mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-85-чакырым аралыгына түшкөн кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылды

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-85-чакырым аралыгына түшкөн кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылды. Белгилей кетсек, кечээ, 24-майда болжол менен таңкы саат 03:30да Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-85-чакырым аралыгына жалпысынан 96 миң 651 куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылган.

Жерине 3 бульдозер, 3 жүктөгүч тартылган. Тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында 25-майда таңкы саат 4төр чамасында жол бир тараптуу ачылып, каттам берилген. Учурда жеринде №11 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жолду кеңейтүү жумуштары жүрүүдө. Көчкү түшүү коркунучу дагы деле сакталуу.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы