mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМ караштуу Жер жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы, транспорт көзөмөл пункту кызматынын 1 (бир) инспектор бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы, транспорт көзөмөл пункту кызматынын 1 (бир) инспектор бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

ТКП кызматынын инспекторуна Квалификациялык талаптар: 1.Кесиптик билимдин денгээли: — Автотранспорт жаатындагы техникалык жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юриспруденция боюнча жогорку билими жана IT– технология боюнча жогорку билими.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талаптар коюлбайт.
Билүүсү керек: — жогорку жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын так аткаруу; — өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; — кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; — милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; — жоопкерчиликтүү, командада иштей билүүсү;
Көндүмдөр: — мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; — маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; — ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; — конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу; — компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: — конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган арыз — кадрлар эсебин каттоо баракчасы, өздүк дело, резюме, 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, өмүр баяны. — паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). — эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулатылгандыгы, илимий даражага ээ болгондугу тууралуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же иштеп жаткан жериндеги персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган документтердин көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди Чимкетская 1 дареги боюнча 2023-жылдын 4-майынан 15-майына чейин, саат 09:00дон 17:00 кабыл алынат, телефон аркылуу маалыматтар: 34 00 60