mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 12-ноябры ПЖ N 215

Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Президентинин 2014-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 120, 2014-жылдын 15сентябрындагы ПЖ № 159, 2014-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 219, 2015-жылдын 18мартындагы ПЖ № 39, 2016-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 47, 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы N 27 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө», 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2012-жылдын 2-февралындагы «Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткаруу үчүн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды, тиешелүү уюштуруучулук чаралар көрүлдү, укук коргоо органдарынын иши активдештирилди, мыйзамдык базаны жаңылоо башталды.

Коомдо коррупциялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиз экендигин түшүнүү акырындап калыптана баштады. Айрым жогорку кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу кыргызстандыктардын адилеттүүлүккө болгон ишенимин жаратты. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу толтуруунун өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 2013-жылдын 9 айында Кыргызстандын укук коргоо органдары тапкан ар кандай мүнөздөгү укук бузуулардын фактыларынын натыйжалары боюнча мамлекеттик казыналык системасы аркылуу мамлекеттик бюджеттин кирешесине зыяндын ордун толтуруу катары 621,8 млн. сом түшкөн, бул бүтүндөй 2012-жылга караганда 2,3 эсе көп. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өзүнүн позициясын эл аралык өкмөттүк эмес Трансперенси Интернешнл уюмунун рейтингинде «Коррупцияны кабылдоо индекси» боюнча 164-орундан 154-орунга жакшыртты.

Бирок коррупцияга каршы күрөшүүдөгү алгачкы жакшы жылыштар тиешелүү түрдө уланган жок. Коррупция мурдагыдай эле мамлекеттик органдардын иштөөсүн олуттуу татаалдантып, социалдык кайра түзүүлөргө жана улуттук экономиканы модернизациялоого тоскоолдук кылып, коомдо катуу тынчсызданууну жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин кетишин жаратып, эл аралык аренада өлкөнүн терс имиджин түзүп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген башкы коркунучтардын бири болуп эсептелүүдө.

Антикоррупциялык саясатты иш жүзүнө ашыруу мамлекеттик кызмат менен мамлекеттик башкаруу системасынын ичиндеги терең карама-каршылыктарга туш болууда. Коррупция системалуу, рационалдуу болуп калды. Эки он жылдыктын ичинде түзүлүп калган, мамлекеттик кызмат орундарынын ачыкка чыкпаган рыногу кадрларды тандоо системасындагы олуттуу деформацияларды жаратты. Кызмат адамдарынын кеңири чөйрөсү мамлекеттик кызматтын негизги маанисин элге кызмат кылуу деп түшүнбөстөн, айрым учурларда ошол кызматка дайындоого өбөлгө болгон адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу деп, ал эми көп учурларда примитивдүү баюу деп гана түшүнүп калды.

Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иши алдын алуу багытына ээ эмес. Көп учурларда мамлекеттик, анын ичинде соттук органдар мамлекеттик түзүлүштүн бүткүл системасын дискредитация кылган чечимдерди кабыл алышат. Укук коргоо органдарынын ишинде эскирип калган методдордун элементтери көп колдонулат. Укук коргоо органдарынын борборлордо жана жер-жерлерде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишин координациялоо деңгээли төмөн бойдон калууда. Азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясында каралган мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын антикоррупциялык күч-аракеттерин координациялоо механизми түзүлгөн эмес.

2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жетишүү коррупцияны жана аны пайда кылган себептерди жоюуну талап кылат.

Ишкердиктин статусун көтөрүү жана өзүнүн материалдык абалын тез жакшыртууга умтулгандар үчүн анын артыкчылыгын камсыздоо милдети чоң мааниге ээ.

Айрым саясий күчтөрдүн тар топторунун кызыкчылыктарынын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине кийлигишүүсүнүн коркунучу Кыргызстандын элин өзгөчө тынчсыздандырууда. Түзүлүп калган коррупциялык тартипти бузуу жолундагы эң башкы тоскоолдуктардын бири болуп саясий коррупция эсептелет, мындай коррупциянын бузуучу чөйрөсү болуп мамлекеттик кызыкчылыктар саналат. Саясий партиялардын коммерциялык жана финансылык топторго болгон финансылык жактан катуу көз карандылыгы белгиленет, бул жагдай шайлоолорго катышуу үчүн талапкерлердин тизмелерин түзгөндө, ошондой эле жетектөөчү мамлекеттик кызмат орундарына дайындоодо көрүнүп калууда. Жыйынтыгында саясий партиялар билдирген идеологиялык жана саясий максаттардын дискредитация болушунун коркунучу жаралды.

Өлкөнү өнүктүрүү жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп системалуу коррупция эсептелет, ал мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын системасынын коррупциялуу болуп түзүлгөндүгү менен шартталган. Саясатты иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу жана кабыл алынган чечимдерди контролдоо боюнча функцияларды бир органда топтоо түрүндө мамлекеттик органдарда көп функциянын болушу эксперттик коомчулуктун пикири боюнча системалуу коррупциянын негизги себеби болууда.

Абдан проблемалуу коррупциялык схемалар сот, укук коргоо, финансы, каттоо, энергетика жана билим берүү системаларында түзүлгөн. Кесипкөй изилдөөчүлөр «укук коргоо системасынын маркеттешүүсү», «сот акыйкатынын сатылышы» тууралуу айтууда жана эксперттер кылмыш-жаза куугунтугуна алууга жана сот акыйкатын жүргүзүүгө катышкан органдардын жана адамдардын арасында криминалдык түрдөгү өзгөчө «бизнес-топтун» пайда болгонун белгилөөдө. Эксперттердин пикирлери боюнча билим берүү системасында окуу орундарын, бааларды жана дипломдорду «сатуу» көп учурларда жогорку билим берүү мекемесин аяктагандан кийин студенттердин 5-10%ы гана компетенттүү адис катары бааланышына түрткү болду.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын, укук коргоо органдарынын жана соттордун системалуу кемчиликтери бюрократтык жол менен гана жоюлбайт. Коррупцияга каршы күрөшүүгө жарандык коомчулуктун институттарын тартуу мамлекеттин биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кирет.

Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиги жана мыйзамдуу кызыкчылыктары коррупцияга каршы аракеттенүү жана жалпы алганда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жана соттордун ишинин негизги багыты болуп кызмат кылууга тийиш.

Антикоррупциялык саясатты өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомчулуктун институттарынын жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык укуктук документтерде каралган коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чараларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3, 16, 60 жана 65-беренелерин, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы чечиминин негизинде токтом кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы күрөшүүдөгү жакшы жылыштар белгиленсин.
  2. Мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүндөгү саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этабынын башкы милдети болуп белгиленсин жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:

1) саясий күчтөрдүн тар топторунун кызыкчылыктарына мамлекеттик чечимдердин көз каранды болушунун коркунучун жоюу бөлүгүндө, ошондой эле шайлоо системасынын начар жактары жана жетектөөчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына дайындоонун түзүлгөн практикасы бөлүгүндө саясий коррупцияга каршы аракеттенүү;

2) мамлекеттик органдардын коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылуучу функцияларын жана ыйгарым укуктарын талдоо, өзгөртүү жолу менен коррупциялык схемаларды табуу жана демонтаждоо бөлүгүндө системалуу коррупцияны жоюу;

3) мамлекет менен жарандын өз ара мамилелеринде адам укуктарынын артыкчылыгын орнотуу.

  1. Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу жөнүндө жобо (мындан ары — Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу:

1) 2014-жылдын декабрына чейин карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө коомчулукту маалымдоону камсыз кылуу менен министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик башка органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүн өзүнүн жыйналыштарында карап чыксын жана аткарылган иштер жөнүндө тиешелүү отчетторду Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине 2014-жылдын 1-июлуна жана 2014-жылдын 25-декабрына карата берсин;

2) тиркелген тизмеге ылайык (3-тиркеме) мамлекеттик органдардагы жана мамлекеттин катышуусу бар чарбакер субъекттердеги системалуу коррупцияны жана тиешелүү коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине киргизсин.

Анын ичинде биринчи кезектеги тартипте төмөнкү мамлекеттик органдардын жана чарбакер субъекттердин системалары боюнча:

2013-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө:

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин;

2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;

— «Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы» ААКынын;

2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө:

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;

— Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;

2014-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик башка органдар жана жарандык коомчулуктун институттары менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик башкаруунун заманбап антикоррупциялык моделин түзүүнү, мамлекеттик бийлик институттарынын ишинде мамлекеттик кызыкчылыктарды натыйжалуу коргоону караган сунуштарды үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы N 109 «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ өзүнүн ишинин алкагында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча төмөнкүлөр каралган сунуштарды иштеп чыксын:

1) саясий партиялардын коммерциялык түзүмдөргө жана тышкы долбоорлорго көз карандылыгын төмөндөтүү;

2) саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоого даярдык көрүүсүнө жана өткөрүүсүнө чыгымдардын транспаренттүүлүгүн саясий жарнаманы, шайлоо алдындагы үгүттү жана аларды өткөрүүгө чыгымдарды регламенттөө жолу менен камсыз кылуу;

3) шайлоо фонддорун түзүүнүн тартибине алардан акча каражаттарын сарптоону контролго алууну бир эле убакта күчөтүү менен негиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) бардык деңгээлдеги депутаттардын кесипкөйлүгүн, ошондой эле шайлоолорго катышуучу саясий партиялардан талапкерлердин тизмелерине талаптарды жогорулатуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоонун, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнүн төмөнкүлөргө багытталган кошумча чараларды үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын:

1) абдан кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн материалдык абалын олуттуу жакшыртууга умтулган адамдар, өзгөчө жаштар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка караганда ишкердиктин артыкчылыгын камсыз кылуу;

2) мамлекеттин ишкердикке администрациялык жана жөнгө салуучулук жүктөмүн «гильотина принцибин» колдонуу менен азайтуу;

3) ийгиликтүү ишкерлердин статусун көтөрүү, анын ичинде алардын эмгегин мамлекет тарабынан баалоо, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу жана коомдук таануу аркылуу көтөрүү;

4) ишкерлердин укуктарын коргоо, ишкерлердин укуктары боюнча ыйгарым укуктуу адамдын кызмат ордун түзүү (бизнес-акыйкатчы).

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик башка органдар менен өз ара аракеттенип, ченемдик укуктук актылардын базасына жана аны колдонуунун калыптанып калган практикасына коррупциогендик жагы боюнча системалуу талдоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелерин карап чыгуу сунуш кылынсын:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты десаясатташтыруу жана кесипкөйлүктү көтөрүү, көрсөтүүнүн, шайлоонун же дайындоонун тиешелүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган шайлануучу жана айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына гана саясий партиялардын сунуштары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана дайындоо;

2) калк жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен тикелей өз ара аракеттенген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу;

3) жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын экономикасына жана улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү мыйзамсыз чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын саясий жоопкерчилигинин чараларын натыйжалуу колдонуу;

4) мүлктү, анын ичинде чет өлкөдөгү мүлктү сатып алууга чыгымдарды милдеттүү түрдө декларациялоону киргизүү жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын чыгымдарын натыйжалуу контролго алууну камсыз кылуу;

5) Мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын жана Бирдиктүү салык декларацияларын отчеттуулуктун бирдиктүү формасына интеграциялоо;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери жана чыгашалары жөнүндө маалыматка, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасына укук коргоо органдары жеткиликтүүлүк алган жагдайларды аныктоо;

7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна антикоррупциялык экспертизаны жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүн мыйзам менен бекитүү;

8) коррупция фактыларын, анын ичинде турмуштагы коррупцияны табуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүүнүн, каржылоонун жана мыйзамдаштыруунун натыйжалуу механизмин, купуялыктын зарыл болгон деңгээлин камсыздоо менен, коррупциялык көрүнүштөр жана башка укук бузуулар жөнүндө так маалымат бергендиги үчүн жарандык калкты сыйлоонун натыйжалуу механизмин түзүү жана мыйзамдык тартипте бекитүү;

9) экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар, калктын саламаттыгына каршы кылмыштар, экологиялык жана кызматтык кылмыштар үчүн мүлктү конфискациялоо жөнүндө талаптарды калыбына келтирүүнү кошуу менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде мүлктү конфискациялоонун укуктук институтун өркүндөтүү;

10) коррупциялык кылмыштарды жасаганда айыптар тагылган учурда тергөө менен сотко чейинки бүтүмдөрдү түзүүнүн тартибин аныктоо;

11) мамлекеттик органдардын жана мамлекеттин катышуусу бар чарбакер субъекттердин мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүсүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу;

12) Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы Конвенциясына ылайык келтирүү максатында «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, коррупциялык кылмыштардын тизмесин мыйзам менен бекитүү;

13) коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларды ратификациялоо;

14) мамлекет менен жарандын өз ара мамилелеринде адам укуктарынын артыкчылыгын орнотуу, анын ичинде:

— «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына тиешелүү толуктоолорду киргизүү жолу менен калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтө маанилүү милдеттеринин бири катары аныктоо;

— мамлекет менен жарандын өз ара мамилелеринин, анын ичинде мамлекеттик контроль жүргүзүү, инспекциялоо, айып санкцияларын салуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү, мыйзамдуулукту, коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу каралган чөйрөлөрдөгү өз ара мамилелерин жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелерин түзүү;

— мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасында коррупциогендик факторлорду жоюу, жарандардын тоскоолдуксуз жана өз убагында сапаттуу кызматтарды, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуусуна шарттарды түзүү, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн жана стандарттарын аныктоо, Базалык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин кабыл алуу;

— жарандарга карата адепсиз мамиле кылгандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жазалоонун натыйжалуу чараларын киргизүү;

— жарандарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине негизсиз тарткан учурларда жарандардан укук коргоо органдарынын көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен жана зыяндын ордун толтурууну сунуш кылуу менен, расмий кечирим суроосун жана аны жарыялоосун милдеттүү кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү программаларына жана иш-чараларынын пландарына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эки айлык мөөнөттө киргизсин жана тиешелүү иш-чаралардын аткаруу бийлигинин органдары тарабынан аткарылышын контролдоону камсыз кылсын;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген укук коргоо органдарындагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселелерди ушул Жарлыктын 12-пунктунун жоболорун жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун сунуштарын эске алуу менен карап чыксын;

3) мамлекеттик финансы чөйрөсүндөгү зарыл болгон, анын ичинде төмөнкү маселелер боюнча, кайра түзүүлөр жөнүндө сунуштарды карап чыксын:

— бюджетти пландоо функцияларын жана бюджетти аткаруу функцияларын ажыратуунун максатка ылайыктуулугу;

— бюджетти башкаруунун бирдиктүү электрондук системасын киргизүү;

— мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарынын бирдиктүү электрондук базасын киргизүү боюнча иштерди тездетүү;

— бюджеттик кирешелерди жыйноо системасындагы коррупциянын потенциалын төмөндөтүү;

— бюджеттик кирешелердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү;

— жеке жана юридикалык жактардан салыктык эмес жыйымдар жана айыптар жөнүндө бирдиктүү маалымат базасын түзүү;

— салыктык жана бажылык администрациялоону оптималдаштыруу, анын ачык-айкындыгын камсыз кылуу;

4) билим берүү чөйрөсүн түзүмдүк жана функциялык жактан өзгөртүүнүн жана көзөмөлдүк кеңештердин институтун өнүктүрүүнүн маселелерин үч айлык мөөнөттө карап чыксын;

5) Калктын мамлекеттик каттоосун түзүү боюнча ишти тездетсин жана аны 2014-жылдын аягына чейин, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборлорунун системаларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Жарандык абалдын актыларын жазуу мекемелеринин маалыматтарын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун маалыматтарын борбордоштуруу бөлүгүндө, колдонууга киргизүүнү зарыл деп эсептесин;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мотивациялоонун системасын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген «Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү» системасы боюнча өркүндөтсүн;

7) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен бирдикте, башка жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип, коррупциянын көрүнүштөрүн болтурбоону коомдо калыптандыруу боюнча мамлекеттик маалыматтык жана билим берүүчү-агартуучу өнөктүктү үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана ишке ашырууга киришсин, жалпыга маалымдоо каражаттарында коррупция маселелери боюнча билдирүүлөргө мониторинг жүргүзсүн, коррупциянын жарыяланган фактыларына өз убагында чара көрүүнү камсыз кылсын, журналисттик изилдөөлөр институтуна дем берсин;

8) мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча алар көрүп жаткан чаралар жөнүндө калк алдында үзгүлтүксүз отчет берүүсүн уюштурсун.

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдары менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик кызматты модернизациялоо боюнча ишти улантсын жана төмөнкүлөрдү караган сунуштарды киргизсин:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өз ара байланышкан эки багытынан турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын эриш-аркак системасын түзүү:

— «Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат», буга класстык чендердин системасы жайылтылбайт жана ага саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле алардын жардамчыларынын, кеңешчилеринин, консультанттарынын жана референттеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар кирет;

— «Администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат», ага мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдар кирет;

2) төмөнкү максаттарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтарынын электрондук базасын түзүү процессин тездетүү:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, алардын кызматтык жана квалификациялык өсүшүн борборлошкон эсепке алуу системасын түзүү;

— кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана терс негиздер боюнча бошотулган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды («кара тизме») жана аларды белгилүү бир мөөнөткө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөдөн четтетүүнү эсепке алуу;

3) негизги кесиптик, моралдык, адеп-ахлактык, анын ичинде антикоррупциялык ченемдерди жана талаптарды чагылдыруу менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасынын кодексин иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоо;

4) мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияга талаптарды күчөтүү, мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын жеке активдерин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү институтун контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызыкчылыктарынын кагылышуусун аныктоо жана жоюу методологиясын иштеп чыгуу;

6) администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алганда жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жаңы кызмат орундарына дайындаганда сыноо мөөнөтүн колдонуу практикасын өркүндөтүү;

7) Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашуу боюнча коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоонун, алдын ала тергөөнүн, сотто мамлекеттик айыптоонун, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну эсепке алуунун сапаты үчүн укук коргоо органдарынын жана алардын кызматтык жана процесстик адамдарынын өз ара аракеттенүүсүн, функцияларын бөлүштүрүүнүн жана жоопкерчилигин жогорулатуунун ырааттуу системасын түзүүнү караган коррупцияга каршы күрөшүүдөгү укук коргоо системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана 2013-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине киргизсин.
  2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
  3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 15-ноябрында N 91 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Атамбаев

 

1-тиркеме

Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун
КУРАМЫ

(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Джумакадыров Темир Курмангазиевич Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, жетекчи;
Курманалиев Алмазбек Абдиназарович Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, жетекчинин орун басары;
Токтогулов Кылычбек Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, жетекчинин орун басары;
Исраилов Улан Джумабекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору, жетекчинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министр;
Момуналиев Нурханбек Сакенович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Насыров Алмаз Турусбекович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору;
Ахметова Нурсулу Меирбековна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Пономарев Сергей Васильевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев Кайрат Медербекович көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Уметалиев Эмильбек Сатарович ишкер, «Кыргызконцепт» компаниясынын уюштуруучусу (макулдашуу боюнча);
Акматжанова Айгуль Аваскановна көз карандысыз эксперт, «Будущее без коррупции — Трансперенси Интернешнл Кыргызстан» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).

 

 

    3-тиркеме

Коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча талдоо жана чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдардын жана мамлекеттин катышуусу бар чарбакер субъекттердин
ТИЗМЕСИ

(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

  1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
  4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
  5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
  6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
  7. Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
  8. (КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
  9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
  10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.
  11. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги.
  12. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
  13. (КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
  14. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
  15. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.
  16. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
  17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
  18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
  19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
  20. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
  21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.
  22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
  23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы.
  24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.
  25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы.
  26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы.
  27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
  28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.
  29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги.
  30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик.
  31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик.
  32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
  33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду.
  34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.
  35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду.
  36. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
  37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
  38. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
  39. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы.
  40. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы.
  41. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.
  42. Кыргыз Республикасынын сот органдары.
  43. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралоо боюнча агенттик (ДЕБРА).
  44. Кыргыз Республикасынын Улуттук баикы.
  45. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы.
  46. «Айылбанк» ачык акционердик коому.
  47. «РСК Банк» ачык акционердик коому.
  48. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому.
  49. «Электр станциялары» ачык акционердик коому.
  50. «Түндүк электр» ачык акционердик коому жана башка бөлүштүрүүчү компаниялар.
  51. «Кыргызгаз» ачык акционердик коому.
  52. «Бишкекжылуулуктармагы ачык акционердик коому.
  53. «Кыргызалтын» ачык акционердик коому.
  54. «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому.
  55. «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы.
  56. «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасы.
  57. «Чыгыш автовокзалы» мамлекеттик ишканасы.
  58. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы.
  59. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому.
  60. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы.
  61. «Темир» мамлекеттик ишканасы.
  62. «Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коому.
  63. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары.
  64. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому.