mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМ Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28-ден 75-чакырымга чейинки курулуш иштерин мүмкүн болушунча эртерээк башталышына кызыкдар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош-Баткен-Исфана автожолунун участкасын тезирээк калыбына келтирүүнү баштоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт. Ош-Баткен-Исфана жолунун бир бөлүгүн реабилитациялоо аркылуу транспорттук потенциалды жана жол коопсуздугун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын жана Бишкек-Ош унаа жолундагы табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу үчүн каршы чараларды ишке ашыруу долбоорун болушунча кыска мөөнөттө ишке киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

«Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош-Баткен-Исфана жолунун  28ден 75 чакырымына чейинки бөлүгү калыбына келтирилип жүзөгө ашырылат. Андан сырткары Бишкек-Ош жолундагы табигый кырсыктардын алдын алуу чаралары көрүлөт деп болжолдонууда.

Жалпысынан белгиленген жумуш үчүн 13.642 миллиард (133,58 миллион АКШ доллары) япон иени каралган.  Япония өкмөтү тарабынан өтө жеңилдетилген шарттарда кредит түрүндө 11,915 млрд. япон иен (116,47 млн. АКШ доллары) берилген. Анын ичинен 1,727 млрд. япон иени (16, 88 млн. АКШ доллары) кыргыз тараптын үлүшү.

Бирок, подрядчы тандоодо создуктурган бир катар процедуралык маселелер бар. Япон тараптан баардык маселелер чечилсе жана макулдашылса, министрлик подрядчыны тезирээк тандоого жана участокто курулуш иштерин жүргүзүүгө бардык күч-аракеттерди жумшайт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы