mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институтунда окуу жайдын студенттер топторунун арасында коррупцияга каршы темада дубал гезиттердин сынагы болуп өттү.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институтунда окуу жайдын студенттер топторунун арасында коррупцияга каршы темада дубал гезиттердин сынагы болуп өттү. Сынактын максаты өсүп келе жаткан муундардын арасында өлкөбүздүн жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү мүмкүн болуучу коррупциянын көрүнүштөрүнө терс мамиле кылуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болгон. Сынакка студенттер тарабынан жасалган 54 плакат кирди. Плакаттардын авторлору 50 презентация жасап, презентация учурунда коррупциянын мүмкүн болуучу көрүнүштөрү боюнча өз позицияларын коргошту. Калыстар тобу 14 эмгекти белгилеп, алардын авторлору министрлик тарабынан колдоого алынат.
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул жыйында кабыл алынган резолюцияда мамлекеттик органдарга 2021-жылдын 9-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө арналган жана иш-чараларды өткөрүү сунушталды.
КР ТжКМ басма сөз кызматы