mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кольбаев Кусеин Кольбаевичтин 110 жылдык юбилейи

 

Автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министрлигинин негиздѳѳчүсү, биринчи министри   Колбаев Кусейин Кѳлбаевичтин 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси 2018 –жылдын 23- ноябрында Автодорожный техникумда ѳттү. 110 жылдыкка жолчу ардагерлер, Апаз Жумагулов, Садыкбек Аблесов, Кыдырма Орозалиевтер катышып ѳз докладтарын окуп ѳтүштү.

Кусеин Колбаевдин 110 жылдык эскерүү кечесине Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.Ногойбаев катышып тѳмѳндѳгү куттуктоону окуду.

 

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин  орун басары  Ж.Ногойбаевдин Кольбаев Кусеин Кольбаевичтин 110 жылдык юбилейине арналган куттуктоо сѳзү

Урматтуу бүгүнкү салтанаттуу жыйындын катышуучулары! Урматтуу ардагерлер!

Кыргыз ССРде Биринчи-Инженер – жолчу, Автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министрлигинин негиздѳѳчүсү, биринчи министри   Колбаев Кусейин Кѳлбаевичтин бүгүн 110 жылдыгын белгилеп отурабыз. Жаңыдан түптѳлүп келе жаткан Кыргыз элинин чыгаан уулдары Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиевдер менен катарлаш эле. Бир эле транспорт жол тармагы эмес, экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүдө зор жеке салымын кошкон инсан. Белгилей кетчү нерсе, 50-жылдары  жолчулардын жана транспортчулардын  ичинде бир да  кыргыз инженер болгон эмес.  К.Көлбаевдин чечкиндүү аракетинин аркасында, анын демилгеси менен 1957-жылы министрликтин алдында автожол техникуму ачылылган.

К.Көлбаев жолчу-инженер жана куруучу да болгон.  Бишкек шаарынын өнүгүүсүндѳ анын жетекчилиги алдында  ондогон кооз имараттар курулган. Мына сиздер окуп жаткан имараттын да негиздѳочүсү, Манас атындагы Кыргыз-Түрк университети, “Достук” мейманканасы,“Түштүк дарбаза” турак-жай имараттары, автовокзалдар, Транспорт жана жол министрлигинин имараттын курган.  Мындан тышкары тез арада Манас аэропотунун курулганында айта кетпесек болбойт. Ошондо Транспорт министрлиги тарбынан “Манас” аэропортун мыкты сапатта, тездетилген темпте куруп бүтүрүшкөн.

Ошол кезде жолдордогу бардык жумуштар кол эмгеги менен аткарылган, жол-курулуш техникасы жок болчу, тиешелүү технологиялык кызматтарды көрсөткөн заманбап автотранспорттук ишканалар жокко эсе болчу. Жүргүнчү ташыган автобустар болгон эмес.

Кусеин Көлбаевич  бул тармакка министр болуп келгенден кийин революция жасады.  Кыска мөөнөттүн ичинде жол-транспорт тармагын түптѳп алдыга  кѳтѳрдү.  Кара шагыл жолдор асфальтталды, темирбетон заводдору курулду.  Бардык райондордо тейлөө станциялары,  автовокзалдар курулду.

Ѳлкѳбүздүн  бутуна туруп жол тармагын түптѳлүшүнѳ кошкон салымына баа жеткиз.  Фрунзе – Ош – Иркечтам, Фрунзе – Рыбачье – Нарын – Торугарт, Ташкент – Алматы, элдик курулуш ыкма менен 25 гана күндүн ичинде салынган  Кочкор – Жумгал – Талас, Суусамыр  жана башка кѳптѳгѳн жолдорду айтсак болот.

Ал эми ѳлкѳ үчүн азыркы күндѳ да мааниси ѳтѳ чоң болгон  Фрунзе – Ош жолунун курулушу Минавтошосдордун жол-курулуш мекемелеринин күчү менен салынды.

Тоолу аймакка жаңыдан жол салуу оңойго турган эмес. Кыргыз элинин дегеле Борбордук Азиянын тарыхында эң уникалдуу, асман тиреген тоо чокусуна деңиз деңгээлинен бийиктиги 3200 м, узундугу 2,5 км. болгон тоннель курулуп, 1965-жылдары эксплуатацияга берилди.  Ѳлкѳ үчүн бул жолдун курулушу күрѳѳ тамырдай керек эле. Улуу Жибек жолун улаган ѳлкѳнүн Түндүк мене Түштүктү бириктирген, эл ташуу менен жүк ташууну үзгүлтүксүз камсыз кылып, азыркы күнү да  ѳлкѳ үчүн негизги жол болуп саналууда .

 

Ошондой эле өлкөбүздүн транспорттук комплексинин фундаментин түптөшкөн Кѳлбаев Кусеин Кѳлбаевич жана  ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем. Канчалаган жылдар таалыкпай эмгектенип,  устат катары адистерди тарбиялап өстүрүп, тармактын өнүгүүсүнө баалангыс салым кошуп бердиңиздер. Кийинки муундар, сиздердин тажрыйбалуу эмгегиңиздерди жогору баалап ишиӊиздерди улантат деген ойдомун.  Сиздердей мыкты ардагерлерибиз, кесипкой жаш адистерибиз менен мыкты өлкөнү түптөп алдыга алып кетүүгө мен ишеним менен карайм.

Урматтуу ардагерлер сиздердин жолду жолдоп, Кусеин Кѳлбаевич түптѳп, жетектеген долбоорлорду улантып, заманбап, жаңы технологиялар менен жолдорду куруп жатабыз. Ар жылы жол тармагына чоң ѳлчѳмдѳгү каражат бѳлүнүп, 350км дан кем эмес жол курулуп жатат.

Ал эми кыскача эл аралык корридорлор тууралуу  айта кетсем. Ош-Сарыташ-Иркештам, Сары-Таш-Карамык Бишкек – Нарын – Торугарт,Тараз – Талас- Суусамыр эл аралык жолун реабилитациялоо иштери толугу менен аяктап карапайым элдин экономикасына, региодор аларык карым катнашына кандай жакшы шарттар түзүлдү. Ал эми кийинки жылдары  Ош – Баткен – Исфана жана, Бишкек – Кара – Балта, Маданият-Жалал-Адаб, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол  жолдорун реабилитациялоо иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнун колдоосу менен башталган уникалдуу долбоор Түндүк – Түштүк стратегиялык, альтернативдик автомобиль жолунун курулушу эгемендүү өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги баарыбызга маалым.  Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эстакадалык кѳпүрѳлѳр, эң узун тоннель курулуп атат. Биздин тоолу аймакта жук ташуу, жүргүнчүлѳрдү ташуу   дээрлик 97 пайызы автотранспорттун күчү менен аткарылат. Ошондуктан бизге альтернативалык Түндүк-Түштүк жолунун курулушу ѳтѳ зарыл жана мааниси чоң.

Бул жол өлкөнүн түндүгүнөн Казакстандын жана Россиянын, түштүгүнөн Тажикстандын жолдору менен байланышып, Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан маршруту боюнча өтмө жолду камсыздайт. Ал өлкөгө экономикалык өз алдынчалуулугун сактоодо транспорттук туюк жолдон чыгууга мүмкүндүк берет.  Жаңы жол биздин жарандардын социалдык жана экономикалык абалына эң жагымдуу таасир берет деп ойлойм.

Деңизге чыга албаган Кыргыз Республикасы үчүн, эл аралык транспорттук коридорлор товарлардын жана кызматтардын аймактык рыногуна жетүүнүн жалгыз ыкмасы болуп саналат. Биз Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтыктын (БАРЭК) эл аралык транспорттук коридорлорунун бөлүгү болуп саналган жолдорду толугуменен калыбына келтирүүгө көӊүл койдук. Бүгүнкү күндө жолдордун реабилитациясы дээрлик аягына чыгып калды. Азыркы учурдун талабына жооп берген заманбап жолдор курулуп, 20 тоннадан 60 тонналык жүктү кѳтѳрѳ ала турган жолдор салынды.

Министрлик акыркы мезгилде жол куруу технологияларынын жаңы заманбап ыкмаларынын үстүндө иш алып барып ѳндүрүштүк иновациялык борборун ачты.

2018-жылы жолдорду паспорттоштуруу жумуштары башталды. Алдыга койгон милдеттер программа боюнча паспорттоштуруу 3-5 жылдын ичинде толугу менен бүтүрүлөт. Июль айынан баштап быйыл 800 км ашык жол паспорттоштурулду. Жолдун сапаттулугун жеринен барып текшерүү үчүн мобилдүү лаборатория алынды.

Жогоруда курулган жолдорду сактоо үчүн салмак — габариттик контролдоо пунктарында адамдык факторлорду кескин кыскартылып, 25 автоматташтырылган  электрондук көзөмөлдѳѳ системалары орнотулду.

Мындан тышкары, Евразиялык Экономикалык Бирикмеге кирүү менен акыркы жылдарда автомбилдик жүк ташууда жакшы көрсөткүчтөргө жетип отурабыз. Акыркы төрт жылдын ичинде жүк ташуунун көлөмү 10 пайызга өстү, ал эми жүк ташуудан келип түшкөн кирешенин көлөмү 2,3 миллиард сомго көбөйдү.  Жүргүнчүлѳрдү ташууда ар бир аймактарга автобустук, маршруттук каттамдар ачылды.

Ал эми темир жол тармагында да алгылыктуу иштер аткарлып, локамотивдер жаңырып, 150 жаңы вагондор алынды. Авиация тармагында эл аралык Манас,Ош, Ысык-Кѳл аэропортторун реконструкциялоо иштери аяктап, учуп конууга заманбап шарттар түзүлдү.

Урматтуу бүгүнкү юбилейдин катышуучулар урматтуу ардагерлер, урматтуу студенттер 25- ноябрь Кусейин Кѳлбаевичтин туулган күнунѳ арналган салтанатка баарыбыз күбѳ болуп отурабыз.  Ушундай улуу залкар инсаныбыз менен сыймыктанышыбыз керек жана таазим этишибиз керек.!

img_9504 img_9513 img_9518 img_9520 img_9539 img_9548 img_9555 img_9560 img_9566