mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министринин 2019 –жылдын биринчи жарым жылдыгы жана 2 кварталга коюлган милдеттенме боюнча маалымат жыйын ѳттү

Эффективдүү сооданы өнүктүрүү бизнестин өсүшүнө колдоо көрсөтөт, жумушчу орундарын түзүүгө жана жакырлыкты жоюуга өбөлгө түзөт. Ошондуктан эл аралык транспорттук коридорлорду сактоо жана жакшыртуу өлкөнүн жол секторундагы приоритеттүү багыт болуп эсептелет. Негизги эл аралык жана регионалдык транспорттук коридорлордун узундугу 2242 км ди түзөт. Алардын Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Сарыташ-Карамык, Ош-Сарыташ-Иркештам, Ош-Баткен-Исфана жана Талас-Тараз-Сусамыр жолдору болуп эсептелет.
Жогоруда аталган транспорттук коридорлорду өркүндөтүү үчүн 1996-жылдан баштап, 2,5 млрд. АКШ долл. тартып келинген. 2012-жылы эки эл аралык транспорттук коридор — – Ош-Сарыташ-Иркештам жана Сарыташ-Карамык, 394 км оңдолуп бүткөн. 2017-жылы дагы бир Бишкек-Нарын-Торугарт, узундугу 539 км жол коридорунун курулушу аяктаган.
Активдүү курулуш ишмердиги, ошондой эле, республиканын түштүгүндөгү Ош-Баткен-Исфана автожолун калыбына келтирүүдө байкалат. Азыркы учурда участкада «Ош-Баткен-Исфана автожолун кайра куруу, км 75-108” долбоору боюнча участкада толук маасштабдуу курулуш иштери башталган, тактап айтканда, 97 км де жаңы көпүрөнү куруу 90% аяктаган, 78 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу аяктады жана 24 участкада курулуш иштерди жана негиздин төмөнкү жана үстүнкү катмарын куруу жүрүп жатат, 8,4 км асфальтбетон жабуусунун төмөнкү катмары курулду. 81,2 км де үчүнчү таш талкалоочу жабдуунун (КДУ) монтаждоо аяктады жана инерттик материалды өндүрүү башталды, экинчи асфальтбетон заводун монтаждоо (АБЗ) жүрүп жатат, өндүрүмдүүлүгү саатына 130 тонна. Азыркы учурда курулуш иштеринде жол-курулуш техникасынын 101 бирдиги иштеп атат жана 158 жумушчу ишке тартылган.
«Тараз-Талас-Суусамыр, Фаза III, 75-105 км автожолун кайра куруу” долбоору аяктады. Буга чейин эки фаза аткарылган. 2017-жылдын 11-июлунда өткөн “Тегерек столдун” 3-кеңешмесинин натыйжасында, «Тараз-Талас-Суусамыр, Фаза III, 75-105 км автожолун кайра куруу” долбоорун Араб координациялык тобу фонддору тараптан каржылоо жөнүндө келишимге жетишилген.
“Тегерек столдо” Араб координациалоо фонддору менен түзүлгөн келишимге ылайык Тараз-Талас-Суусамыр, Фаза IV, км 105-199 долбоорун каржылоо жөнүндө суроо-талапты Балыкчы-Каракол-Балыкчы (Ысык-Көл айлампасы), км 104-184,5 автожолун кайра куруу» (Корумду а.- Балбай Баатыр а.) долбоорун ишке ашыруу башталгандан кийин донорлорго жиберүү пландаштырылууда.
Азыркы учурда ишке ашырылып жаткан масштабдуу долбоор “Түндүк-Түштүк”, узундугу 433 км альтернативалуу жолун куруу боюнча долбоор болуп эсептелет. Долбоор үч фазага бөлүнгөн. 2014-жылдан бери КР Транспорт жана жол министрлиги I Фазаны ишке ашырып жатат, ага төмөнкү маршруттар кирет: « Кызыл-Жылдыз а. – Арал а.» ( 183-195 км) жана «Казарман а. – Джалал-Абад ш.» (291- 433км), анын ичинде «Көк-Арт» ашуусу аркылуу, узундугу 3,8 км тоннелди куруу кирет.
«Кызыл-Жылдыз а. – с. Арал а.» участкасын калыбына келтирүү (183-195 км) 1916-жылы аяктаган. Калган участкаларда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык 2021-жылы аяктайт. Ошондой эле, «Арал-Казарман» участкасын камтыган II Фаза долбоорунун алкагында курулуш иштери башталды. Азыркы учурда бул участкада курулуш иштери жүрүп жатат, аларды, ошондой эле, 2020-жылы аяктоо пландаштырылууда. Ал эми
Балыкчы ш. –Кызыл-Жылдыз а.(0-183км) участкасын куруу болжолдонгон долбоордун III Фазасы үч участкага бөлүнгөн. Эпкин-Башкууганды(89-159) участкасында 2-апрелде курулуш иштери башталды. Ошондой эле, Башкууганды-Кызыл-Жылдыз(159-183) жана Балыкчы-Кочкор (0-43 км) жана Кочкор –Эпкин (64-89) участкаларында подрядчикти тандоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошондой эле, тоннелди казуу жана эстакадалык көпүрөлөрдү куруу боюнча толук масштабдуу жумуштар, коробкалуу устундарды монтаждоо иштери да улантылууда.
Айтылып жаткан жолдо асфальтбетон-шагыл-мастикалык жаңы ыкма колдонулуп жатат, ал курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолдун11,5 тонна жүк көтөрүмдүүлүгүн камсыздайт.
Жакынкы жылдарда биз үчүн “Ысык-Көл транспорттук айлампасы” автожолду калыбына келтирүү алгылыктуу болуп эсептелет. Түндүк жарым айлампанын узундугу 218 км, түштүк – 220 км. Бул жол Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык зор мааниге ээ. Биздин республиканын транспорттук түйүндөрүнүн бири болуп эсептелген Балыкчи шаары Ысык-Көл, Чүй жана Нарын областтарынын ортосундагы транспорттук байланышты камсыздайт. Ал жол, ошондой эле, КЭР (Кашгар) жана Казак Республикасын ортосунда Нарын жана Ысык-Көл областтарынын аймагы аркылуу БАРЭК-1 коридору боюнча үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздайт. Андан сырткары, “Ысык-Көл транспорттук айлампасы” аркылуу биз Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун Казак Республикасынын автомобиль жолдору менен бириктирүүнү пландаштырып жатабыз, тактап айтканда, “Батыш Кытай – Батыш Европа” магистралына чыгууну камсыздоо, бул жолдун казак тарабы бүткөрүлгөн.
2015-жылы биз «Кувакы» ашуусунан Балыкчи шаарына чейинки жолдун биринчи участкасын калыбына келтирүүнүн аяктаганбыз. Азыркы учурда Балыкчи шаарынан Курумду айылына чейинки жолдун участкасын калыбына келтирүүнү курулушу башталды. Калган участкаларды калыбына келтирүүнү каржылоо боюнча азыркы учурда ар кайсы финансылык институттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ысык-Көл курорттук зонасынын автомобиль каттамдарын Республиканын областтары менен жакшыртуу, жол четиндеги сервисти жана Ысык-Көл транспорттук айлампасынын инфраструктурасын өркүндөтүү, ички жана эл аралык туризмдин жана өнөр жай өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын андан ары өстүрүүгө жана өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.
2019-жылдын биринчи кварталында жол тармагы боюнча республикалык бюджеттен каржылоо 341,0 млн. сомду түздү же 2019-жылга каралган каражаттардын 18,2 %. Күнүмдүк бюджет боюнча, 2019-жылдын биринчи кварталында автомобиль жолдорун кышкы тейлөө жана жол-курулуш иштерине даярдык көрүү иштери 281,3 млн. сомго жүргүзүлдү.
Февраль айында 2019-жылга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тутуунун Титулдук тизмеси 1 963,3 млн. сомго бекитилген, анда автомобиль жолдорун орточо жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери 1002,3 млн. сомго каралган жана төмөнкү жумуштар аткарылат:
— асфальтобетон төшөө – 126,2 км;
— үстүнкү бодуракай иштеп чыгуу – 183,9 км;
— кара шагыл төшөө – 24,2 км;
— шагыл төшөө – 127,1 км;
— 7 көпүрөнү куруу, узундугу 105,3 п.м.;
— 40 көпүрө жана курулмаларды оңдоп-түзөө жана бекемдөө, узундугу 182 п.м.
— цементобетон төшөө (пилоттук долбоор) 5,5млн. сом;
— оңдоп-түзөө-калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери 31,7 млн. сом суммасында;
— Даярдоо иштери жана ЛЭПти куруу (Бишкек-Ош а/ж 246 км галерея) 8,0 млн. сом суммасында;
— жолго белги коюу 120 км;
— Жүк октук барьердик тосмолор 5 км;
— Жол чырактарын орнотуу 2 даана ж.б.
Күнүмдүк оңдоп-түзөө, кышкы, жайкы тейлөө жана Администрациялык башкаруучу кызматкерлерин тейлөө 632,9 млн. сомго каралган.
Белгилүү болгондой, жыл сайын оңдоп-түзөө жана курулуш иштери апрель айында башталат. Азыркы учурда күнүмдүк оңдоп-түзөө боюнча жумуштар толук көлөмдө жүрүп жатат. Битумду сатып алууга тендер өткөрүлдү жана 7 лоток боюнча келишимдерге кол коюлду.
Оперативдүү билдирүүлөр боюнча 2019-жылдын 31-мартына аткарылган иштердин көлөмү 281,3 млн. сомду түздү жана негизинен жолдорду кышкы тейлөө жана сезондук жол-курулуш иштерине даярдануу жумуштары жүргүзүлдү.
Өткөн жылдан бери алыскы райондор жана областтык борборлор активдүү жасалгалана баштады, кенен асфальт жолдор салынды. Үстүбүздөгү жылы ар бир райондук борбордо республикалык бюджеттен 3 км асфальтбетон жол салуу болжолдонууда. Ошону менен КР ТжЖМ өлкөнүн жол тармагын жакшыртууну бир канча багытта жүргүзүп жатат, анын ичинде инвестицияларды тартып келүү жолу менен жана республикалык бюджеттин эсебинен.
Жол тармагын реформалоо боюнча алдыдагы пландар жөнүндө белгилей кетүү зарыл. Жол тармагын талдоонун натыйжасы боюнча, эл аралык тажрыйбаны жана республиканын мыйзам чыгаруу базасын эсепке алуу менен министрлик жол тармагын башкаруу системасын башкаруу жана каржылоо системасын реформалоо боюнча сунуштарын даярдады. Башкаруу системасын автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча мамлекеттик ишканаларды түзүү аркылуу реформалоо пландаштырылып жатат. Иштеп турган жол-пайдалануу мекемелеринин базасында мамлекеттик ишканаларды түзүү «Тапшырыкчы- көзөмөл боюнча Подрядчик-Инженер» системасын киргизүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан министрликтин тармактарында коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу бекиткен деталдаштырылган пландарды ишке ашыруу боюнча чаралар кабыл алынып жатат. Тактап айтканда, жол чарба, транспорт чөйрөсүндө, анын ичинде жарандык авиацияда, Кыргыз темир жолунда, «Кыргызавтобекети» МИ жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү контролдоо агенттигинде.
Тармакта транспорт жана жол чарбасынын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн мүмкүн болуучу фактыларын болтурбоо үчүн адам факторун минималдаштыруу максатында заманбап санариптик технологияларды киргизүү боюнча иштер улантылууда.
Авиация боюнча :
Былтыркы жылы «Манас», Ош жана Ысык-Көл эл аралык аэропортторун кайра куруу боюнча жумуштар аяктаган. Кербен жана Исфана регионалдык аэропортторунда, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында «Манас» аэропорту тарабынан алардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жумуштар улантылууда.

Кыргыз тарап авиажүк ташуу рыногун либералдаштыруу максатында Кыргыз Республикасына эл аралык учууларды жүргүзүүгө ниет кылган бардык мамлекеттерге “Абанын бешинчи боштугу” укугун бир беткей тартипте берди.
Бул кадам жаңы авиарейстерди ачууга жана жүргүнчү агымынын улам көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда. Демек, ал, атамекендик туристтик тармактын өнүгүүсүнө оң таасирин берет. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттерге түз учууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Пресс-кызмат