mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ислам Ѳнүктүрүү Банкынын инвест долбоорлорду ишке ашыруу тобу (ГРИП ИБР)

Ислам Ѳнүктүрүү Банкынын инвест долбоорлорду ишке ашыруу тобу 

Директору: Осоев Эркин Арстанбекович

Бишкек,ш Исанова 42 ,кѳчѳсү

Тел.: +996(312) 314388
Факс:+996(312) 314388

Ишеним байланыш : +996(312)314388

Электрондук дарек: zamirsh@mail.ru

Ислам өнүктүрүү банкы жана Араб координациялык тобу тарабынан каржылануудагы автожолдорду реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу 

 маалымат

 

  1. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолдорун реабилитациялоо долбоору, 272-365 км

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реабилитациялоо долбоорунун 272-365 км алкагында, Араб Координациялык Тобунун фонддорунун Кредиттик макулдашууларына кол коюулган жана ратификацияланган.

Курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө «Тим Интернэшнл/Саудконсалт» консультациялык компания тарабынан жүргүзүлүүдө.

2013-жылдын 23-августунда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен «Копри/Синохидро» (Кувейт/Кытай) биргелешкен компаниянын ортосунда курулуш иштерине 45,4 млн. АКШ.долларын түзгөн келишимге кол коюлган.

Куруу иштерин баштоо үчун буйрук 16.12.2013-ж. берилген.

Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 38,6 млн. АКШ. долларын түзөт же 85% контракттык баадан ошонун ичинде төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • жер жумуштары 713 миң м3;
  • 92 км асфальтбетон жабдуу төшөлдү;
  • 149 суу өтүүчү түтүкчөлөр курулуп салынды;

—   12 көпүрө курулду;

—   348+080-348+220 (Нарын шаары) жана 348+400-353+500 (Кызыл-Бель ашуусу) тирөөчү дубал курулду;

—   участокто 15909 даана жол жээгине тосмолор орнотулду;

—   450 даана жол белгилери орнотулду ;

—     14 даана аялдамалар курулду;

Курулуш жумуштары 2017-жылдын 31 июлда бүткөрүлдү.

Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү –31 июль 2018 ж.

2017-жылы 21-августа 41-жол тейлөө ишканасына автокаражаттарын тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыздоого кабыл алынды.

2017-жылы Подрядчы тарабынан курулуш иштерин аткаруу мезгилинде 142 жергиликтүү жашоочулар жумуш менен (Эмгекчил, Он-Арча, Мин-Булак, Нарын ш, Эчки-Башы жана башка а.) камсыздалды.

 

 

  1. Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоору, III-Фаза, км 75-105

Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун III-фазасын, 75-105 чакырымын реабилитациялоо долбоору Ислам Өнүктүрүү Банкы (ИƟБ) 10 млн.АКШ.доллар өлчөмүндө жана Сауд Өнүктүрүү Фонду 10 млн.АКШ.доллар өлчөмүндө каржыланууда.

Кыргыз Республикасынын каржылоо үлүшү 2,08 млн. АКШ доллар түзөт.

Долбоордун жалпы наркы — 22,08 млн. АКШ доллар.

ИѲБ жана СѲФ Кредиттик макулдашуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган.

Курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө «Спектрум» консультациялык компания (Ливан) тарабынан жүргүзүлүүдө.

27.05.2015 ж. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен «CAKIR YAPI SANAYI VE TICARET A.S» (Түрк) компаниянын ортосунда курулуш иштерине 17,5 млн. АКШ.долларын түзгөн келишимге кол коюлган.

Куруу иштерин баштоо үчун буйрук 26.08.2015-ж. берилген.

Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 15,75 млн. АКШ. долларын түзөт же 90 % контракттык баадан ошонун ичинде төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • жер жумуштары 197,5 миң м3;
  • 30 км асфальтбетон төшөлдү;
  • 59 даана суу өтүүчү түтүкчөлөр жасалды (бүткөрүлдү);
  • жолдун кесилиш жерлеринде 115 даана суу өтүүчү түтүкчөлөрдө жасалды;

—   6 көпүрө курулуп бүткөрүлдү;

—   300 даана жол белгилери орнотулду;

Азыркы учурда долбоор участогунда Подрядчы тарабынан жолдун жасалгалоо (обустройство дороги) жумуштары жүргүзүлүүдө.

2017-жылы Подрядчы тарабынан курулуш иштерин аткаруу мезгилинде 140 жергиликтүү жашоочулар жумуш менен (Чат-Базар, Манас, Карасуу, Кок-Кашат, Талас ш. жана башка а.) камсыздалды.

Курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү –  25 декабрь 2017 ж.

Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү – 25 декабрь 2018 ж.

 

  1. «Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо» долбоору, 75-108 км

Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору, Ислам Өнүктүрүү Банкы (21,32 млн. АКШ доллар) тарабынан каржыланууда.

Жалпы долбоордун наркы 23,76 млн.АКШ.доллар түзөт, анын ичинен Кыргыз Республикасынын каржылоо үлүшү 2,44 млн. АКШ доллар түзөт.

Курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө «Спектрум» консультациялык компания (Ливан) тарабынан жүргүзүлүүдө.

17.05.2017 ж. Транспорт жана жол министрлиги менен « Алке Иншаат Санайи ве Тижарет » компаниянын ортосунда курулуш иштерине 18,2 млн. АКШ.долларын түзгөн келишимге кол коюлду.

11.07.2017 ж. Подрядчик тарабынан мобилизация жумуштарына аванс төлөө алынды.

Куруу иштерин баштоо үчун буйрук 14.08.2017-ж. берилди.

Азыркы учурда Подрядчик тарабынан 7418 м3 жер жумуштары аткарылды жана 6 суу өтүүчү түтүкчөлөрдө курулуш жумуштары жүгүзүүлүдө.

Подрядчы тарабынан курулуш иштерин аткаруу мезгилинде 50 жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыздалды.

Курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү – 14 август 2019 ж.

Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү – 14 август 2020 ж.

 

  1. Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоору, км 159-183

Долбоорду реабилитациялоо Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен 32,0 млн.АКШ.доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Кыргыз Республикасынын каржылоо үлүшү 1,8 млн. АКШ доллар түзөт.

Долбоордун жалпы наркы – 33,8 млн. АКШ доллар.

07.03.2017 ж. ИӨБ кредиттик макулдашуусу күчүнө кирди.

2017 ж. 17-майда Джедда шаарында Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон насыялык макулдашууга кол коюлган.

2017 ж. 20-июлда  Кыргыз Республикасынын Президенти учурда Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

2017 ж. 8 августа КР Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасы жана Сауд өнүктүрүү фондунун Насыя макулдашуусунун юридикалык корутундусу Сауд өнүктүрүү фондунун күчүнө кирүү үчүн жиберилди.

Азыркы учурда консультациялык компаниялардын техникалык сунуштарын баалоосу аяктоодо.

Долбоордун пландаштырылган ишке ашыруу мөөнөтү – 2018-2023 жж.