mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эми Кыргызстандын товарлары Орусияга Каспий деңизи аркылуу жаңы каттам менен жеткирилет

2023-жылдын 17-январында Астрахань шаарында Кыргызстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын министрлер кабинетинин жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда Каспий деңизинин порттору аркылуу мультимодалдык жүк ташууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бул жолугушуу Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Россия маршруту боюнча Каспий деңизинин порттору аркылуу үзгүлтүксүз мультимодалдык жүк ташууну уюштуруу маселесине арналды.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Астрахань облусунун үч портунун ишмердүүлүгү менен таанышты: «Астрахань деңиз порту» ААК, «Астрахань порту» ЖАК, «Армада» ГК. Кыргыз тарап бул каттам боюнча агымды 150-200 унаага чейин көбөйтүү перспективасы менен суткалык 40 унаа агымын камсыздоого даяр экенин белгиледи. Бирок бул үчүн паромдордогу, тактап айтканда, бул каттам боюнча үзгүлтүксүз каттамдар үчүн алардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерди чечүү зарыл.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жүк ташуучулардын Ассоциациясынын өкүлдөрү паромдорду ижарага берүү боюнча оператор катары чыга аларын айтышты, буга байланыштуу жакынкы арада КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги паромдорду ижарага алуу шарттары боюнча Астрахань областынын өкмөтүнө расмий суроо-талап жөнөтөт.

Ошондой эле бул жолугушууда расмий өкүлдөр жана жүк ташуучулар Түркмөнбашы порту менен Орусиянын Каспий деңизиндеги порттору ортосунда үзгүлтүксүз деңиз ташуу линияларын уюштурууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз делегациясы жана башка катышуучулар Каспий деңизинин портторун пайдалануу менен Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Россия маршруту боюнча үзгүлтүксүз мультимодалдык жүк ташууларды уюштуруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашышты, ошондой эле контейнердик жүк ташууну өнүктүрүү зарылчылыгы бар экенин белгилешти.

Эскерте кетсек, бул каттам боюнча мультимодалдык жүк ташууну уюштуруу демилгеси Кыргыз Республикасына таандык жана ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жигердүү иштеп чыгууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы