Автобөгөт менен жабдылган кош жолдуу эки бекеттин аралыгындагы туура жолдо гана чыгуучу светофордун чакыруучу сигналы менен жөнөөгө уруксат берилет. (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрында № 311 буйругу менен бекитилген (КР ЮМ № 21 каттоосунда).

Чыгуучу светофорлор

2.7. Тилкелердеги автобөгөт менен жабдылган чыгуучу светофорлордо төмөнкүдөй сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «поезддин бекеттен жөнөшүнө жана белгиленген ылдамдыкта жүрүшүнө уруксат берет; алдыда эки же андан көп тосмо-тилке бош» (2.6, а сүрөт);

бир сары жарык — «поезддин бекеттен жөнөшүнө жана токтоого даяр болуу менен жол жүрүшүнө уруксат берет; кийинки светофор жабык» (2.6, б сүрөт);

эки сары жарык, үстүнкүсү күйүп-өчүүчү — «поезддин бекеттен азайтылган ылдамдыкта жүрүүсүнө уруксат берет; поезд жебе котормосу менен чыгып жүрөт; кийинки светофор ачык» (2.6, д сүрөт);

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (2 г сүрөтү);

эки сары жарык — «поезддин бекеттен азайтылган ылдамдыкта жүрүүсүнө уруксат берет; поезд жебе котормосу боюнча четтөө менен жүрөт; кийинки светофор жабык» (2.6, е сүрөтү);

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (2.6, в сүрөтү).

2.8. Чыгуучу светофорлорунда жантайма маркадагы крестовиналуу жебе котормолору менен ооштурулган поезддерди кабыл алууда төмөнкү сигналдар берилет:

бир күйүп-өчүүчү жашыл жана бир сары жарык менен бир жаркыраган жашыл тилке — «саатына 80 км ден ашпаган ылдамдыкта поездге бекеттен чыгууга уруксат берилет; поезд жебе котормосу боюнча четтөө менен жүрүп баратат; кийинки светофор ачык» 2.7, а сүрөт;

эки сары жарык жана бир жаркыраган жашыл тилке — «саатына 60 км ден ашпаган ылдамдыкта поезддин бекеттен чыгуусуна уруксат берилет; поезд жебе котормосу менен ооштурулуп баратат; кийинки светофор жабык» (2.7, б сүрөтү).

2.9. Тилкелердеги жарым автобөгөт менен жабдылган чыгуучу светофорлор менен төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «поезддин белгиленген ылдамдыкта бекеттен чыгуусуна жана жүрүшүнө уруксат берилет; кийинки бекетке чейинки (жол постуна чейин) эки бекеттин аралыгы бош» (2.8, а сүрөтү);

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (2.8, б сүрөтү);

эки сары жарык — «поезддин азайтылган ылдамдыкта бекеттен чыгуусуна уруксат берилет; поезд жебе котормосу менен ооштурулуп баратат; кийинки бекетке чейинки (жол постуна чейин) эки бекеттин аралыгы бош» (сүрөт 2.9, а);

эки сары жарык, үстүнкүсү күйүп өчүүчү — «Поезддин азайтылган ылдамдыкта бекеттен чыгуусуна уруксат берилет; поезд жебе котормосу менен ооштурулуп баратат; кийинки бекетке чейинки (жол постуна чейин) эки бекеттин аралыгы бош; кийинки бекеттин кириш светофору ачык».

2.10. Сигнализация жана байланыштын өз алдынча каражаты катары колдонулган тилкелердеги автоматтык локомотив сигнализациясы менен жабдылган чыгуучу светофорлордо төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жана бир ай түстүү ак жарык — «Бекеттен поезддин чыгуусуна уруксат берилет, алдыда эки же андан көп бөгөт тилкеси бош» (2.10 сүрөтү);

бир сары жана бир ай түстүү ак жарык — «Поезддин бекеттен жөнөшүнө уруксат берет, алдыда бир бөгөт тилкеси бош» (2.11 сүрөтү);

сүрөт 2.11

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт».

2.11. Жол бөгөтү менен жабдылган тарам жол болгондо, ошондой эле, поезд жөнөп бара жаткан жолду көрсөтүү үчүн жол бөгөтү менен жабдылган көп жолдуу тилкелерде жана эки тараптуу автобөгөт менен жабдылган эки жолдуу тилкелерде керектүү учурларда чыгуучу светофордун жарыктары каттам көрсөткүчтөрдүн тиешелүү көрсөткүчү менен толукталат.

Каттам көрсөткүчү болбосо, поезддин тарам жолго же көп жолдогу тилкенин жолдорунун бири же эки тараптуу автобөгөттө туура эмес жол менен жөнөшүнө уруксат чыгуучу светофордо эки жашыл жарык сигналы менен берилиши мүмкүн. Бул автобөгөттө экиден кем эмес бөгөт тилкесинин бош экенин, жарым автоматтык бөгөттө кийинки бекетке чейинки (жол постуна чейин) эки бекеттин аралыгынын бош экенин көрсөтөт (2.12 сүрөтү).

Эки тараптуу автобөгөт менен жабдылган тилкелердеги туура эмес жол менен жөнөп жатканда каттам көрсөткүчтөрүнүн колдонуу же эки жашыл жарык сигналын колдонуу милдеттүү.

Эки жолдуу тилкелерде туура жолдогу кыймыл автобөгөттүн сигналдары менен, туура эмес жолдо болсо локомотив светофорунун көрсөткүчтөрү менен жүзөгө ашырылат, ошондой эле өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автоматтык локомотив сигнализациясы менен жабдылган эки жолдуу тилкелерде бекеттен туура эмес жолго чыгууда төмөнкүдөй сигналдар берилет:

Бир «өчүп-күйүүчү сары жана бир ай түстүү ак жарык — «Поезддин бекеттен 40 км/сааттан ашпаган азайтылган ылдамдыкта чыгуусуна жана андан ары локомотив светофорунун көрсөткүчтөрү боюнча туура эмес жол менен жүрүүсүнө уруксат берилет» (сүрөт 2.13).

Сүрөт 2.13.

2.12. Чыгуучу светофорлору бар бекеттерде жол бөгөтү менен жабдылбаган тармак жол бар болсо, чыгыш каттамынын тарам жолго даярдыгы чыгуучу светофордун бир ай түстүү ак жарыгы менен көрсөтүлөт; поезддер ай түстүү ак жарыкта жана чыгуучу светофордун өчүк кызыл жарыгында машинистке жезл же жол катын берүү менен тарам жолго чыгат (сүрөт 2.14).

Каттам светофорлору

2.13. Орнотулган орундарына жараша каттам светофорлору менен төмөндөгүдөй сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; кийинки (каттам же чыгуучу) светофор ачык»;

бир сары жарык — «Токтоого даярдык менен кыймылга уруксат берилет, кийинки (каттам же чыгуучу) светофор жабык»;

бир кызыл жарык -«Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт»;

бир сары күйүп-өчүүчү жарык — «Светофорду белгиленген ылдамдыкта өтүүгө уруксат берилет; кийинки (каттам же чыгуучу) светофор ачык жана азайтылган ылдамдыкта өтүшүн талап кылат»;

эки сары жарык, үстүнкүсү күйүп өчүүчү — «Светофорду азайтылган ылдамдыкта өтүүгө уруксат берилет; поезд каптал жолго салат; кийинки (каттам же чыгуучу) светофор ачык»;

эки сары жарык — «Светофорду азайтылган ылдамдык жана бекетте токтоого даяр болуу менен өтүүгө уруксат берилет; поезд каптал жолго салат; кийинки светофор жабык».

Өтмөк светофорлору

2.14. Тилкелердеги автобөгөт менен жабдылган өтмөк светофорлору төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; алдыда эки же андан көп бөгөт тилкеси бош» (2.15 сүрөт);

бир сары жарык — «Токтоого даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет; кийинки светофор жабык» (2.16 сүрөт);

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (2.17 сүрөт).

2.15. Төрт орундуу сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган тилкелерде өтмөк, башкы жолдогу кирүүчү, каттам жана чыгуучу светофорлор менен төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — алдыда үч же андан көп бөгөт тилкеси бош;

алдыда бир сары жана бир жашыл жарык — эки бөгөт тилкеси бош (2.18 сүрөт);

бир сары жарык — алдыда бир бөгөт тилкеси бош;

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт».

2.16. Үч же төрт орундуу сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган тилкелерде кирүүчү светофорлордун алдында (кириш алдындагы) жайгашкан өтмөк светофорлорунда мындан тышкары төмөнкү сигналдар колдонулат:

бир сары күйүп-өчүүчү жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; кириш светофор ачык, жана төмөндөтүлгөн ылдамдыкта өтүүнү талап кылат; поезд бекеттин каптал жолуна кабыл алынат» (2.19, а сүрөт);

бир жашыл күйүп-өчүүчү жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; кириш светофор ачык жана саатына 80 км ден ашпаган ылдамдыкта өтүүнү талап кылат; поезд бекеттин каптал жолуна кабыл алынат (2.19, б сүрөт).

Кириш алдындагы светофордун мамысында чагылдыргычы бар кабарлоочу табличка орнотулат (2.19 сүрөттү крз.).

Кыймыл локомотив светофорунун сигналдары менен жүзөгө ашырылган туура эмес жолдогу кириш алдындагы светофор үч орундуу сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган тилкелердеги кириш алдындагы светофорундай эле сигналдар менен сигнал берет.

2.17. Жарым автомат бөгөт менен жабдылган тилкелердеги өтмөк светофорлорунда төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; кийинки бекетке (жол постуна) чейин эки бекеттин аралыгы бош» (2.20 сүрөт);

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (2.21 сүрөт);

үч орундуу сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган тилкелердеги (кирүүчү, каттам, чыгуучу же өтмөк светофорунда), башкы жолдо талап кылынган тормоз жолунан азыраак бөгөт тилкесин тосмологон светофордо эки тик жебе түрүндөгү ак түстөгү жарык көрсөткүчү (2.16 сүрөттү крз.), ага эскертүүчү светофордо болсо бир жебе түрүндөгү ушундай эле көрсөткүч орнотулат (2.16 сүрөттү крз.).

Светофордун шарттуу-уруксат берүүчү сигналы

2.19. Узун өрдө жайгашкан, автобөгөт менен жабдылган, өтмөк светофорунун «Т» тамгасы түрүндө тунук ак түстөгү чагылдыруучу белгиси бар калкан менен берилген шарттуу-уруксат берүүчү сигналы (сүрөт 2.22) жок поездине саатына 20 км ден ашпаган ылдамдыкта өзгөчө этият жана андан-ары кыймылды улантууга тоскоолдук кезиксе, дароо токтоого даяр болуу менен кызыл жарыктуу светофорду өтүп кетүүгө уруксат берет.

Калканч жана тосмо светофорлору

2.20. Калканч светофорлору менен төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет»;

бир кызыл жарык — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт».

2.21. Тосмо светофорлору менен бир кызыл жарык сигналы берилет — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (2.23, а сүрөт).

Тосмо светофорунун алдындагы эскертүүчү светофорлор менен бир сары жарык сигналы берилет — «Токтоого даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет; негизги тосмо светофору жабык» (сүрөт 2.23, б).

Тосмо светофорлорунун жана аларга эскертүүчү светофорлордун сигнал жарыктары нормалдуу күйбөйт (2.23.в сүрөт) жана ушул абалда светофорлор сигнал маанисине ээ болбойт. Ушул светофорлордун мачталары кезектешкен кара жана ак тилкелер түрүндөгү айырмаланган түскө ээ.

Эскертүүчү жана кайталоочу светофорлор

2.22. Автобөгөт менен жабдылбаган тилкелердеги кириш, өтмөк жана тосмо светофорлорунун алдындагы эскертүүчү светофорлор менен төмөнкү сигналдар берилет:

бир жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; негизги светофор ачык» (2.24 сүрөт);

бир сары жарык — «Токтоого даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет; негизги светофор жабык» (2.25 сүрөт);

бир сары өчүп күйүүчү жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет; кириш светофор ачык жана төмөндөтүлгөн ылдамдыкта өтүүнү талап кылат; поезд бекеттин каптал жолунда кабыл алынат».

2.23. Кайталоочу светофордун бир жашыл жарыгы чыгуучу же каттам светофору ачык экенин көргөзөт (2.26 сүрөт).

Кайталоочу светофорлордун сигнал жарыктары нормалдуу күйбөйт жана ушул абалда светофорлор сигнал маанисине ээ болбойт.

Бекетте токтой турган жүргүнчү поезддери кайталоочу светофордо жашыл жарык күйгөндө гана кыймылга келтирилиши мүмкүн. Эгер кайталоочу (же чыгуучу) светофордун бузуктугунан улам жашыл жарыкты күйгүзүү мүмкүн болбосо, анын өтүү ырааты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2003-жылдын 30-июлундагы № 203 буйругу менен бекитилген Кыргыз темир жолунда поезддердин кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен аныкталат.

Локомотив светофорлору

2.24. Автобөгөт жана автоматтык локомотив сигнализациясы менен жабдылган тилкелерде локомотив светофорлору менен төмөнкү сигналдар берилет:

жашыл жарык — «поезд жакындап келе жаткан жол светофорунда жашыл жарык күйүп турат; кыймылга уруксат берилет;» (2.27, а сүрөт);

сары жарык — «Кыймылга уруксат берилет; поезд жакындап келе жаткан жол светофорунда бир же эки сары жарык күйүп турат» ( 2.27, б сүрөт);

кызыл менен сары жарык — «Токтоого даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет; поезд жакындап келе жаткан жол светофорунда кызыл жарык күйүп турат ( 2.27, в сүрөт);

кызыл жарык күйүп турган жол светофору өтүлгөн учурда локомотив светофорунда кызыл жарык күйөт (2.27, г сүр.).

ак жарык (2.27.д сүр.) локомотив механизмдери күйүп турганын, бирок жол светофорлорунун көрсөткүчтөрү локомотив светофорлоруна берилбегенин жана машинисттин жол светофорлорунун көрсөткүчтөрүнөн гана жетекчиликке алууга тийиш экенин көрсөтөт.

Локомотив светофору төмөнкүдөй белгилерди да берет:

жашыл жарык менен — бир сары күйүп-өчүүчү жарыгы, бир жашыл күйүп-өчүүчү жарыгы же бир сары жана бир жашыл жарыгы бар жол светофоруна поезддин жакындаганын;

сары жарык менен — үстүнкүсү күйүп-өчүүчү эки сары жарыгы, ошондой эле жебе котормосу менен ооштурулуп жүрүүнү көрсөткөн башка жарыктары бар жол светофоруна поезддин жакындаганын.

2.25. Автоматтык локомотив сигнализациясы поезддердин кыймыл учурундагы өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган тилкелерде локомотив светофорлору менен төмөнкү сигналдар берилет:

жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет, алдыда эки же андан көп бөгөт тилкеси бош»;

сары жарык — «Азайтылган ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет, алдыда бир бөгөт тилкеси бош»;

кызылы бар сары жарык — «Бөгөт тилкесинде токтоого даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет; кийинки бөгөт тилкеси бош эмес».

Поезддин бош эмес бөгөт тилкесине кириши учурунда локомотив светофорунда кызыл жарык күйөт.

Ак жарык локомотив механизмдери күйүп турганын, жолдон сигналдар локомотивге берилбегенин көргөзөт.

Жол светофорлоруна жакындап келе жатканда локомотив светофорлору ушул Эрежелердин 2.24-тарамында көрсөтүлгөн сигналдарды берет.

Иштебеген светофорлордун белгилениши

2.26. Иштебеген светофорлор эки планка менен чарчы тосулуп, алардагы сигнал жарыктары өчүрүлүшү керек (2.28 сүр.).

3-бөлүм. Тосмо сигналдары

Туруктуу ылдамдык азайтуу дисктери

3.1. Сары түстөгү диск менен мындай сигнал берилет: Ылдамдыкты азайтуу жана «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» (5.19 сүрөттү крз.) деген сигнал белгилери менен тосмолонгон кооптуу жерди темир жол жетекчисинин буйругунда көрсөтүлгөн ылдамдыкта өтүүгө даяр болуу менен кыймылга уруксат берилет. Жашыл түстөгү диск менен (3.1, б сүр.) — «Поезд кооптуу жерден өтүп кетти» деген маани берилет. Жалгыз жолдуу тилкелерде машинист мындай сигналды кыймылдын багыты боюнча сол тараптан көрөт.

Темир жолдун жетекчисинин буйругуна ылайык дайыма ылдамдыкты азайтууну талап кылган жерлер кооптуу жердин чек арасынан 50 метр аралыкта «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» деген туруктуу сигнал белгилери менен эки тарабынан тосулат.

Ушул сигнал белгилеринен 3.1-1 таблицасынын 3-графасында көрсөтүлгөн А аралыгында жетектөөчү эңкейиш жана эки бекет арасында поезддердин жүрүүсүнүн жол берилген эң чоң ылдамдыгына жараша туруктуу ылдамдык азайтуу сигналдары орнотулат.

Тарамча
Жетектөөчү эңкейиш жана эки бекет арасында поезддердин жүрүүсүнүн жол берилген эң чоң ылдамдыгы «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» сигнал белгилеринен ылдамдык азайтуу белгилерине чейинки аралык Ташыма кызыл сигналдар жана капыстан пайда болгон тоскоолдук ордунан биринчи петардага чейинки аралык
    А Б
1 2 3 4
1 0,006дан азыраак жетектөөчү эңкейиштери бар эки бекет араларында, жүк поезддеринин 80 км/сааттан ашпаган, жүргүнчү жана рефрижератор поезддеринин 100 км/сааттан ашпаган, ри скорости движения: рефрижератор поезддеринин 100 км/сааттан ашкан, бирок 120 км/сааттан ашпаган, жүргүнчү поезддеринин 100 км/сааттан ашкан, бирок 140 км/сааттан ашпаган, жүк поезддеринин 80 км/сааттан ашкан, бирок 90 км/сааттан ашпаган, жүргүнчү поезддеринин 140 км/сааттан ашкан, бирок 160 км/сааттан ашпаган ылдамдыгында  

800

 

1000

 

1100

 

1400

 

 

1000

 

1200

 

1300

 

1600

2 0,006 жана андан да тик, бирок 0,010дон чоң эмес жетектөөчү эңкейиштери бар эки бекет араларында, жүк поезддеринин 80 км/сааттан ашпаган, жүргүнчү жана рефрижератор поезддеринин 100 км/сааттан ашпаган, ри скорости движения: рефрижератор поезддеринин 100 км/сааттан ашкан, бирок 120 км/сааттан ашпаган, жүргүнчү поезддеринин 100 км/сааттан ашкан, бирок 140 км/сааттан ашпаган, жүк поезддеринин 80 км/сааттан ашкан, бирок 90 км/сааттан ашпаган, жүргүнчү поезддеринин 140 км/сааттан ашкан, бирок 160 км/сааттан ашпаган ылдамдыгында  

 

1000

 

1100

 

1300

 

1500

 

 

1200

 

1300

 

1500

 

1700

3 0,010дон тик жетектөөчү эңкейиштери бар эки бекет араларында Темир жолдун жетекчисинин буйругу менен аныкталат

Жалгыз жолдуу тилкеде туруктуу ылдамдык азайтуу дисктеринин жана «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» деген туруктуу сигнал белгилеринин орнотулуш схемалары 3.2, а сүрөтүндө, 3.2, б сүрөтүндө эки жолдуу тилкенин жолдорунун биринде, эки жолдуу тилкенин эки жолундагысы 3.2, в сүрөтүндө келтирилген.

Жетектөөчү эңкейиш жана эки бекет арасында поезддердин жүрүүсүнүн жол берилген эң чоң ылдамдыгына жараша петардалар тиешелүү түрдө жаткырылууга жана ылдамдыкты азайтуу сигналдары орнотулууга тийиш болгон аралыкты көргөзгөн эки бекет араларынын тизмеси Темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.

Ташыма сигналдар

3.2. Ташыма сигналдарга эки тарабы кызыл түстөгү же бир тарабы кызыл, экинчи тарабы ак түстөгү тик бурчтуу формадагы калкандар, сары түстөгү (арт жагы жашыл түстөгү) квадрат калкандар, кызыл жарыктуу шырыктардагы чырактар, шырыктардагы кызыл желектер кирет.

3.3. Ташыма сигналдар менен төмөнкү талаптар берилет:

күндүз кызыл түстөгү тик бурчтуу калкан (же шырыктагы кызыл желек) жана түнкүсүн шырыктагы чырактын кызыл жарыгы — «Токто! Сигналдан өтүп кетүүгө болбойт» (3.3, а сүр.);

төмөндөгүдөй кооптуу жерлерде күндүз жана түнкүсүн сары түстөгү квадрат калкан (сүрөт 3.3, б):

эки бекет арасында — «Азайтылган ылдамдыкта кыймылга уруксат берилет, алдыда токтоону же азайтылган ылдамдыкта өтүүнү талап кылган кооптуу жер»;

бекеттин башкы жолунда — «Ылдамдыкты азайтуу менен кыймылга уруксат берилет»;

«Алдыда азайтылган ылдамдык менен өтүп кетүүнү талап кылган кооптуу жер».

Калган бекет жолдорунда — «Эскертүүдө көрсөтүлгөн ылдамдык менен, мындай эскертүү болбосо, 25 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен сигналдан өтүп кетүүгө уруксат берилет.

Эки бекет арасындагы жана бекеттин башкы жолундагы квадрат калкандын терс тарабы (жашыл түстүү) күндүз жана түнкүсүн (3.3 сүрөт в) машинист бүткүл курамы менен кооптуу жерден өтүп кеткен соң белгиленген ылдамдыкка чейин ылдамдыгын жогорулатууга укугу бар экенин көрсөтөт.

Эки бекет арасында поезддердин кыймылы үчүн тоскоолдуктардын ордун жана жумуш жасоо жерлерин тосмолоо

3.4. Эки бекет арасында поезддердин кыймылы үчүн ар кандай тоскоолдук поезд күтүлүүдөбү же жокпу ага карабастан, токтоо сигналдары менен тосмолонууга тийиш.

Эки бекет арасында поезддердин токтоосун талап кылган өндүрүш иштеринин орду тоскоолдуктардай эле тосмолонот.

Эки бекет арасындагы тоскоолдуктар эки жагынан тең тосмолонуучу тилкенин чектеринен 50 м узакта ташыма кызыл сигналдар менен тосулат. Бул сигналдардан 4-графанын 3.1 таблицасында көрсөтүлгөн Б аралыгында, жетектөөчү эңкейишке жана эки бекет арасында поезддердин максималдуу уруксат берилген ылдамдыгына жараша үч петарда жаткырылат жана жумуш ордуна жакын жакын жердеги биринчи петардадан 200 м узакта, жумуш ордунан нары көздөй ылдамдыкты азайтуунун ташыма сигналдары орнотулат.

Бир жолдуу тилкеде тоскоолдуктардын жана жумуш жасоо орундарынын тосулуш схемасы 3.4.а сүрөтүндө, эки жолдуу тилкенин жолдорунун бириндеги схема 3.4.б сүрөтүндө, эки жолдуу тилкенин эки жолундагы схема 3.4.в сүрөтүндө келтирилген.

Ылдамдыкты азайтуунун ташыма сигналдары менен петардалар жумуш ордуна карай биринчи петардадан 20 м узакта кызыл кол сигналдары менен турган сигналчылардын кайтаруусунда болушу керек. Ташыма кызыл сигналдар жумуш жетекчисинин байкоосу астында болууга тийиш.

Иштер жайылма түрдө (200 м ден ашык) жасалган учурда жумуштардын орду 3.4, г сүрөтүндө көрсөтүлгөн тартипте тосулат.

Тосмо талап кылган тилкенин чектеринен 50 м узакта орнотулган ташыма кызыл сигналдар жанында кызыл кол сигналдары менен турган сигналчылардын кайтаруусунда болууга тийиш.

Эки бекет арасында тоскоолдук же жумуш жасоо орду бекетке жакын турса жана ал жерди көрсөтүлгөн тартипте тосуу мүмкүн болбосо, анда эки бекет арасы жагынан ал ушул тарамда көрсөтүлгөндөй тосулат, бекет жагынан болсо ташыма кызыл сигнал кириш сигналынын (же «Бекет чектери» сигнал белгисинин) маңдайындагы жолдун огунда сигналчы тарабынан кайтарылган үч петарда түрүндө орнотулат (сүр. 3.5). Тоскоолдук же жумуш жасоо орду кириш сигналынан (же «Бекет чектери» сигнал белгисинен) 60 м ден азыраак аралыкта турса, анда бекет жагынан петардалар жаткырылбайт. Кириш сигналынын алдындагы тоскоолдуктун тосулуш схемасы 3.5 сүрөтүндө келтирилген.

Поезд ташыма сары белгиге жакындаганда машинист локомотивдин (моторвагондуу поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бир узун ышкырыгын берүүгө, кызыл кол белгиси бар сигналчыга жакындаганда токтоо белгисин берүүгө жана ташылма кызыл белгиден өтпөстөн токтоо үчүн поездди дароо токтотууга чара көрүүгө милдеттүү.

Темир жол транспортунун башка жумушчуларынан айырмалануу үчүн сигналчылар үстү сары түстөгү баш кийим жана сигнал күрмөсүн кийүүгө тийиш.

Поезддердин жүрүшүнө тоскоолдук кылган жерлер жана көп жолдуу эки бекет араларында жумуш жасоо орундары темир жол жетекчилиги тарабынан аныкталган тартипке жараша тосулат.

3.5. Капыстан тоскоолдук пайда болгондо жана керектүү ташыма сигналдар жокто тоскоолдуктун ордунда дароо токтоо сигналын орнотуу зарыл (3.6 сүрөт): күндүз кызыл желек, түнкүсүн кызыл жарыктуу чырак жана эки жагынан тең 4-графанын 3.1-таблицасында көрсөтүлгөн Б аралыгында, жетектөөчү эңкейишке жана эки бекет арасында поезддердин максималдуу уруксат берилген ылдамдыгына жараша үч петарда жаткырылат.

Петардалар биринчи петардадан тоскоолдуктун ордуна карай 20 м узакта кызыл кол сигналдарын тутуп турууга тийиш болгон темир жол транспортунун жумушчулары тарабынан кайтарылуусу керек.

Сигналдар биринчи кезекте күтүлүп жаткан поезд тарабынан орнотулат. Жалгыз жолдуу тилкелерде поезд кайсы тараптан келе жатканы белгисиз болсо, сигналдар биринчи кезекте эңкейиш тараптан тосмолонгон жерге, ал эми кыйшык же ойдуң тараптан аянтка орнотулат.

Капыстан пайда болгон тоскоолдуктарды тосмолоодо жумушчулардын кыймыл-аракетинин майда-чүйдөсүнө чейин такталган ирети темир жолдун тиешелүү нускамасы менен аныкталат.

3.6. Поезддер узатуучу менен гана өтө ала турган жерлер (15 км/сааттан аз ылдамдык менен), айрыкча эки жолдуу тилкелерде жолдордун бир деңгээлде түймөктөшкөн жерлери кыймылга тоскоолдук кылган жерлер катары тосулат, бирок петарда жаткырылбайт. Бул сигналдардын орнотулушу жөнүндө поезддерге жазуу түрүндө эскертүүлөр берилет.

Эскертүү берилбеген поездди узатуучусу менен өткөрүү керек болгон учурда петарда милдеттүү түрдө орнотулууга тийиш. Узатуучусу бар поезддер узак убакытка өткөрүлө турган болсо, анда ташыма кызыл сигналдарды жабык абалында калтырылган, алды жагында эскертүүчү светофорлор орнотулган калканч светофорлору менен алмаштырууга жол берилет (3.7 сүрөт).

Бул калканч светофорлорунун орнотулушу тууралуу жолдун жетекчисинин буйругу менен жарыя кылынат, бул жагдайда поезддерге эскертүү берилбейт.

Тосулуучу жердин эки жагынан тең жол посттору ачылганда поезддердин бул посттордун арасындагы кыймылы колдонулуп жаткан сигнализация каражаттарынын бирине жана узатуучусуз байланышка жараша ишке ашырылат. Айрым жагдайларда мында поезддин тиешелүү ылдамдык менен тосулган жерден өтүшүнө байкоо салуу үчүн узатуучусу да дайындалышы мүмкүн.

3.7. Петардалар ар кандай жагдайда үч даана жаткырылат: экөө поезддин жүрүшү боюнча жолдун оң рельсинде жана бирөө сол рельсинде (3.6 сүр. крз.). Петардалардын арасы 20 м ден болушу керек.

3.8. Ылдамдыкты азайтуунун ташыма сигналдары менен «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» деген сигнал белгилери 3.2 сүрөттө көрсөтүлгөн схемаларга жараша орнотулат.

Эки бекет арасында ылдамдыкты азайтууну талап кылган жер бекетке жакын жерде турса жана аны аныкталган тартипте тосмолоо мүмкүн болбосо, анда эки бекет арасы тараптан ал ушул тарамда көрсөтүлгөндөй тосулат, бекет тараптан болсо 3.8 сүрөттө көрсөтүлгөн тартипте тосулат.

Ташыма сары сигналга жакындаганда машинист локомотивдин (моторвагондуу поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бир узун ышкырыгын бериши жана «Кооптуу жердин башталышы» (сүр. 3.9, а) жана «Кооптуу жердин аягы» (сүр. 3.9, б) деген ташыма сигнал белгилери менен тосмолонгон жерди эскертүүдө көрсөтүлгөн ылдамдык менен, эскертүү жокто 25 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен өтүшү керек.

«Кооптуу жердин аягы» деген ташыма сигнал белгиси «Кооптуу жердин башталышы» белгисинин тескери жагында жайгаштырылат.

Ылдамдыкты азайтуунун ташыма сигналдары менен «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» деген сигнал белгилери бекет жолдорунда жана көп жолдуу эки бекет араларында кыскартылган шырыктар менен колдонулушу мүмкүн.

3.9. Токтоо же ылдамдыкты азайтуу сигналдары менен тосулууну талап кылбаган, бирок иштеп жаткандарга поезддин жакындашын эскертүүнү талап кылган жолдо жумуш жасоо орду «С» — ышкырык берүү ташыма сигнал белгилери менен тосулат, булар боюнда жумуштар жасалып жаткан жолдо, айрыкча ар бир коңшу башкы жолдун жанында орнотулат.

«С» — ышкырык берүү ташыма сигнал белгилери коңшу башкы жолдордун жанында жана токтоо сигналдары менен тосмолонгон жумуштар жасалып жаткан жагдайда (3.4, б жана 3.5 сүр. крз.) же ылдамдыкты азайтуу сигналдары менен ушундай эле тартипте орнотулат.

Поезддер 120 км/с ашык ылдамдык менен жүргөн эки бекет араларында «С» — ташыма сигнал белгилери жумуштар тилкесинин чектеринен 800-1500 м узакта орнотулат.

Поезд кыймылдарында жана бекеттерде иш жасоодо тоскоол болгон жерлердин тосулушу

3.10. Бекет жолдорунда жана жебелүү котормолордо кыймылга ар кандай тоскоолдук поезд (маневр курамы) күтүлүп-күтүлбөгөнүнө карабастан токтоо сигналдары менен тосулушу зарыл.

Бекет жолунда тоскоолдук орду же жумуш аткаруу жерлерин токтоо сигналдары менен тосуу учурунда ал жерге алып барган бүткүл жебелер ага кыймылдуу курам чыга албай тургандай абалда орнотулат же балдактар менен бекитилип, тигилет. Жолдун огунда тоскоолдук же жумуш аткаруу ордунда ташыма кызыл сигнал орнотулат (сүрөт 3.11, а).

Бул жебелердин кайсы биринин учу тоскоолдук же жумуш аткаруу ордуна багытталган болуп, жолду бекитүүгө мүмкүндүк бербей жатса, мындай жер эки жагынан тең тоскоолдук же жумуш аткаруу ордунун чектеринен 50 м узакта орнотулган ташыма кызыл сигналдар менен тосмолонот (сүр. 3.11, б). Жебелердин учу тоскоолдук же жумуш аткаруу ордунан 50 м ден жакыныраак жайгашкан учурда ар бир жебенин учу арасында ташыма кызыл сигналдар орнотулат (сүр. 3.11, в).

Жебелүү котормодо тоскоолдук же жумуш аткаруу орду ташыма кызыл сигналдар менен тосулган учурда сигналдар мындайча орнотулат: бириккен жолдордун ар биринин огунда чек мамысынын маңдайында крестовина жагынан: жебенин учунан 50 м узакта каршы тараптан (сүр. 3.12, а).

Тосмолонууга тийиш болгон жакын жерде башка жебе жайгашып, ал жебе тоскоолдук бар жерде жебелүү котормого кыймылдуу курам чыга албай турган абалга келтирүү мүмкүн болсо, мындай абалда жебе бекитилет же тигилет. Бул жагдайда мындай ажыратып турган жебе тараптан ташыма кызыл сигнал орнотулбайт (3.12, б сүр.).

Жебени көрсөтүлгөн абалга келтирүү мүмкүн болбосо, тоскоолдук же жумуш аткаруу ордунан 50 м узакта бул жебенин багытында ташыма кызыл сигнал орнотулат (крз. сүр. 3.12, а).

Тоскоолдук же жумуш аткаруу орду кириш жебесинде жайгашкан болсо, анда перегон тараптан ал жабык кириш сигналы менен, бекет тараптан болсо бириккен жолдордун ар биринин огунда чек мамычасынын маңдайында орнотулган ташыма кызыл сигналдар менен тосмолонот (сүр. 3.12, в).

Тоскоолдук же жумуш аткаруу орду кириш жебеси менен кириш сигналы арасында жайгашкан болсо, перегон тараптан ал жабык кириш сигналы менен, бекет тараптан болсо кириш жебесинин учтары арасында орнотулган ташыма кызыл сигналдар менен тосмолонот (3.12, г сүрөт).

Жебелүү котормодо тоскоолдукту тапкан жебе постунун нөөмөтчүсү тоскоолдук ордунда бир ташыма кызыл сигналын дароо (оңдоо иштеринин башталышына чейин) орнотууга жана муну бекет нөөмөтчүсүнө билдирүүгө тийиш.

3.11. Бекеттин башкы жолундагы ылдамдыкты азайтууну талап кылган жер 3.13 жана 3.14  сүрөттөрүндө көрсөтүлгөндөй, ылдамдыкты азайтуунун ташыма сигналдары жана «Кооптуу жердин башталышы» жана «Кооптуу жердин аягы» деген сигнал белгилери менен тосмолонот.

Ылдамдыкты азайтууну талап кылган жер бекеттин калган жолдорунда жайгашкан болсо, анда ал ылдамдыкты азайтуунун ташыма сигналдары менен гана тосмолонот. Бул сигналдардын орнотулуш тартиби 3.15 сүрөттө көрсөтүлгөн.

Бекет жолдорунда кыймылдуу курамдын тосмолонушу

3.12. Бекет жолдорунда оңдолуучу вагондор жана башка жолдордо турган 1-класстагы кооптуу жүк (жарылуучу заттар) 50 метрден кем эмес аралыкта жолдун огунда орнотулуучу ташыма кызыл сигналдар менен тосмолонот (эки жагы ачык жолдордо эки тарабынан, ал эми туюк жолдордо жебе котормосу тарабынан).

Бул жагдайда четки вагон чек мамычасынан 50 м ден жакын турса, анда бул тараптан ташыма кызыл сигнал чек мамычасынын маңдайында жолдун огунда орнотулат.

Жергиликтүү шарттарга жараша техникалык жактан тейлөөдө курамдардын же бөлөк вагон топторунун тосмолонуу тартиби темир жол бөлүмүнүн башчысы тарабынан, темир жол курамында темир жолдун бөлүмдөрү жокто темир жолдун башкы инженери тарабынан аныкталат.

Белгиленген тартипке ылайык, вагондордун техникалык тейлөөсүндө жана оңдоолорунда курамдарды борборлоштурулган тосмолоо механизми колдонулушу мүмкүн.

Эки бекет арасында аргасыз токтоого муктаж болгон поезддин тосмолонушу

3.13. Жүргүнчү поезди эки бекет арасында аргасыз токтогон учурда акыркы жүргүнчү вагонунун узатуучусу машинисттин көрсөтмөсү менен төмөндөгүдөй жагдайларда тосмо уюштурат:

эгер жардам куйрук жагынан көрсөтүлүп жатса, калыбына келтирүүчү же өрт өчүрүүчү поезд, айрыкча жардамчы локомотив талап кылынганда;

эгер поезд бүткүл сигнализация жана байланыш каражаттарынын иштөөсү токтогон учурда аркасынан башка поезддин жөнөтүлүшү тууралуу билдирүү менен туура жолдон эки жолдуу перегонго же жалгыз жолдуу эки бекет арасына жөнөтүлгөндө.

Токтогон поездди тосмологон акыркы жүргүнчү вагонунун узатуучусу кол тормозун аракетке келтирүүгө, поезддин куйругунан 800 м аралыкта петардаларды жаткырууга, андан соң жаткырылган петардалардын ордунан кайра поездге карай 20 м чегинүү жана эки бекет арасын көздөй кызыл кол сигналын көрсөтүүгө тийиш (сүр. 3.16).

Башка поезддер эки бекет арасында аргасыз токтогон учурда алар мындай жагдайларда гана тосмолонот: сигнализация жана байланыштын бүткүл каражаттарынын иштөөсү токтогон шарттарда жана жөнөтүү эки жолдуу эки бекет арасына же жалгыз жолдуу эки бекет арасына туура жол менен жасалат, аркасынан башка поезд жөнөтүлүп, бул тууралуу кабар берилет. Мында тосмолоо машинисттин жардамчысы тарабынан жасалат, ал поезд токтогон замат поезддин куйругуна барып, поезд сигналынын бар экенин текшерет, эки бекет арасына дыкаттык менен байкоо жүргүзөт жана аркасынан келе жаткан поезд көрүнгөн учурда аны токтотуу чараларын көрөт.

Эгер токтогон поездге жардам баш жагынан көрсөтүлүп жатса, алдыңкы поезддин машинисти калыбына келтирүүчү (өрт коопсуздугу поезди) же жардамчы локомотив жакындап келе жатканда жалпы коркунуч сигналы берет; күндүз айлана начар көрүнгөн шартта прожекторду күйгүзөт.

3.14. Эки бекет арасында токтогон жүргүнчү поездинин куйругун тосмологон вагон узатуучусу калыбына келтирүүчү (өрт коопсуздугу поезди) же жардамчы локомотив жакындап келип токтогон соң же жүргүнчү поезди токтогон жерге келген башка кызматкерге тосмону өткөрүп берген соң гана курамга кайтат.

Сигнализация жана байланыштын бүткүл каражаттарынын иштөөсү токтогон учурда жөнөтүлгөн поезддин куйругу тараптагы машинисттин жардамчысы аркадан келе жаткан поезд жакындап келип токтогондо же тосмолоо муктаждыгы өтүп кеткенде машинисттин локомотивдин ышкырыгы менен берилген сигналы боюнча локомотивге кайтат.

3.15. Автобөгөт менен жабдылган тилкелерде эки бекет арасында жүргүнчү поезди токтогон учурда акыркы жүргүнчү вагонунун узатуучусу поезд сигналдарынын көрүнөөлүгүн текшерүү, эки бекет арасына дыкаттык менен байкоо жүргүзүү жана аркасынан келе жаткан поезд көрүнгөн учурда аны токтотуу чараларын көрүүгө милдеттүү.

3.16. Рельстен чыгуу, кагышуу, кулаган жүктөн ж.д.у.с. улам эки жолдуу же көп жолдуу эки бекет арасында поезд аргасыздан токтогон учурда, коңшу жолдо поезддердин кыймылы үчүн пайда болгон тоскоолдук жерин тосмолоо талап кылынганда машинист жалпы коркунуч сигналын берүүгө тийиш.

Мында жүргүнчү поезди токтогон учурда тосмолоо машинисттин жардамчысы тарабынан баш жагынан, куйрук жагынан акыркы жүргүнчү вагонунун узатуучусу тарабынан поезддин башы жана куйругунан 1000 м узакта (3.17, а сүрөтүндө көрсөтүлгөндөй) петарда коюу жолу менен болсо жасалат.

Калган поезддер токтогон учурда машинисттин жардамчысы тарабынан тоскоолдук ордунан 1000 м узакта поезд келиши күтүлүп жаткан жол тараптагы коңшу жолдо петарда жаткыруу менен тосмолоо жасалат (сүрөт 3.17, б). Поезддин башы тоскоолдук ордунан 1000 м ден чоң аралыкта болсо, коңшу жолдогу петардалар локомотивдин маңдайында жаткырылат. Эгер поезд машинисти тарабынан коңшу жол менен туура эмес багытта поезд жөнөтүлгөнү тууралуу кабар алынса, ал радиобайланыш аркылуу тоскоолдук ордунан ошондой эле аралыкта каршы тарабынан петарда жаткырышы үчүн машинисттин жардамчысын чакырууга тийиш.

Жүргүнчү поезддери 120 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүргөн тилкелерде петарда жаткырылышы керек болгон аралыктар Темир жол жетекчилиги тарабынан аныкталат. Петардалар жаткырылган соң машинисттин жардамчысы менен вагон узатуучусу жаткырылган петардалардын ордунан кайра поездди көздөй 20 м чегинүүсү жана поезд келиши ыктымал болгон тарапка кызыл сигналды көрсөтүүсү керек.

3.17. Эки бекет арасында аргасыз токтогон поезддин куйругу менен башынын, ошондой эле эки бекет арасынын эки жолдогу же көп жолдогу коңшу жолунда поезддердин кыймылы үчүн тоскоолдуктардын ордунун тосмолонушуна алдыңкы локомотивдин машинистинин буйругу менен локомотив бригадасынын жумушчулары, жүргүнчү вагон узатуучулары, кондукторлор, ошондой эле башка кызматтардын жумушчулары тартылышы мүмкүн.

Жүргүнчү поезддеринин локомотивдеринин бир машинист тарабынан тейленишинде эки бекет арасында аргасыз токтогон поезд машинисттин радиобайланыш аркылуу берген көрсөтмөсү менен жүргүнчү поездинин башчысы (бригадир-механик) жана вагон узатуучулары тарабынан тосмолонот.

4-бөлүм. Кол сигналдары

4.1. Кол сигналдары менен мындай талаптар коюлат:

а) күндүз желбиреген кызыл желек жана түнкүсүн кол чырагынын кызыл жарыгы менен «Токто! Кыймылга тыюу салынат» (4.1 сүр.).

Күндүз кызыл желек, ал эми түнкүсүн кызыл жарыктуу кол чырагы болбосо, токто деген сигнал күндүз сары желекти, ал эми түнкүсүн чырактын ар кандай түстөгү жарыгын кол же кандайдыр бир нерсенин жардамы менен айланта жүргүзүү менен берилет (4.2 сүр.).

күндүз желбиреген кызыл желек жана түнкүсүн кол чырагынын сары жарыгы менен «темир жол жетекчилигинин эскертүүсү же буйругунда көрсөтүлгөн ылдамдыкта, бул көрсөтмөлөр жокто 25 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилет» (сүр. 4.3).

Кол чырагынын сары жарыгы бекет чектеринде гана колдонулушу мүмкүн. Түнкүсүн сары жарыктуу кол чырагы жокто ылдамдыкты азайтуу сигналы тунук ак түстөгү жарыгы бар кол чырагынын өйдө-ылдый жай кыймылы менен берилиши мүмкүн (сүр. 4.4).

Эки бекет арасында ылдамдыкты азайтуу сигналы бүткүл жагдайларда тунук ак түстөгү жарыгы бар кол чырагынын өйдө-ылдый жай кыймылы менен гана берилүүгө тийиш (4.4 сүр. крз.).

4.2. Автотормозду текшерүүдө мындай сигналдар берилет:

Машинистке тормоз берүүнү текшерүү талабы (оозеки эскертүүдөн кийин): күндүз — тик көтөрүлгөн кол менен, түнкүсүн тунук ак түстөгү жарыгы бар көтөрүлгөн кол чырагы менен (сүр. 4.5). Машинист локомотивдин бир кыска ышкырыгы менен жооп берет жана тормоз берүүгө киришет;

машинистке тормозду коё берүү талабы: күндүз — өз алдында колдун туурасынан кыймылы менен, түнкүсүн — тунук ак түстөгү жарыгы бар кол чырагынын ушундай эле кыймылдары менен (сүр. 4.6). Машинист локомотивдин эки кыска ышкырыгы менен жооп берет жана тормозду коё берет.

Автотормозду текшерүүдө көрсөтмө берүү үчүн радиобайланыш же эки тараптуу парк байланыш механизмдери колдонулушу мүмкүн.

4.3. Поезд жөнөтүүгө милдеттендирилген бекет нөөмөтчүсү поездди бекеттен жөнөтүү же өткөрүүдө күндүз — сунулган колунда тик көтөрүлгөн кара кыюулуу ак түскө боёлгон же түрүлгөн сары желек; түнкүсүн — көтөрүлгөн жашыл жарыктуу кол чырагын көрсөтөт (сүр. 4).

Бул поезддин бекеттен (эки бекет арасын ээлөөгө тиешелүү уруксат барда чыгуучу сигналдары жок жолдордон) жөнөй же бекеттен токтоосуз өтүү үчүн аныкталган ылдамдыкта өтө ала турганын билдирет. Көрсөтүлгөн сигнал поезд токтоосуз жүрүп баратканда кирип жаткан поезддин локомотивинин бекет нөөмөтчүсүнүн жанынан өтүшүнө чейин көрсөтүлөт.

Ыраат боюнча токтомосу болбогон жүргүнчү, почта-багаж жана жүк-жүргүнчү поездин токтотуу үчүн поезд тосуп алууга милдеттендирилген бекет нөөмөтчүсү күндүз кызыл кол дискин же желбиреген кызыл желекти, түнкүсүн кол чырагынын кызыл жарыгын көрсөтүшү керек (сүр. 4.8).

Бекет нөөмөтчүсүнүн жумуш орду жебе постуна чыгарылган бекеттерде бекет нөөмөтчүсү каптал жолго же бекетте (ыраатына карабастан) токтой турган поездди кабыл алуу жагдайында күндүз желбиреген сары желекти, түнкүсүн кол чырагынын сары жарыгын көрсөт.

Бекет нөөмөтчүсү поезддерди кызыл түстөгү баш кийимчен тосуу жана узатууга тийиш.

4.4. Сигналчылар менен жебе постторунун нөөмөтчүлөрү поезддерди мындайча тосуп алат:

бекетте токтомосуз башкы жолдо өткөрүү жагдайында: күндүз — түрүлгөн сары желек менен; түнкүсүн — кол чырагынын тунук ак түстөгү жарыгы менен (сүр. 4.9);

каптал жолго же бекетте токтой турган поездди кабыл алуу жагдайында күндүз желбиреген сары желек менен, түнкүсүн кол чырагынын сары жарыгы менен (сүр. 4.10).

4.5. Сигналчылар менен жебе постторунун нөөмөтчүлөрү бекеттен чыгып жаткан поезддерди бүткүл жагдайларда түрүлгөн сары желек жана кол чырагынын тунук ак түстөгү жарыгы менен узатат.

4.6. Поездден токтоо сигналы локомотивдин машинистине: күндүз желбиреген кызыл желек менен, түнкүсүн кол чырагынын кызыл жарыгы менен берилет.

4.7. Токтогон соң бекеттен жүргүнчү поездинин жөнөтүлүшүндө радиокупеси (штаб) жана бар жүргүнчү жана куйрук вагондорунун узатуучулары (поезддердин туңгуюк жолдорунан жөнөтүлүш жагдайларынан тышкары) жүргүнчү платформасы тарапка (платформанын аягына чейин):

күндүз — түрүлгөн сары желекти;

түнкүсүн — тунук ак түстөгү жарыгы бар кол чырагын көрсөтүүгө тийиш.

Бул поезддин аман-эсен жүрүп баратканын көрсөтөт. Калган вагондордун узатуучулары поезд жолго чыккан учурда вагондун каптал эшиктерин жабат жана платформаны бойлой өтүп баратканда берилиши мүмкүн болгон сигналдарды тамбур терезесинен байкап турат.

4.8. Эки бекет араларында темир жол жана жасалма курулуш кыдыруучулары менен өтмөк нөөмөтчүлөрү жол бош кезде поезддерди:

күндүз — түрүлгөн сары желек менен;

түнкүсүн — кол чырагынын тунук ак түстөгү жарыгы менен тосуп алат (сүр. 4.11).

Ылдамдык азайтуу же токтоо сигналдары менен тосмолонгон жерлерде алар поезддерди күндүз же түнкүсүн жолдо орнотулган сигналдарга шайкеш сигналдар менен тосуп алат.

5-бөлүм. Сигнал көрсөткүчтөрү менен белгилери. Каттам көрсөткүчтөрү

5.1. Поезд же маневр курамынын кабыл алынуу же жүрүү багытын көрсөтүү керек болгон жагдайларда, светофор мачталарында же өзүнчө мачтада жайгаштырылган ак түстөгү жарыктуу каттам көрсөткүчтөрү (санарип, тамга же абал көрсөткүчтөрү) колдонулат (сүр. 5.1, а).

Поезддин чыгууга уруксат берилген жолунун номерин көрсөтүү үчүн топтуу чыгуучу жана каттам светофорлорунда жашыл түстөгү жарыктуу каттам көрсөткүчтөрү орнотулат (сүр. 5.1, б).

Бул көрсөткүчтөр чыгуучу жана каттам светофорунда ай түстүү ак жарык күйүп турганда маневр курамынын жүрүүгө уруксат берилген жолунун номерин көрсөтүү үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Жебе көрсөткүчтөрү

5.2. Эки жакка караган жалгыз жебелердин жарык берилген жебе көрсөткүчтөрү мындай көрсөтөт:

жебе түз жолдо орнотулган — күндүз көрсөткүчтүн кууш тарабынын ак тик бурчтугу; түнкүсүн — сүт түстүү ак жарык (сүр. 5.2, а);

жебе каптал жолдо орнотулган — күндүз көрсөткүчтүн кең тарабы; түнкүсүн — сары жарык (сүр. 5.2, б).

5.3. Кесишкен жебелердин абалы жөнөкөй эки жебе көрсөткүчү менен белгиленип, алар жебелердин мындайча орнотулганын көрсөтөт:

түз жолдо — күндүз эки көрсөткүчтө тең көрсөткүчтөрдүн кууш тарабынын ак тик бурчтуктары; түнкүсүн — сүт түстүү ак жарыктар (сүр. 5.3, а);

түз жолдун кесилиши менен — күндүз эки көрсөткүчтө тең көрсөткүчтөрдүн кең тарабы; түнкүсүн — сары жарыктар (сүр. 5.3, б);

түз жолдон каптал жолго күндүз — жакынкы көрсөткүчтө көрсөткүчтүн кең тарабы; түнкүсүн — сары жарык көрүнүп турат, алыскысында — күндүз көрсөткүчтүн кууш тарабынын ак тик бурчтугу; түнкүсүн — сүт түстүү ак жарык көрүнүп турат (сүр. 5.3, в);

каптал жолдон түз жолго күндүз жакынкы көрсөткүчтө көрсөткүчтүн кууш тарабынын ак тик бурчтугу; түнкүсүн — сүт түстүү ак жарык көрүнүп турат, алыскысында — күндүз көрсөткүчтүн кең тарабы; түнкүсүн — сары жарык көрүнүп турат (сүр. 5.3, г).

5.4. Жарык берилбеген жебе көрсөткүчтөрү мындайча көрсөтөт:

түз жолдо орнотулган — жебе сымал көрсөткүч кыры менен жолду бойлой багытталган (сүр. 5.4, а);

Жебе каптал жолдо орнотулган — жебе сымал көрсөткүч каптал жол тарапка багытталган (сүр. 5.4, б).

Ыргытма жана жол тосмо механизмдеринин көрсөткүчтөрү

5.5. Ыргытма жана жол тосмо механизмдеринин көрсөткүчтөрү мындайча көрсөтөт:

«Жол тосулган» — күндүз жатык кара тилкелүү ак айлана; түнкүсүн — ошол эле кара тилкелүү сүт түстүү ак жарык көрүнүп турат (сүр. 5.5).

«Жолдун тосмосу алынган» — күндүз тик кара тилкелүү ак айлана же тик бурчтук; түнкүсүн — ошол эле кара тилкелүү сүт түстүү ак жарык көрүнүп турат (сүр. 5.6).

Ыргытма жана механизмдеринин (ыргытма башмак, ыргытма курч рельстер же ыргытма жебелери) орнотулуш жерлери бул механизмдер борборлоштурууга кошулбаган жана тосмолоочу абал көзөмөлү болбогон жагдайларда көрсөткүчтөр менен жабдылат.

Таянычтардагы жол тосмолорунун көрсөткүчтөрү брустун оң учунда орнотулат жана жол тарапка гана сигнал көрсөткүчүн берет (сүр. 5.7). Бул көрсөткүчтөр жарык берилүүчү же берилбөөчү болушу мүмкүн, бул бекеттин техника-буйрук актысы менен аныкталат.

Жол тосмолорунун сигнал аспаптары катары типтүү жебе чырактарын колдонууга уруксат берилет.

Гидравликалуу колонкалардын көрсөткүчтөрү

5.6. Эгер колонканын айланма бөлүгү жолдо туурасынан орнотулган болсо, гидравликалуу колонкалардын чырак деген көрсөткүчү түнкүсүн эки тарапка тең кызыл жарыкты көрсөтөт; күндүз колонканын кызыл түскө боёлгон айланма бөлүгүнүн өзү көрүнүп турса, — бул «Токто!» сигналы (сүр. 5.8).

Эгер колонканын айланма бөлүгү жолду бойлой орнотулган болсо, түнкүсүн эки тарапка тең тунук ак жарык көрүнүп турат.

Поезддерде бузук вагондордун барлыгынын көрсөткүчтөрү

5.7. Темир жолдун кыймылдуу курамдын техникалык абалын автоматтык түрдө текшерүү каражаттары орнотулган тилкелеринде поезддин жүрүшүндө контакт тармагынын таянычтарында же өзүнчө мачталарда орнотулган жарыктуу көрсөткүчтөр (сүр. 5.9) же оозеки информаторлор колдонулат.

Сигнал көрсөткүчүндө поезддерде бузук вагондордун барлыгы тууралуу сигнал берген тунук ак түстөгү жаркыраган тилкелер пайда болгондо жана бекет нөөмөтчүсүнөн (поезд диспетчеринен) поезддин бекетке жүрүү мүмкүндүгү же эки бекет арасында дароо токтоо керектиги тууралуу көрсөтмө алынганда машинист тийиштүү түрдө төмөнкүлөрдү жасоого милдеттүү:

ылдамдыкты 20 км/саатка жайлатып азайтуу жана чыгуучу сигналдын көрсөтмөлөрүнө карабастан токтоо жасап, курамга байкоо жүргүзүп, бекеттин кабыл алуу жолуна өзгөчө этият менен жүрүү чараларын көрүү;

эки бекет арасында поездди кызмат тормозун тебүү менен токтотуу, бул тууралуу эки бекет арасындагы поезд машинисттерине кабар берүү, бузук вагондорду карап чыгуу жана бекет нөөмөтчүсүнө (поезд диспетчерине) поезддин бекетке жүрүү мүмкүндүгү же курамга вагон текшерүүчүлөрүн талап кылуу.

Бул жагдайда бекет нөөмөтчүсү (поезд диспетчери) поезддердин коопсуз өткөрүлүшүн камсыздаган кошумча чараларды көрөт: коңшу жолдордо бараткан поезд машинисттерине кабар берет жана керектүү учурда поезддердин бекеттен чыгышын кечеңдетет.

Сигнал көрсөткүчтөрүнө нормалдуу жарык берилбейт жана алардын сигнал мааниси жок.

Бөгөт тилкелеринин чектеринин көрсөткүчтөрү

5.8. Темир жолдун сигнализация жана байланыштын өз алдынча каражаты катары колдонулган автоматтык локомотив сигнализациясы менен жабдылган тилкелеринде бөгөт тилкелеринин чектеринде жарык чагылдыргычтары жана санарип литералуу табличкалары бар сигнал белгилери орнотулат (сүр. 5.10).

«Ток кабыл алуучуну түшүр» көрсөткүчтөрү

5.9. Аба аралыктарынын алдында контакт тармагынын секцияларынын биринде чыңалуунун капыстан алынышы жагдайында ток кабыл алуучулары көтөрүлгөн электирлүү кыймылдуу курамдын өтүшүнө жол берилбеген туруктуу электир агымынын электирлештирилген тилкелеринде контакт тармагынын таянычтарында же өзүнчө мачталарда жайгаштырылган «Ток кабыл алуучуну түшүр» деген жарыктуу сигнал көрсөткүчтөрү колдонулат (сүр. 5.11).

Сигнал көрсөткүчүндө тунук ак түстөгү күйүп-өчкөн жаркыраган тилке пайда болгондо машинист тосмолонуучу аба аралыгын түшүрүлгөн ток кабыл алуучулары менен дароо өтүү үчүн чара көрүүгө тийиш.

Сигнал көрсөткүчтөрүнүн тилкелерине нормалдуу жарык берилбейт жана бул абалда көрсөткүчтөрдүн сигнал мааниси жок.

Туруктуу сигнал белгилери

5.10. «Газ» жана «Мунай» туруктуу сигнал белгилери (5.12, а, б сүрөттөрү) темир жолдордун мунай жана газ продуктуларынын түтүктөрү менен кесилишкен жерлеринде түздөн-түз контакт тармагынын таянычтарында же өзүнчө мачталарда орнотулат жана кесилиш жерине чоң этият (кыраакылык) менен жүрүү зарылдыгына ишарат кылат.

«Карст кооптуу тилке» жана «Карст кооптуу тилкенин аягы» туруктуу сигнал белгилери (5.12, в, г сүрөттөрү) темир жолдор карст баскан аймактарда өткөн жерлерде түздөн-түз контакт тармагынын таянычтарында же өзүнчө мачталарда орнотулат жана тосмолонгон тилкенин чоң этият (кыраакылык) менен өтүлүшү керектигине ишарат кылат.

5.11. «Тормоз берүүнүн башталышы» (сүр. 5.13, а) жана «Тормоз берүүнүн аягы» туруктуу сигнал белгилери (сүр. 5.13, б) локомотив машинистине жүрүп бараткан жолунда автотормоздордун иштөөсүн текшерүү орундарын көрсөтөт.

Мындай сигнал белгилеринин жайгаштырылыш тартиби комиссия тарабынан аныкталат жана темир жол башчысы тарабынан бекитилет.

5.12. «Ток кабыл алуучуну түшүр» деген сигнал көрсөткүчүнүн колдонулуш жагдайында анын алдында «Көңүл бургула! Электир агымын бөлүштүрүү орду» деген чагылдыргычтары бар туруктуу сигнал белгиси орнотулат (сүр. 5.14, а).

Ичинде чагылдыргычтары бар «Ток кабыл алуучуну көтөр» сигнал белгиси жүрүш багытын көздөй аба аралыгынын артында орнотулат (сүр. 5.14, б).

«Ток кабыл алуучуну түшүр» деген сигнал көрсөткүчүнүн жана «Ток кабыл алуучуну көтөр» жана «Көңүл бургула! Электир агымын бөлүштүрүү орду» деген туруктуу сигнал белгилеринин орнотулуш схемасы 5.15 сүрөтүндө келтирилген. Алардын жайгаштырылышы туруктуу сигналдардын көрүнүшүн жана кабыл алуусун начарлатпоосу зарыл.

12 вагондуу электир поезддеринин айланышында аба аралыгынан «Ток кабыл алуучуну көтөр» туруктуу сигнал белгисине чейинки аралык 250 м ден кем болбошу керек.

5.13. Аба аралыктарын чектеп турган контакт тармагынын таянычтарынын айырмалоочу белгиси — кезектешкен төрт кара жана үч ак жатык тилке болушу керек. Айрыкча поезддин жүрүү багыты боюнча биринчи таяныч тик кара тилке менен кошумча түрдө белгиленет (сүр. 5.16, а).

Белгилер түздөн-түз таянычтарда бекитилген тирөөчтөр же калкандарга тагылышы мүмкүн (сүр. 5.16, б). Көп жолдуу тилкелерде жогоруда айтылган белгилердин жолдун огунун үстүндөгү контакт тармагынын конструкцияларында орнотулушуна жол берилет. Ток кабыл алуучулары көтөрүлгөн электир кыймылдуу курамдын бул эки таяныч (белги) арасында токтоосуна тыюу салынат.

5.14. Чек мамычалары андан ары жебе котормосу же туюк кесилиш багытында жолдо кыймылдуу курамдын коюлбашы керек болгон жерди көрсөтөт (5.17, а, б сүрөттөрү). Башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун жанындагы чек мамычаларынын айырмалоочу түсү болушу керек (5.17, б сүр. крз.).

5.15. «Бекет чеги» белгиси (сүр. 5.18) эки жолдуу жана көп жолдуу тилкелердеги бекеттин чегин көрсөтөт. Белгидеги жазуу эки жагында тең болушу керек.

5.16. Чагылдыргычтары бар «Кооптуу жердин башталышы» (сүр. 5.19, а) жана «Кооптуу жердин аягы» (сүр. 5.19, б) туруктуу сигнал белгилери поезддердин азайтылган ылдамдыкта өтүшүн талап кылган тилкенин чектерин көрсөтөт. «Кооптуу жердин аягы» сигнал белгиси «Кооптуу жердин башталышы» белгисинин тескери жагында жайгаштырылат.

5.17. «С» ышкырык берүү белгиси деген эскертүүчү сигнал белгилери туннел, көпүрө, темир жол өтмөктөрү ж.д.у.с. алдында орнотулат (сүр. 5.20);

«Локомотивдин токтомосу» (сүр. 5.21) темир жол бөлүмүнүн башчысы тарабынан, темир жол курамында темир жолдун бөлүмдөрү жокто темир жолдун башкы инженери тарабынан дайындалган комиссия тарабынан белгиленген жерлерде орнотулат.

5.18. Чагылдыргычы бар эскертүүчү сигнал белгилери электирлештирилген тилкелерде:

«Электир агымын өчүр» (сүр. 5.22, а) — нейтралдуу кыстырманын алдында;

«Электировоздо электир агымын күйгүз» (сүр. 5.22, б);

«Электир поездинде электир агымын күйгүз» (сүр. 5.22, в) — нейтралдуу кыстырманын артында орнотулат.

Бул белгилердин орнотулуш схемасы 5.23-сүрөттө келтирилген.

«Контакт асмасынын аягы» сигнал белгиси (сүр. 5.24) контакт зымынын иш аймагы бүткөн жерлерде контакт тармагында орнотулат.

5.19. «Биринчи вагондун токтомосу» эскертүүчү сигнал белгиси (сүр. 5.25) моторвагондуу поезддер айланган жүргүнчү платформаларында орнотулат.

Убактылуу сигнал белгилери

5.20. Ток кабыл алуучулары көтөрүлгөн электирлүү кыймылдуу курамдын өтүшүнө жол берилбеген жерлерде (контакт тармагы бузук кезде, пландуу оңдоо жана курулуш жумуштары жасалып жатканда поезддер өтүп баратканда Ток кабыл алуучуларды түшүрүү керек болгондо) чагылдыргычы бар төмөнкүлөрдү көрсөткөн убактылуу сигнал белгилери орнотулат:

«Ток кабыл алуучуларды түшүрүүгө даярдан» (сүр. 5.26, а);

«Ток кабыл алуучуларды түшүр» (сүр. 5.26, б);

«Ток кабыл алуучуларды көтөр» (сүр. 5.26, в).

Бул белгилердин орнотулуш схемасы 5.27-сүрөттө келтирилген.

Жолдордун биринде поезддер өткөн жана контакт тармагы менен жабдылбаган убактылуу түшмө жолдор салынган эки жолдуу тилкеде пландуу оңдоо, жол жана курулуш жумуштары жасалып жатса «Ток кабыл алуучуларды түшүр» сигнал белгиси тосмолонгон тилкеден эң аз 100 м аралыкта орнотулат. Калган сигнал белгилери 5.27-сүрөтүндө көрсөтүлгөн схемага жараша орнотулат.

Ток кабыл алуучулары көтөрүлгөн электирлүү кыймылдуу курамдын өтүшүнө жол бербеген контакт тармагына доо кеткен жер капыстан табылган жагдайда бул бузукту тапкан электир менен камсыз кылуу дистанциясынын жумушчусу күтүлүп жаткан поезд тарапка 500 м ге чегинип, келе жаткан поезддин машинистине «Ток кабыл алуучуну түшүр» кол сигналын берүүгө тийиш (сүр. 5.28):

Күндүз — сол колун тик көтөрүп, оң колу менен өз маңдайында жатык сызык боюнча кайталануучу кыймылдар менен;

түнкүсүн — тунук ак түстөгү чырактын кайталануучу тик жана жатык кыймылдары менен.

Машинист: кабар сигналын берүүгө, электир чынжырынын электир агымын өчүрүп, ток кабыл алуучуну түшүрүү жана өзгөчө кыраакылык менен доо кеткен жерди өтүү, контакт тармагынын түзүктүгүнө көзү жеткен соң, ток кабыл алуучуну көтөрүү жана кыймылды улантууга милдеттүү.

5.21. Кар тазалагычтар иштеп жаткан тилкелерде мындай убактылуу сигнал белгилери орнотулат:

«Тишти көтөр, канаттарды жап» — тоскоолдуктун алдында (сүр. 5.29);

«Тишти түшүр, канаттарды ач» — тоскоолдуктан кийин (сүр. 5.30).

Тез иштөөчү кар тазалагычтар иштеп жаткан тилкелерде «Тишти көтөр, канаттарды жап» белгилеринин алдында айрыкча «Тишти көтөрүү жана канаттарды жабууга даярдан» убактылуу сигнал белгилери орнотулат (сүр. 5.31).

Кар тазалагычтар иштеп жаткан тилкелерде белгилердин орнотулуш схемалары 5.32-сүрөтүндө, тез иштөөчү кар тазалагычтар иштеп жаткан тилкелердеги схемалар болсо 5.33-сүрөтүндө келтирилген.

Араларында кар тазалагычтын иштөөсү мүмкүн болбогон жакын жайгашкан эки тоскоолдук барда, шырыкта эки белги бири экинчисинин астында жайгаштырылат (сүр. 5.34).

5.22. Сигнал белгилеринде орнотулган чагылдыргычтар тунук ак айнектен, айрым сигнал белгилеринде болсо бекитилген техникалык талаптарга ылайык жасалышы керек. Ак түстөгү жарык чагылдыруучу материалдан чагылдыргычтар колдонулушу мүмкүн.

6-бөлүм. Маневр иштеринде колдонулган сигналдар

6.1. Маневр светофорлору менен төмөнкүдөй сигналдар берилет: бир ай түстүү ак жарык — «Маневр жасоого уруксат берилет» (сүр. 6.1); бир көк жарык — «Маневр жасоого тыюу салынат» (сүр. 6.2).

Маневр жасоого уруксат чыгуучу жана каттам светофорлору менен кызыл жарыгы өчүк кезде бир ай түстүү ак жарык түрүндө берилиши мүмкүн. Маневр районунда чыгуучу жана каттам светофорлорунун кызыл жарыгын өтүүгө топ маневр светофорлорунун ай түстүү ак жарыгы менен да уруксат берилиши мүмкүн.

Эки тараптуу кыймыл үчүн автомат бөгөт менен жабдылган бир жолдуу, ошондой эле эки жолдуу линия бекеттеринде, бекет тараптан кирүүчү светофордун мачтасындагы маневр светофорунда бир ай түстүү ак жарык сигналы — «Маневр жасап жаткан курамдын бекет чегинен чыгуусуна уруксат берилет» колдонулушу мүмкүн.

Бекеттин белгилүү районунда маневрлорго уруксат берген топ маневр светофору менен бир же эки тарапка сигналдар берилет.

Маневр светофорлорунда зарыл жагдайларда жол жетекчисинин уруксаты менен көк жарык ордуна кызыл жарыктар колдонулушу мүмкүн.

Сорттоочу тартма жолдордо түрткү менен маневр жасоодо сигнал берүү үчүн темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипке жараша светофор сигнализациясынын колдонулушуна уруксат берилет.

Маневр светофорлорунда электирлүү жебе жана сигнал борборлоштуруусу бар бекеттерде зарыл жагдайларда эки ай түстүү ак жарык сигналы колдонулушу мүмкүн — «Маневр жасоого уруксат берилет; бул светофор менен тосмолонгон жол бош».

6.2 Дөбө светофорлору менен мындай сигналдар берилет (сүр. 6.3):

бир жашыл жарык — «Белгиленген ылдамдыкта вагондордун таратылышына уруксат берилет»;

бир сары жарык — «Азайтылган ылдамдыкта вагондордун таратылышына уруксат берилет»;

бир сары жана бир жашыл жарык — «Белгиленген жана азайтылган арасындагы ылдамдыкта вагондордун таратылышына уруксат берилет»: бир кызыл жарык — «Токто! Таратууга тыюу салынат»:

жарык көрсөткүчүндө кызыл жарык менен бир убакта күйүп турган ак түстөгү «Н» тамгасы, — «Кабыл алуу паркынын жолунда же тартма жолдо дөңдөн вагондорду токтот».

Дөбө светофорлорунун бир жашыл жарык, бир сары жана жашыл жарык жана бир сары жарыгы менен сорттомо дөбөлөрдөгү вагондорду таратуу ылдамдыгы темир жол башчысы тарабынан белгиленет.

Дөбө светофорунун сигналдарынын көрүнүшү камсыздалбаган жагдайларда машинисттин дөбө светофорунун көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматы үчүн кайталама светофорлор же дөбө автоматтык локомотив сигнализациясы колдонулат. Кайталама жана локомотив светофорлору негизди дөбө светофорунукундай эле жарыктар менен сигнал берүүгө тийиш. Кабыл алуу паркынын жолдорунун ортосунда кайталама светофорлордо кызыл жарык ордуна көк жарык орнотулушу мүмкүн.

Кабыл алуу паркынын жолдорунда дөбө светофоруна чейин курамдарды берүүгө уруксат берүү, ошондой эле дөбө алдындагы жолдордо сигнализация үчүн маневр светофорлору колдонулушу мүмкүн.

6.3. Бекет нөөмөтчүсү же маневр жетекчисинин көрсөтмөсү тарабынан жекече, радиобайланыш, эки тараптуу парк байланышы механизмдери аркылуу же кол сигнал аспабы менен берилген сигнал боюнча маневр светофорлору жокто маневр жасоодо кызыл жарыктуу чыгуучу жана каттам светофорлорун өтүүгө уруксат берилет.

6.4. Маневр жасоодо мындай кол жана үн сигналдары берилет:

«Локомотивге алдыга башкаруу менен жүрүүгө уруксат берилет» — күндүз желбиреген сары желеги бар өйдө көтөрүлгөн колдун кыймылы менен; түнкүсүн — тунук ак жарыктуу кол чырагы (сүр. 6.4) же бир узун дабыш менен;

«Локомотивге артка башкаруу менен жүрүүгө уруксат берилет» — күндүз желбиреген сары желеги бар ылдый түшүрүлгөн колдун кыймылы менен; түнкүсүн — тунук ак жарыктуу кол чырагы (сүр. 6.5) же эки узун дабыш менен;

«Акырын» — күндүз желбиреген сары желектин өйдө жана ылдый жай кыймылы менен; түнкүсүн — тунук ак жарыктуу кол чырагы (сүр. 6.6) же эки кыска дабыш менен;

«Токто!» — күндүз желбиреген кызыл же сары желектин тегерек кыймылы менен; түнкүсүн — ар кандай жарыктуу кол чырагы (сүр. 6.7) же үч кыска дабыш менен.

Маневр жасоодо үн сигналдары кол ышкырыгы же үйлөмө сыбызгы менен.

6.5. Маневр жасоодо сигналдар булардын аткарууга кабыл алынганын ырастаган локомотивдин (моторвагондуу курамдын), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ышкырыктары менен кайталанууга тийиш.

Сигналчыга же жебе постунун нөөмөтчүсүнө жебени тигил же бул жолго орнотуу тапшырмасы бекеттин техникалык-башкаруучу актысы менен белгиленген тартипке ылайык бекеттин техникалык жактан жабдылышына жараша түрлүү узундуктагы дабыштар (локомотив ышкырыктары же маневр жетекчилеринин ышкырыктары) же башка каражаттар менен берилиши мүмкүн.

7-бөлүм. Поезд, локомотив жана башка кыймылдуу курамдарды белгилөө үчүн колдонулган сигналдар

7.1. Бир жолдуу же эки жолдуу тилкенин туура жолунда баратканда поезддин башы күндүз сигналдар менен белгиленбейт, түнкүсүн буфер брусунун жанында эки тунук ак жарык менен белгиленет (сүр. 7.1, а).

Туура эмес жолдо баратканда поезддин башы күндүз жана түнкүсүн сол тарабынан чырактын кызыл жарыгы менен, оң тарабынан чырактын тунук ак жарыгы менен белгиленет (сүр. 7.1, б).

Бир жолдуу же эки жолдуу тилкелердин туура жана туура эмес жолунда баратканда поезддин башында же вагонсуз бараткан локомотивде түнкүсүн прожектордун сигналдуу тунук ак жарыгы кошулат. Моторвагондуу поезддин башы түнкүсүн прожектордун бир тунук ак жарыгы менен да белгилениши мүмкүн.

7.2. Бир жолдуу же эки жолдуу тилкелердин туура жолунда вагондору менен алдыга баратканда жүк поездинин башы күндүз сигналдар менен белгиленбейт, түнкүсүн буфер брусунун жанында тунук ак жарык менен белгиленет (сүр. 7.2, а).

Туура эмес жолдо вагондору менен алдыга баратканда жүк поездинин башы мындайча белгиленет: күндүз поездди коштоп бараткан алдыңкы өткөөл аянтчадагы жумушчу тарабынан сол жактан көрсөтүлгөн желбиреген кызыл желек менен; түнкүсүн буфер брусунун жанында тунук ак жарык жана поездди коштоп бараткан жумушчу тарабынан сол жактан көрсөтүлгөн кол чырагынын кызыл жарыгы менен (сүр. 7.2, б).

7.3. Бир жолдуу же эки жолдуу тилкелердин туура жана туура эмес жолунда баратканда поезддин куйругу мындайча белгиленет:

жүк жана жүргүнчү поезди күндүз жана түнкүсүн оң тарабынан буфер брусунун жанында чагылдыргычы бар кызыл диск менен (сүр. 7.3, а);

жүргүнчү жана почта-багаж поезди күндүз жана түнкүсүн — үч кызыл жарык менен (сүр. 7.3, б).

Туруктуу сигнал чырактары болбогон жүк вагонун чиркештирүүдө жүргүнчү жана почта-багаж поездинин куйругу мындайча белгиленет: күндүз — оң тарабынан буфер брусунун жанында кызыл диск же желбиреген кызыл желек менен; түнкүсүн — оң тарабынан буфер чырагынын бир кызыл жарыгы менен (сүр. 74, а).

Жүк поездинин куйругундагы локомотив, ошондой эле вагонсуз бараткан локомотив аркадан мындайча белгиленет: күндүз жана түнкүсүн оң тарабынан буфер брусунун жанындагы чырактын кызыл жарыгы менен (сүр. 7.4, б).

7.4. Түртүүчү локомотив менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам вагонсуз локомотивдей эле сигналдар менен белгиленет.

Эки жолдуу эки бекет арасынан туура эмес жол менен чыгыш бекетине кайра кайтууда түртүүчү локомотив менен чарба поезди туура эмес жол менен жүрүүнүн сигналдары менен белгиленет.

7.5. Эки бекет арасында жүк поездинин ажыроосу жагдайында поезддин бекетке жөнөтүлүүчү бөлүгүнүн куйругу мындайча белгиленет: күндүз — оң тарабынан буфер брусунун жанында желбиреген сары желек менен; түнкүсүн — чырактын сары жарыгы менен (сүр. 7.5, а).

Поезддин акыркы алынуучу бөлүгү жүк поездинин куйругундай эле белгиленет.

7.7. Бир жолдуу тилкеде жана эки жолдуу тилкелердин туура жолунда бараткан кар тазалагыч мындайча белгиленет:

эгер башында кар тазалагыч болсо: күндүз — каптал илгичтеринде желбиреген эки сары желек; түнкүсүн — каптал чырактарынын эки сары жарыгы, локомотив тарапка болсо — эки тунук ак көзөмөл жарыгы (сүр. 7.5, б);

эгер башында локомотив болсо: күндүз — буфер чырактарынын жанында желбиреген эки сары желек; түнкүсүн — буфер чырактарынын эки сары жарыгы (сүр. 7.6, а).

Кар тазалагычтын куйругу жалгыз бараткан локомотивдин куйругундай эле белгиленет.

7.8. Эки жолдуу тилкелердин туура эмес жолунда бараткан кар тазалагыч башта болсо мындайча белгиленет: күндүз — каптал илгичтеринде желбиреген эки сары желек жана сол жактан сарынын астындагы желбиреген кызыл желек; түнкүсүн — шайкеш түрдө чырактардын эки сары жана бир кызыл жарыгы, локомотив тарапка болсо — үч тунук ак көзөмөл жарыгы (сүр. 7.6, б).

Эгер башында локомотив болсо, ал башта бараткан кар тазалагычтай эле белгиленет (7.6, б сүр. крз.)

7.9. Маневр кыймылдарында, анын ичинде поезд курамын көздөй жана андан ары жүрүүдө локомотивдин маңдайында жана аркасында локомотив башкаруунун негизги пульту тарабынан буфер брустарында түнкүсүн бирден тунук ак жарык болушу керек.

7.10. Эки бекет арасындагы кезинде чечилме типтеги дрезиналар, жол вагончолору жана башка чечилме кыймылдуу бирдиктердин төмөнкү нерселери болууга тийиш:

бир жолдуу тилкеде жана эки жолдуу тилкелердин туура эмес жолунда баратканда күндүз — эки жагынан тең кызыл түскө боёлгон тик бурчтуу калкан же шырыктагы желбиреген кызыл желек; түнкүсүн — маңдайда жана аркада шырыкка бекитилген чырактын кызыл жарыгы;

эки жолдуу тилкелерде туура жолдо баратканда күндүз маңдай жагы ак, аркасы кызыл түскө боёлгон тик бурчтуу калкан; түнкүсүн — маңдайда тунук ак жарык менен аркада шырыкка бекитилген чырактын кызыл жарыгы.

Электирлештирилген тилкелерде эки бекет арасындагы жумуштарда чечилме оңдоо мунараларында ушулар болууга тийиш:

бир жолдуу тилкеде жана эки жолдуу тилкелердин туура эмес жолунда баратканда күндүз — эки жагынан тең желбиреген кызыл желек; түнкүсүн — маңдайда жана аркада чырактын кызыл жарыгы;

эки жолдуу тилкелерде туура жолдо баратканда поезддердин жүрүү багыты боюнча оң жакта күндүз желбиреген кызыл желек; түнкүсүн — маңдайда тунук ак жарык, аркада чырактын кызыл жарыгы.

Бүткүл жагдайларда сигналдар чечилме оңдоо мунарасынын жерге кийирүү кемеринин үстүңкү деңгээлинде бекитилиши керек.

Айрыкча, эки бекет арасындагы чечилме оңдоо мунаралары жана жол вагончолору жетектөөчү эңкейиш жана эки бекет арасындагы уруксат берилген эң чоң ылдамдыкка жараша 3.1 таблицасынын 4-графасында көрсөтүлгөн Б аралыгында оңдоо мунарасы жана вагончо менен бир эле убакта ташылган ташыма же кызыл кол сигналдары менен эки жагынан тең тосмолонууга тийиш.

Бекетте иштеп жатканда оңдоо мунарасынын күндүз эки жагында желбиреген кызыл желек; түнкүсүн — маңдайда жана аркада чырактын кызыл жарыгы болушу керек;

жол вагончосунун: күндүз — эки жагы тең кызыл түскө боёлгон калкан же шырыкта кызыл желеги; түнкүсүн — маңдайда жана аркада шырыкка бекитилген чырактын кызыл жарыгы болушу керек.

Айрыкча, бекет жолдорунда жана жебе котормолорунда баратканда чечилме оңдоо мунарасы менен жол вагончосу эң аз 50 м аралыкта оңдоо мунарасы жана вагончо менен бир эле убакта ташылган ташыма же кызыл кол сигналдары менен эки жагынан тең тосмолонууга тийиш.

Жумуштарда колдонулган түрлүү типтеги жол арабалары жана башка чечилме кыймылдуу бирдиктердин эки жагынан тең тосмолонушу темир жолдун тиешелүү нускамасында каралган жагдайларда жасалат.

Эгер эки жолдуу же көп жолдуу тилкеде коңшу жолдо каршы поезд жүрө турган болсо, чечилме оңдоо мунарасы, жол вагончосу жана башка чечилме кыймылдуу бирдикти маңдай жагынан тосмологон кызыл сигнал поезддин өтүшүнө чейин алынат.

Эки тараптуу автобөгөт менен жабдылган тилкелер жана жүргүнчү поезддери 120 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүргөн тилкелерден тышкары эки жолдуу электирлештирилген тилкелерде чечилме оңдоо мунараларынын поезддер туура жолдо жүргөн тараптан гана тосмолонушуна жол берилет. Поезддердин жүрүшүнүн коопсуздугун камсыздаган ушундай тилкелерде чечилме оңдоо мунараларынын ишин уюштуруу тартиби темир жол жетекчиси тарабынан жергиликтүү шарттардын эске алынышы менен белгиленет.

Чечилме оңдоо мунаралары, жол вагончолору жана башка чечилме кыймылдуу бирдиктерди тосмологон темир жол жумушчулары, ошондой эле чечилме бирдиктердин ташылышын жетектеген жумушчулар ташыма калкандар, кол желектери жана сигнал чырактарынан тышкары поезддин жакындашы тууралуу сигналдарды берүү, ошондой эле, зарыл болгондо поездди токтотуу үчүн петарда жана үйлөмө сыбызгылар менен жабдылууга тийиш.

(1) Бул бөлүмдө сигналдарды оң же сол тараптан жайнаштыруу көрсөтмөлөрү жүрүш багыты боюнча берилген.

8-бөлүм. Үн сигналдары

8.1. Поезддер жүрүп баратканда үн сигналдары локомотив, моторвагондуу поезд жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ышкырыктары, үйлөмө сыбызгы, кол ышкырыктарынын ышкырыктары менен берилет.

Сигнал Сигналдын мааниси Ким берет
Үч кыска «Токто!» Локомотив бригадасы, башкы кондуктор, бекет жана башка жумушчулары
···
Бир узун «Поезд жөнөсүн» Бекет нөөмөтчүсү же анын көрсөтмөсү менен парк нөөмөтчүсү, сигналчы, жебе постунун нөөмөтчүсү же башкы кондуктор; жетекчи локомотивдин машинисти жооп берет; кош тартмасы бар экинчи локомотивдин машинисти сигналды кайталайт. Эгер поезд чыгуучу светофору бар жолдон жөнөп жатса, бул сигналды жетекчи локомотивдин машинисти чыгуучу светофордун ачылышынан кийин берет; кош тартмасы бар экинчи локомотивдин машинисти сигналды кайталайт
_______
Үч узун Поезд тейлеген жумушчуларга талап,

«Тормоз бер»

Поезд тейлеген жумушчуларга талап

«Тормозду коё бер»

Жетекчи локомотивдин машинисти; кош тартмасы бар экинчи локомотивдин машинисти сигналды кайталайт
─── ─── ───
Эки узун
─── ───
Үч узун жана бир кыска Поезддин бекетке кем курамда келиши Жетекчи локомотивдин машинисти
─── ─── ─── ·
Үч узун жана эки кыска Локомотивге машинисттин жардамчысын, башкы кондукторду, жүргүнчү поездинин башчысын (бригадир-механикти), чарба поездинин жумуш жетекчиси Эки бекет арасында поезддердин токтоткон жетекчи локомотивдин машинисти
── ── ── ··
Кош тартма менен жүрүү
Бир кыска Экинчи локомотивдин машинистине тартманы азайтуу талабы Жетекчи локомотивдин машинисти; экинчи локомотивдин машинисти сигналды кайталайт
·
Эки кыска Экинчи локомотивдин машинистине тартманы көбөйтүү талабы
··
Эки узун жана эки кыска Экинчи локомотивдин машинистине «Ток кабыл алуучуну түшүр» талабы
─── ─── ··
Түртүүчү локомотив менен жүрүү
Эки кыска Түртүүнү баштоо талабы Жетекчи локомотивдин машинисти; түртүүчү локомотивдин машинисти сигналды кайталайт
··
Бир кыска, бир узун, один короткий Түртүүнү токтотуу, бирок поездден артта калбоо талабы
· ─── ·
Төрт узун Түртүүнү токтотуу жана артка кайтуу талабы
── ── ── ──

Эскертүү. Кош тартмасы менен түртүүчү локомотиви бар поезд баратканда экинчи локомотивдин машинисти түртүүчү локомотивден берилген бүткүл сигналдарды аркасынан кайталайт. Бул жагдайда түртүүчү локомотивдин машинисти тарабынан «Ток кабыл алуучуну түшүр» сигналын берүү тартиби темир жол башчысы тарабынан белгиленет. кош тартмасы бар же түртүүчү локомотиви бар поезддер баратканда радиобайланыш барда үн сигналдары машинисттер арасында сүйлөшүү менен алмаштырылышы мүмкүн.

8.2. Кабар сигналы — бир узун ышкырык, туура эмес жолдо баратканда болсо локомотивдин (моторвагондуу поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бир узун, кыска жана бир узун ышкырыгы төмөнкүдөй жагдайларда берилет:

поезд бекеттерге, жол постуна, жүргүнчү токтомо жайларына, ылдамдыкты азайтууну талап кылган ташыма жана кол сигналдарына, «С» сигнал белгилерине, чуңкурларга, жолдун кыйшык тилкелерине, туннелдерге, темир жол өтмөктөрүнө, чечилме дрезиналарга, чечилме оңдоо мунараларына, жол вагончолору жана башка чечилме кыймылдуу бирдиктерге жакындаганда;

поезд ташыма сигналдардын бар экенине карабастан эскертүүдө көрсөтүлгөн километрдин мурункусунан башталган жумуштардын ордуна жакындаганда;

сигналчы тарабынан берилген «Ток кабыл алуучуну түшүр» кол сигналын кабылдаганда;

жолдордогу адамдарга жакындаганда жана темир жол жетекчисинин буйруктарында көрсөтүлгөн башка жагдайларда.

Туман, бурганак жана көрүүнү ылдыйлаткан башка ыңгайсыз шарттарда кабар сигналы бир нече жолу кайталанат.

Поезд кабыл алуудан улам маневрларды токтоткон поезд кураштыруучулары, сигналчылар жана жебе постунун нөөмөтчүлөрү кабар сигналы менен ар бири өз тилкесинде кабыл алынып жаткан поезддин коопсуздугунун камсыздашын текшерүүгө жана буга көзү жетүүгө тийиш.

8.3. Кыраакылык сигналы локомотивдин (моторвагондуу поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бир кыска жана бир узун ышкырыгы түрүндө берилет жана төмөнкү жагдайларда мезгил-мезгили менен кайталанат:

шарттуу-уруксат берүүчү сигналы бар кызыл жарыктуу өтмөк светофоруна жакындаганда жана бөгөт тилкесинде андан ары жүргөндө;

кызыл жарыктуу, ошондой эле түшүнүксүз көрсөткүчү же маңдайындагы токтомо жайынан кийин өтмөк светофорун өтүп баратканда жана бөгөт тилкесинде андан ары жүргөндө;

чакыруучу сигналы бар ай түстүү ак жарыктуу кирүүчү светофорго жакындаганда жана кирүүчү сигналдын тыюу салуучу же негизги жарыктары өчүк кезде поездди бекетке кабыл алуунун башка бүткүл жагдайларында;

поездди туура эмес жол менен кабыл алууда (бул жолдо кирүүчү сигнал жок кезде). Бул сигнал бекеттин оозу менен андан ары жүрүп баратканда да берилүүгө тийиш.

8.4. Эки жолдуу тилкелердин эки бекет араларында поезддер жолугушканда кабар сигналдары бир узун ышкырык менен берилет: биринчи сигнал — каршы поездге жакындаганда, экинчиси — каршы поезддин куйрук бөлүгүнө жакындаганда.

8.5. Поезддин жакындашы тууралуу үн сигналдары төмөнкү жагдайларда берилет: эки бекет арасында темир жолдорду жана жасалма курулуштарды кыдыруучулар, өтмөк нөөмөтчүлөрү, жол жумуштарынын жана контакт байланышы жумуштарынын жетекчилери же чечилме оңдоо мунаралары жана жол вагончолорун коштогон жумушчулар тарабынан; бекеттерде — сигналчылар жана кирүүчү жебе постторунун нөөмөтчүлөрү тарабынан. Так сан поездинин жакындашы тууралуу кабар бир, жуп сан поездинин жакындашы тууралуу болсо — эки узун үн сигналы менен берилет.

Сигналчылар жана кирүүчү жебе постторунун нөөмөтчүлөрү поезд жөнөтүү сигналын эшиткен соң бир узун үн сигналын берет.

8.6. Ири шаарлар жана калктуу жайлар, курорт жайларынын чегинде жайгашкан бекеттер менен эки бекет араларында темир жол башчысы тарабынан белгиленген тизме боюнча локомотивдер (моторвагондуу поезддер), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдар тарабынан үн сигналдары локомотивдердин түртүлгөн поезддерде жүрүү, адамдар же тоскоолдукту сүзүү коркунучунун пайда болуу жагдайларында, ошондой эле кыраакылык жана коркунуч сигналдарын берүү керек болгондо кичине күчтөгү ышкырык түрүндө берилүүгө тийиш.

Ушул эле бекеттерде локомотивдер (моторвагондуу поезддер), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдардын ышкырыгы түрүндөгү сигналдар поезд жөнөтүү, автотормоз сыноо жана депо жолдорунда жүрүүдө берилбейт. Жүргүнчүлөргө мындай бекеттерде поезддердин жөнөтүлүшүнөн кабар берүү тартиби Темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.

9-бөлүм. Коркунуч сигналдары жана атайын көрсөткүчтөр

9.1. Коркунуч сигналдары локомотивдердин (моторвагондуу поезддер) жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын гудоктору, ышкырыктары, сиреналар, үйлөмө чоор, аскерий сигнал сурнайлары, асылуу метал буюмдарга соккулар түрүндө берилет.

Үн сигналдары схемасында белгиленген үндөр сокку түрүндө берилген жагдайда мындайча урулат:

узун — бири-бирин ээрчиген жыш соккулар түрүндө;

кыска — керектүү кыска үн санына жараша сейрек соккулар түрүндө.

9.2. «Жалпы коркунуч» сигналы бир узун жана үч кыска үн топтору түрүндө:

─── ··· ─── ··· ─── ···

төмөнкү жагдайларда берилет:

жолдо кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирген бузук табылганда;

поезд кар күрткүсүнө кептелгенде, поезд кулаганда жана жардам керек болгон башка жагдайларда.

Зарыл болгондо сигнал темир жолдун ар жумушчусу тарабынан берилет.

9.3. «Өрт коркунучу» сигналы бир узун жана эки кыска үн топтору түрүндө берилет.

─── ·· ─── ·· ─── ··

Зарыл болгондо сигнал темир жолдун ар жумушчусу тарабынан берилет.

9.4. «Аба коркунучу» сигналы сиреналардын узун дабышы, ошондой эле 2-3 мүнөт бою тынбастан кыска үн катары түрүндө берилет.

  • ·······

Темир жол транспортунун шаарларда жайгашкан бекеттери, заводдору жана башка ишканаларында шаарда сиреналар түрүндө же радиотрансляция тармагы аркылуу берилген аба коркунучу сигналы локомотивдердин (моторвагондуу поезддер) жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын сиреналары, ошондой эле ышкырыктары жана гудоктору түрүндө дароо кайталанат.

Темир жол транспортунун шаарлардан тышкары жайгашкан бекеттери, заводдору жана башка ишканаларында аба коркунучу сигналы ушул эле каражаттар менен шайкеш түрдө бекет, завод, ишкана башчысынын буйругу боюнча берилет.

Эки бекет араларында аба коркунучу сигналы локомотивдердин (моторвагондуу поезддер) жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ышкырыктары түрүндө мындайча берилет:

аскер поезддеринде — ташылып бараткан бөлүктүн жеке курамынан тандалган байкоочунун буйругу менен;

башка поезддерде — поездди айдап бараткан локомотивдин машинисти тарабынан.

Темир жолдун радиотрансляция тармагы бар болсо (темир жол транспортунун бекеттери, заводдору жана башка ишканаларында), аба коркунучу сигналын берүү кабары ушул эле тармак аркылуу берилет.

9.5. «Радиация коркунучу» же «Химиялык коркунуч» сигналы 2-3 мүнөт бою мындайча берилет:

эки бекет араларында локомотивдердин (моторвагондуу поезддер) жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ышкырыктары жана бир узун жана бир кыска дабыш топтору түрүндө;

─── · ─── · ─── ·

темир жол транспортунун бекеттери, заводдору жана башка ишканаларында — асылуу металл буюмдарга соккулар түрүндө.

Темир жол транспортунун бекеттери, заводдору жана башка ишканаларында «Радиация коркунучу» же «Химиялык коркунуч» сигналы шайкеш түрдө бекет, завод, ишкана башчысынын буйругу боюнча, эки бекет араларында болсо локомотивдердин (моторвагондуу поезддер) жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти тарабынан берилет.

Темир жолдун радиотрансляция тармагы бар болсо, «Радиация коркунучу» же «Химиялык коркунуч» сигналын берүү кабары ушул эле тармак аркылуу көрсөтүлгөн сигналдардын текстинин берилиши түрүндө берилет.

9.6. Аба коркунучу сигналынын аякташы, ошондой эле радиоактивдүү же ууландыргыч заттар менен жабыркоо коркунучунун өтүшү тууралуу темир жол жумушчулары жана жүргүнчүлөр мындайча кабарланат:

темир жол транспортунун бекеттери, заводдору жана башка ишканаларында — шайкеш түрдө бекет, завод, ишкана башчылары же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адам тарабынан радиотрансляция тармагы жана башка байланыш каражаттары, анын ичинде чабармандар аркылуу:

жүргүнчү поезддеринде — жүргүнчү поездинин башчысынын (бригадир механиги) поездди тейлеген жумушчулар аркылуу жана поезддин радиотрансляция тармагы аркылуу берилген көрсөтмөсү менен;

адам жана аскер поезддеринде — бекет нөөмөтчүсүнөн кабар алганда эшелон байланыш каражаттары аркылуу эшелон башчысынын көрсөтмөсү менен;

жүк-жүргүнчү, почта-багаж жана жүк поезддеринде — бекет нөөмөтчүсү тарабынан.

9.7. Локомотив бригадалары жана поездди тейлеген жумушчуларга поезддин ууланган тилкеге бара жатканы тууралуу, ошондой эле адамдардын бул тилкеге жеке коргонуу каражаттарысыз (противогаз, коргоочу костюм ж.б.) киришинин алдын-алуу үчүн мындай тилке «Ууланган» деген атайын көрсөткүчтөр (сүр. 9.1) менен тосмолонот.

Бекет жана эки бекет араларында «Ууланган» көрсөткүчтөрү ууланган тилкенин чектеринен 50 м ден ашпаган аралыкта орнотулат. Айрыкча, тең эки бекет аралары ууланган тилкенин эки жагынан тең биринчи «Ууланган» көрсөткүчтөрүнөн 1200 м аралыкта жүрүш багыты боюнча экинчи ушундай көрсөткүчтөр менен тосмолонот. «Ууланган» көрсөткүчтөрү топурак полотносунун четинде же эки жол арасында орнотулат.

Жүрүш багыты боюнча биринчи «Ууланган» көрсөткүчүнүн алдында же бекет нөөмөтчүсүнөн алынган ууланган (тилке көрсөткүчтөр менен тосмолонгон же тосмолонбогонуна карабастан) тилкенин бар экени тууралуу кабарда көрсөтүлгөн жердин алдында жетекчи локомотивдин машинисти «Радиация коркунучу» же «Химиялык коркунуч» сигналын берүүгө жана ууланган тилкени белгиленген ылдамдыкта өтүүгө милдеттүү.

«Ууланган» көрсөткүчтөрүнө түнкүсүн жарык берилип турушу керек.

9.8. Светофор, чырак, жебе көрсөткүчтөрү, поезд, кол сигналы жана башка сигналдардын жарыктары жарык маскировкалоочу механизмдер менен камсыздалууга тийиш.