mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги: жол курулуш тармагы этап-этабы менен менен ишке киргизиле баштайт

COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-апрель күнү өткөргөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 10-майына чейин узартуу жана экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу тууралуу чечим кабыл алынган.
Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун баскычтуу тартиби иштелип чыккан критерийдин негизинде жана ага өлкөнүн эпидемиологиялык кырдаалынын тийгизген таасирин эске алуу менен түзүгөн.
COVID-19 коронавирустук инфекциясынын Кыргызстандын аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Өкмөттүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 2020-жылдагы квота боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк адистер кире алат.
Жогорудагы токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына төмөндөгү адистерди алып келүү пландалууда.:
— Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулуш долбоору боюнча 42- адист, долбоорду China Railway No.5 компаниясы ишке ашырууда;
-« Түндүк-түштүк альтернативалык автожолунун курулушу» долбоор, 1-фаза боюнча – 221 адис тартылат, аны China Road&BridgeCorporation подряддык компаниясы ишке ашырууда;
— «Түндүк-түштүк альтернативалык автожолу» долбоору, 2-фаза боюнча – 169 адис, СhinaRoad&BridgeCorporation подряддык компаниясы ишке ашырууда;
— Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо 272-365 км, Копри/Синохидро»–3 подряддык компаниясы – 3 адис техникалык көзөмөл жүргүзөт, «Тим Интернэшнл/Саудконсалт» — 1 адис;
— Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу долбоору боюнча, 3-фаза, 159-183 км, MOST-Grup/ChinaRoad&BridgeCorporation подряддык компаниясы ишке ашырат – 37 адис тартылган жана «SaudiTechEngineering&GeologicalConsultantsandSpectrumEngineerлгө 3 адис тартылган.
Бүгүнкү күндө Транспорт жана жол министрлиги жогорудагы адистерди мобилизациялоо боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, тышкы иштер министрлиги жана Республикалык штаб иштеп чыккан алгоритмге ылайык иш жүргүзүлөт.
Буга чейин, ведомство тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор COVID-19 инфекциясына байланыштуу карантинден улам көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон.
2020-жылдагы курулуш иштерини башталышына, чет жактагы адистер карантинден улам өлкөнүн аймагына кире албай калышкан.
Ал эми курулуш иштери жүрүп жаткан кээ бир долбоорлор ӨК жана ӨА байланыштуу токтоп калган.
Бирок учурдагы оор кырдаалга карабастан кээ бир долбоорлор курулуш иштерин уланткан, алар:
Бишкек-Ош автожолу ,4-фаза Бишкек – Кара-Балта тилкеси, курулуш иштери уланууда.
Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоо 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад тилкеси, ондоо иштери жүргүзүлүүдө.
ЦАРЭС 1 и 3 долбоору боюнча (Түндүк-Түштүк жолунун уландысы, 3-фаза) Эпкин – Башкууганды тилкесинде ондоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча, 75-108 км асфальтбетон жаткырылууда, көпүрөнүн фундаменти куюлуп жатат.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы.