mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 20-мартынан баштап бардык эл аралык каттамдар токтотулат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында республиканын аймагында 2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дө Бишкек жана Ош шаарларына/шаарларынан чыккан бардык эл аралык каттамдар токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды.
Жүк ташуулар, ошондой эле төмөнкү жүргүнчүлүк каттамдар гана ишке ашырылат:
— Москва-Бишкек – жумасына 1 жолу;
— Москва-Ош – жумасына 1 жолу;
— Новосибирск-Бишкек – жумасына 1 жолу.
Штаб кабыл алынып жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, бул убактылуу нерсе экендигин билдирит.