mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев БУУнун системасынын туруктуу координатору Антье Грейв менен жолугушту.

Бүгүн, 2023-жылдын 8-февралында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) системасынын Туруктуу координатору Антье Грейв менен жолугушту.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр БУУ тутумунун Туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен БУУнун тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз кызматташуунун жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык экономикалык мамилелердин көйгөйлөрүн чечүү жана транспорттук комплекс үчүн заманбап инфраструктураны түзүү өтө маанилүү экенин белгиледи.  КР ТжКМ Эл аралык институттар жана программалар менен негизги иштерди жүргүзөт. Бул Дүйнөлүк деңгээлдеги АжТЭСК БУУ,ЕЭК менен кызматташуу.

Министр ошондой эле учурда Кыргызстандын бардык эл аралык жол коридорлору EATL Евро-Азия транспорттук түйүндөрүнүн жол тармагына киргендигин кошумчалады. Бул жол коридорлору көптөгөн мамлекеттерге, ири портторго, транспорттук түйүндөргө жана терминалдарга чыгууну камсыз кылат.

Министрлик ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коркунучтуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуу боюнча Европалык макулдашууга, БУУнун дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, орнотулушу же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын жана тетиктеринин техникалык регламенттерин кабыл алуу жөнүндө макулдашууга кошулуу демилгесин көтөрүүдө.

Өз кезегинде Антье Грейв кыргыз тарапты БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен кызматташуунун түрдүү багыттарында, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигине ишендирди.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы