mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр алып жүрүү керек экендигин эскертет

13-17-февралга чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Мындай туруксуз аба ырайы, катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, жааган кардан улам айдоочуларга жолдо жүрүү кыйынчылык жаратат.

Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунда Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма ашууларында, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда министрликтин жолчуларынын күчү менен жолдорго 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, тоңголокторду алдын-алуу максатында даярдалган кум чачылды.

Ошондой эле, учурда бардык көзөмөл өткөрүү пунктарында ЖККББ кызматкерлери автоунаалардын кышкы дөнгөлөктөрүн, кышкы солярканы жана чынжырлардын бар экендигин текшерүүдө.
Кардын жаашынан улам, асфальттын үстүңкү бөлүгүндө, шагыл участоктордо тоңголоктордун, тыгындардын пайда болушун алдын-алуу максатында КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды дагы бир ирет жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр, күрөк алып жүрүү керек экендигин эскертет.
Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо коопсуздукту камсыздай тургандыгын эске салат.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы