mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Eptisa” Консультациялык компаниясы тарабынан, “Курулуш жумуштарынын башталгандыгы жөнүндө” билдирүү

Бишкек – Кара-Балта участогунун 2017-жылдын 3-апрелинде Башкы Подрядчыга “Eptisa” Консультациялык компаниясы тарабынан, “Курулуш жумуштарынын башталгандыгы жөнүндө” билдирүү берилди.

Азыркы учурда Башкы подрядчы Сһіnа Railway №5 персоналды,жол-курулуш механизмдерди жана жабдууларды мобилизациялоосун жүзөгө ашырып жатат. Участокто 63 даана жол куруу механизмдери жана  жабдыктары мобилизацияланды ошондой эле,  147жумушчулардагы, алардын ичинен 35 чет өлкөлүк жана 112 жергиликтүү тургундар  мобилизациаланышты.

Км 45,6 — км 51,6 участогунда жол четиндеги тилкесин тазалоо жана 1105 даана бак-дарактар кыйылып дүмүрлөрү казылып чыгарылды, ошондой эле бул участокто жол түзүлүшүнүн куруу иштери аткарылып жатат. Бул участоктогу жол түзүлүшүнө 24 000 м3 көлөмдөгү материал сарпталды. Жолдун 51,2 кмде жолдун астынкы катмарын түзүү иштери жүргүзүлдү жана узундугу 400 м аралыкта иш аткарылды. Ошондой эле участокто дренаждык иштер, 8 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Ошону менен бирге, жаңы 14 даана электр линиясы орнотулду.

4-сентябрда башкы подрядчы км 54,2 — км 59,3 участогунда жол четиндеги тилкесин тазалоо жана жолдун жээгинде жайгашкан дүмүрлөрдү тазалоо иштерин башташты, азыркы учурга жолдун эки бетинен 800 даана бак-дарактар кыйылды.

2017-жылдын 16-сентябрында 18+367 кмде жайгашкан “Жыламыш” көпүрөсүн реконструкциялоо иштери башталды.

Пресс-кызмат

 

прео

Пресс-кызмат