mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол- Эңилчек автожолунун 81-82 -чакырымындагы түшкѳн кѳчкүдѳн жол бир тараптуу тазаланды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин №4 Аймактык бѳлүмүнүн №11 Жол тейлѳѳ мекемесине караштуу эл аралык маанидеги Каракол- Эңилчек автожолунун 81-82 чакырым аралыгында 6- апрель күнү түшкѳн кар кѳчкүдѳн бир тараптуу тазаланып, автотранспорт каттамы үчүн ачылгандыгын маалымдайбыз. Азыркы учурда кар кѳчкү коркунучу 81-85- чакырым аралыгында сакталгандыгына байланыштуу каттам убактылуу чектелип, саат 5:00дан 11:00 аралыгында жүргүзүлүүдѳ. Ал эми автотранспорттун ортосу 500 метр аралыкта болуу зарыл. Азыркы учурда жолдун 81-82 чакырым бѳлүгүн кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат.
Пресс- кызмат