mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эпкин — Дыйкан (Башкууганды) унаа жолунун 89+ 500 -159 + 200 км бөлүгүн реабилитациялоо боюнча подряддык компанияны тандоо аяктады

2021-жылдын 8-сентябрда  Эпкин-Башкууганды жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн келишим түзүүчү компанияны тандоо аяктаган.  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги  «China Railway No. 5 Engineering Group Co. Ltd» компаниясы тендердик табыштаманын кабыл алынгандыгы тууралуу билдирет жана жакынкы арада  аталган компания менен келишим түзүүнү пландап жатат.

Ушул аптанын аягында  «China Railway No. 5 Engineering Group Co. Ltd» компаниясы «Gentek» кеңеш берүү компаниясы менен биргеликте подрядчынын кызматкерлеринин жайгашкан жерин аныктоо үчүн жер -жерлерди кыдырып,  жабдууларды жана материалдарды сактоочу лагерди түзөт.

Учурдагы жолду туура кармоо, ошондой эле подрядчыны тезирээк мобилизациялоо үчүн КР ТжКМги “China Railway No. 5 Engineering Group Co. Ltd » 2021-жылдын 13-сентябрына чейин иштеп жаткан жабдууларды аянтка өткөрүүнү башташат. Подрядчы 2021-жылдын октябрь айынан тартып жолду толук кандуу тейлөөгө киришет.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы