mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр, күрөк алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет

Кыргызгидромедттин маалыматы боюнча 5-мартта республиканын көпчүлүк аймагында жаан жаап карга айланат. 5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 5-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
6-мартта, 7-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-мартта күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы, катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, жааган кардан улам айдоочуларга жолдо жүрүү кыйынчылык жаратат. Чүй облусунун Төө-Ашуу, Жалал-Абад облусунун Ала-Бел, Көк-Бел Чапчыма, Талас облусунун Өтмөк ашууларында унаалардын кыймылын кыйындатат.
Транспорт жана жол министрлигини жолчуларынын күчү менен кар жааган учурда 2019-2020-күз-кыш мезгилине атайын жолдорго даярдалган инерттүү материалдар жолго чачылат.
Кардын жаашынан улам, асфальттын үстүңкү бөлүгүндө, шагыл участоктордо тоңголоктордун, тыгындардын пайда болушун алдын-алуу максатында КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды дагы бир ирет жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр, күрөк алып жүрүү керек экендигин эскертет.
Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо коопсуздукту камсыздай тургандыгын эске салат.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы