mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

К. Кѳлбаев атындагы туннелинин (Тѳѳ Ашуу) желдетүү системасында жыл сайын ремонт иштери жүргүзүлѳт.

 

2018-жылдын 18-сентябрынан 30-сентябрына чейин К. Кѳлбаев атындагы туннелинде (Тѳѳ Ашуу) желдетүү системасын ощдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын туннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт.

Желдетүү системасын ремонттоо жыл сайын пландуу түрдѳ жылдын ушул мезгилинде ѳткѳрүлѳт.

Профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча чечим Чүй областтык жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ Мамлекеттик башкармалыгы жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун Мамлекеттик дирекциясы менен биргеликте кабыл алынган. Ишти жүргүзүү боюнча ордер Ички иштер министрлиги менен макулдашылган.

Транспорт каражаттарынын К. Кѳлбаев атындагы туннель аркылуу ѳтүшүнүн

Г Р А Ф И Г И

 

 

1.08:00-09:30 с. –ощдоо  иштери (жабык)

2.9:30-14:00 с. Транспорт каражаттары ѳткѳрүү (ачык)

3.14:00-15:30 с –ощдоо иштери (жабык)

4.15:30-08:00 с. Транспорт каражаттары ѳткѳрүү (ачык)

Пресс-служба МТиД КР