mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Көчкү болжол менен бүгүн, 11-мартта түшкү саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 2640 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана бир атайын техника жолду кардан тазалап жатышат.

Кошумча маалымат берилет.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы