mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол-Энилчек автожолунун 81-82 чакырым аралыгында кар кѳчкү түшүп жол убактылуу жабык

Жол чарба департаментинин №4 Аймактык бѳлүмү тѳмѳнкүлѳрдү билдирет. 2019-жылдын 6-апрелинде №11 Жол тейлѳѳ мекемесине караштуу эл аралык маанидеги Каракол-Энилчек автожолунун 81-82 чакырым аралыгында кар кѳчкү тазалоо жумуштары аткарылып, аяктап калган убакта (саат 16-30) жолдун ушул эле аралыгына кѳлѳмү болжол менен 33600 м3 (узундугу 400м) кар кѳчкүсү түшкѳн. Анын кесепинен жолдо иштеп жаткан Б-10 маркасындагы бульдозерди кар кѳчкүсү басып калган, ал эми пикап “Ниссан” маркалуу автомашинаны жолдон ылдый карай 150-200м аралыкка алып кеткен. Жабыркаган адамдар- №11 Жол тейлѳѳ мекемесинин начальниги Жаныбеков Т., бульдозеристтер Текесбаев С. жана Токтобаев А. азыркы убакта дарылануу курсунан ѳтүп жатышат. Жолду кар кѳчкүсүнѳн тазалоо жумуштары улантылууда, бул максатта аталган жолго №3 Жол тейлѳѳ мекемесине караштуу Б-10 маркасындагы бульдозер жеткирилди, ошондой эле фронталдык жүктѳгүч жана ДТ-75 маркасындагы бульдозер иштеп жатат. Тазалоо жумуштары 10-апрелге чейин бүткѳрүлѳрү мерчемделип, бул убакытка жолдун 81-82 чакырым аралыгы автотранспорт каттамы үчүн убактылуу жабык боло тургандыгын билдиребиз.
Пресс-кызмат