mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ислам өнүктүрүү банкы жана Араб координациялык тобу тарабынан каржылануудагы автожолдорду реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалымат

1) Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун III-Фаза 75-105 чакырымын реконструкциялоо» долбоору
Долбоордун негизги курулуш жумуштары 2017-жылдын 26 декабрында бүткөрүлгөн.
2019-жылы аткарылган жумуштар:
Подрядчы тарабынан долбоордун үнөмдөлгөн каражатына төмөнкү кошумча курулуш жумуштары аткарылды Талас шаарына киребериш жерине арка курулду; 12000 чарчы метр тротуарлар курулуп бүттү; 122 даана кошумча жол белгилери орнотулду жана Подрядчы тарабынан кошумча курулуш жумуштарды өз убагында бүтүрүү үчүн өзүнүн (компаниянын) акча каражаттарын тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда долбоордун 3% аз курулуш жумуштары (тротуарларды асфальтоо жана жолдун 2 жериндеги кесилишине светофор орнотуу) калды. Аталган курулуш жумуштары 2020-жылдын апрель-май айында Подрядчы тарабынан бүтүрүлөт.
Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан кошумча жумуштарды толук бүтүрүү үчүн 2020-жылдын 30-декабрга чейин мөөнөт коюлган.

2) Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору
Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 5,8 млн. АКШ долларын түзөт же 32,5% контракттык баадан, ошону менен бирге төмөнкү жумуштар аткарылды:
-138 даана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн курулушу бүткөрүлгөн; -96,8 чакырымында жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү; -20,0 чак. асфальтбетон катмары төшөлдү; -78+342 чак. жайгашкан көпүрөдө курулуш иштери улантылып жатат.

Азыркы учурда Ислам өнүктүрүү банкынын көрсөтмөсүнө ылайык Заказчиктин жана Консультанттын талабы боюнча Подрядчы «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» тез аранын ичинде атайын дайындалган субподрядчы менен келишим түзүп, курулуш иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылууга милдеттендирилди.

3) Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоору
“2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Жарлыгын ишке ашыруу максатында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоорунан үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен Араб координациялык тобунун жактыруусу менен, 2019-жылдын 18-сентябрында Транспорт жана жол министрлиги жана “Копри/Синогидро” кувейт-китай биргелешкен компаниянын ортосунда негизги контракттын №4-кошумчасына (Дополнение к контракту на гражданские работы) кол коюулуп, Ат-Башы районунун борбордук кɵчɵлɵрүн узундугу 5 чакырымында жана Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма жолунун узундугу 23 чакырымын курулуш иштери аткаруу каралган.
2020-жылы жогору аталган жолдордо курулуш иштери улантылат (2020-жылдын октябрь айында толугу менен 28 чакырым жол асфальтбетон тɵшɵɵ иштери бүткɵрүлɵт).

4) 2019-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун, 3-фазасы, 159-183 чакырымын реконструкциялоо” долбоору
2019-жылдын 20-декабрында Транспорт жана жол министрлиги жана “МОСТ ГРУП /Чайна Роуд энд Бридж корперэйшн” кыргыз-кытай биргелешкен компаниясы ортосундагы келишимге кол коюулган курулуш иштерин аткаруу үчүн.

5) Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун 104-184.5 км реконструкциялоо долбоору
Азыркы учурда Араб координациялык тобунун кредиттик насыяларына Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун 104-184.5 км реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда.
2019-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин отурумунда аталган Долбоор жактырылган.
02.09.2019 ж. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул долбоорду тез арада каржылоо тууралуу тиешелүү каттар Араб координациялык тобунун фонддоруна жиберген.
Азыркы учурда Транспорт жана жол министрлиги тарабынан ОПЕК, Сауд ɵнүктурүү фондунун, Кувейт араб экономикасын ɵнүктүрүү фондунун долбоорду каржылоо тууралуу жактыруулар алынган. Ислам ɵнүктүрүү банкы тарабынан Кредиттик макулдашуунун долбоору алынган. Ал эми, Абу-Даби ɵнүктүрүү фонду тарабынан долбоорду жактыруу тууралуу тастыктоо каты күтүлүүдɵ.

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүң 20.11.2019 ж. № 429-б буйругу менен Ислам ɵнүктүрүү банкы, Сауд ɵнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикасын ɵнүктүрүү фонду, ОПЕК жана Абу-Даби ɵнүктүрүү фонду менен кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун талкулоо жана сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан расмий делегация түзүлгɵн бул долбоор боюнча.

2019-жылдын 20-ноябрында Транспорт жана жол министрлигинде Сауд ɵнүктүрүү фондунун делегациясы менен Кредиттик макулдашуунун долбоорун талкулоо жана сүйлɵшүүлɵр жүргузүлгɵн жана жыйынтыгы боюнча макудашуунун долбооруна кол коюулган.
2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасы менен Сауд ɵнүктүрүү фондунун ортосунда жогоруда аталган долбоорду реконструкциялоо жɵнүндɵ Кредиттик макулдашууга кол коюлган. Азыркы учурда СƟФ Кредиттик макулдашуусун ратификациялоо боюнча ичкимамлекеттик процедуралары жүргүзүлүп жатат.

Андан сырткары, Ислам ɵнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасына 2020-жылдын 23-24 январында келген учурда Кыргыз Республикасы менен Ислам ɵнүктүрүү банкынын ортосундагы жогоруда аталган долбоор боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоорун талкууланган. Талкулоонун жыйынтыгы боюнча Транспорт жана жол министрлиги менен Ислам ɵнүктүрүү банкы ортосунда сүйлошүүлɵрдүн Протоколуна кол коюлган.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы