mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолундагы көпүрө капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №13 ЖТИнин кызматкерлери Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолундагы көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрүштү. Натыйжада көпүрө оңдолуп, бекемделип, тосмолору сырдалып, тазаланды.

Ошондой эле жолчулар тарабынан Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол элементтерин актап, сырдоо жана айлананы таштандыдан тазалоо иштери аткарылууда.

Ал эми Мурас айылына жакын жердеги Бели-Сынык ашуусунун жолу кеңейтилип, калк жана чек арачылар үчүн Маргун-Достук жана Тогуз-Булак-Сүлүктү-Базак-Сай шагыл жолдору салынууда.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы