Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Досалиев Акуналы Атамырзаевич
- 938 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары
Досалиев Акуналы Атамырзаевич
1959-жылы 3-декабрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган.
1984-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган.
МЖКнын 3-класстагы кеңешчиси.
Ишмердиги:
1978-1979-жылдары — Кыргыз ССРинин Курулуш министрлигинде 2-класстагы кыш кыноочу.
1979-1981-жылдары — Фрунзедеги бут кийим өндүрүштүк бирикмесинин жабдуу бөлүмүндө жүктөгүч.
1984-1985-жылдары — Кыргыз ССРинин Транспорт министрлигинин Чаткал райондук жол эксплуатациялоо курулуш башкармасында эмгекти коргоо боюнча башкы инженер.
1985-1986-жылдары — Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министрлигинде инженердин убактылуу аткаруучусу.
1986-1988-жылдары — Кыргыз ССРинин Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдорунун түштүк эксплуатациялык жана линиялык башкармасында ага инженер.
1988-1991-жылдары — Кыргыз ССРинин Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдорунун түштүк эксплуатациялык жана линиялык дирекциясында жетекчинин убактылуу аткаруучусу.
1991-1992-жылдары — Кыргыз ССРинин Транспорт жана шоссе жолдор министрлигинде жетекчинин убактылуу аткаруучусу.
1992-1993-жылдары — Транспорт жана шоссе жолдор министрлигинин Материалдык-техникалык жабдуу башкармасында жетекчи.
1993-1994-жылдары -Жалал-Абад райондук мамлекеттик администрациясынын курулуш, транспорт, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө инспектор.
1994-2010-жылдары — Жалал-Абад асфальт-бетон заводунун директору.
2010-2015-жылдары — КРдин Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты.
2018-жылы — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси.
2018-2020-жылдары — КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары.
2022-жылы — “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун экономика жана өнүктүрүү боюнча орун басары.
15.11.2022-жылдан азыркы убакытка чейин – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.