mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жаны жол техникасы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк Банк тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жолдорду жакшыртуу программасынын алкагында» берилген жол техникасы менен таанышты.
Техникалар жана жабдыктар Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган ПУДПС ЦА – 1 Кыргызстан жана Тажикстан чектешкен транспорттук жолдордун абалын жакшыртуу долбоорунун алкагында берилген.
№2, №13 жол иштетүү ишканаларынын жана Ош-Баткен-Исфана автожолунун №46 башкармалыгынын техникалык базасын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги менен ««Hayat group» компаниясы ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык төмөндөгү техника сатылып алынган.
Лот №2:
— 3 жүк көтөрүү үчүн кран автомашинасы,
— 3 бортовой жүк машинасы,
— 1 тягач трейлери менен,
Лот №5:
-1 комплект таш майдалай турган жабдык;
Лот №6:
— 3 машина жол төшөй турган жабдуулары менен.
II. КР Транспорт жана жол министрлиги менен «Urumgi Zhenyu Global Trading Co., Ltd» компаниясы ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык төмөндөгү техника сатылып алынды:
Лот №1 (асфальтобетон төшөөгө):
— 1 техника асфальт төшөйт ,
— 1 пневмокаток,
— 1 гладковальцовый каток,
— 1 автогудронатор.
Лот №2 (жол куруу үчүн атайын техника):
— 3 автосамосвал,
— 3 автогрейдер,
— 3 автопогрузчик,
— 3 экскаватор,
— 1 бульдозер.
Лот №4:
— 1 комплект асфальт бетон завод.
III. КР Транспорт жана жол министрлиги менен «Мурас» компаниясы ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык төмөндөгү техника сатылып алынды:
Лот №3 анча чон эмес көлөмдөгү жолдорду куруу үчүн:
— 1 комплект жол белгилерин жасай турган техника,
— 3 битум үчүн жабдуу,
— 3 техники асфальт кесүү үчүн,
— 3 компактор,
— 3 компрессор,
— 3 отбойный молоток,
— 3 асфальт жаткыра турган жабдык.
Бүгүнкү күнгө карата Баткенге 28 даана жол техникасы жеткирилди, 11 комплект атайын жабдуу, 1 асфальт бетон завод жана таш майдалай турган 1 комплект Ош-Баткен-Исфана жол башкармалыгы үчүн берилген, техника 2019-жылдын сентябрь-ноябрь айында алынып келинген.