mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Куруучулар ондоп тазалоо иштерин жүргүзүштү, жол тилкесинде көлчүктөр тазаланып, шагыл төшөлдү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги билдирет, Ош-Баткен-Исфана автожолунун (75-108 км) реконструкция кылып жаткан компания, автожолдун долбоорлук бөлүгүн тейлейт.
2020-жылдын 28-29-февралындагы жаан-чачындан улам автожолдун 75-92 км. абалы начарлап кеткен, ушундан улам куруучулар ондоп тазалоо иштерин жүргүзүштү, жол тилкесинде суу көлчүктөр тазаланып, шагыл жаткырылган.
Учурда долбоорлук тилкеде нөөмөттүк бригада, 75-92 км асфальт төшөө иштери башталганга чейин көзөмөл жүргүзүшөт.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы