mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт министрлиги: «Бригаданын кеңеши» ЖЧКсына айып пул салынып, №203 каттамдын айдоочусу жумушунан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы  (БШБ) “Совет Бригада”  ЖЧКсынын №203 маршрутунун айдоочусу менен балалуу аялдын ортосундагы окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

Ыйгарым укуктуу органдын иликтөөлөрүнөн кийин, бул окуя 2021-жылдын 30-сентябрында Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада, болжол менен саат эрте мененки 09:30 чамасында болгон. Буга байланыштуу БШБна “Совет Бригада”  ЖЧКсынын башчысы жана өзгөчө кичи класстагы 01KG256ADP автобустун айдоочусу Мамбеткулов Бектен Жакшыбекович чакырылып, алардан түшүнүк каттары алынды.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча, «Совет Бригада» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Кодексинин 293 -беренеси боюнча протокол түзүлүп, 130 эсептик көрсөткүчкө (13000 сом) айып салынган протокол түзүлдү. Ал эми айдоочуга 205 -берене боюнча, 134 -берененин 2 –бөлүгүнө, 271 -берененин 2 -бөлүгүнө ылайык эреже бузуулар жана айыптар жөнүндө 115 эсептик көрсөткүч (11500 сом) өлчөмүндө айып салынган. Андан сырткары бул айдоочу №203 каттамдагы жумушунан бошотулган. Ошондой эле ЖЧКнын жетекчилигине бул окуяны айдоочулардын арасында талкуулоо жана келечекте ушул сыяктуу фактыларды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы