mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эпкин-Башкуганды автожолунун участогу: Техниканын ижарасынын төлөнбөй жатышынын бирден-бир себеби «Енисей-Строй» компаниясынын ээлеринин алмашуусу

Эпкин-Башкуганды автожолунун 69,7 км (89-километрден 159-км чейин) курулуш иштерин TodiniConstructionGeneraliS.p.A (Италия) (мындан ары – Todini), подряддык компаниясы жүргүзүүдө, бул компания «ЦАРЭС 1 жана 3 коридорун бириктирген, участок 2Б» долбоорун ишке ашырууда.
Todini башкы подряддык компания менен КР Транспорт жана жол министрлиги ортосунда 2018-жылдын 7-сентябрында келишим түзүлгөн. Өз кезегинде башкы подряддык компания субподряддык иштер боюнча «Енисей-Строй» ЖЧК менен келишим түзгөн.
2020-жылдын башында КР Транспорт жана жол министрлигине жазуу түрүндө жана расмий эмес негизде атуулдардан «Енисей-Строй» ЖЧКдан техника үчүн ижара акчасын ала албай жаткандыгы тууралуу кайрылуу болгон.
Келген кайрылууларга ылайык Транспорт жана жол министрлиги Башкы подрядчик Todini компаниясына түшүндүрмө алуу үчүн кайрылган.
Өз кезегинде компания 2020-жылдын 19-февралында «Енисей-Строй» ЖЧК алдында карызды толугу менен жапкандыгын билдирди.
Башкы подряддык компания Todini субподрядчиктин катын жүйө катары келтирди, анда 2020-жылдын 7-февралында жумушчулардын айлык акысы боюнча 50 пайздык сумма толугу менен жабылгандыгы тууралуу маалымдалат. Ал эми техниканын ижарасы боюнча карызды субподрядчик аз убакыттын ичинде карыздын 20 пайызын жаба тургандыгын билдирет.
2020-жылдын 3-мартында КР Транспорт жана жол министрлиги башкы подрядчик Todini жана субподрядчик «Енисей-Строй» ЖЧК менен жолугушуу уюштурган.
Жолугушууда КР Транспорт жана жол министрлиги Башкы подрядчик Todini алдында карызы жок экендигин, өз кезегинде Todini компаниясы «Енисей-Строй» ЖЧК алдында да карызы жок экендиги далилденди, тескери алдын ала төлөө жүргүзүлгөн.
Ижарачылардын маалыматы боюнча техниканын ижарасынын сумммасы 6,0 млн сомго жеткен.
«Енисей-Строй» ЖЧКнын директору башкы подрядчик Todini компаниясынын карызы жок экендигин далилдеп, учурда субподряддык ишкана ижаранын акчасын толугу менен жабуу үчүн каражат издеп жаткандыгын айтып, карызды 20-мартка чейин жаба тургандыгын билдирди.
Ал карыздын төлөнбөй жаткандыгынын бирден-бир себеби компаниянын ээлеринин алмашышы менен байланыштуу экендигин билдирди.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы