mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чоң-Ашуу ашуусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн улам унаа кыймылы үчүн жабылып, жол кызматкерлери жолду тазалап жатышат

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 24-февралында өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү күтүлүп, кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр.

Чүй облусунда +16…+21; Таласта +14…+19; Баткенде +15…+20; Ош, Жалал-Абад облустарында +15…+20; Ысык-Көлдө +8…+13, Нарында -1…-6.

Бүгүн саат 07:30 чамасында Каракол-Эңилчек жолунун 82-чакырымында Чоң-Ашуу ашуусунда  узундугу 150 метр, бийиктиги 4 метрге чейин болгон кар көчкү түшкөн. Унаалардын өтүүсүнө жол жабылып, учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №11 ЖТИнын кызматкерлери жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кар көчкү тууралуу жергиликтүү бийликке маалымат берилди.

Красная-Горка-Акташ жолу аба ырайы жакшырганга чейин убактылуу жабылды. Бул жерде №27 ЖТИнын кызматкерлери инерттик материалдар менен толтуруу иштерин  аткарышууда.

Нарын районундагы Сары-Булак-Арчалы-Оруктам унаа жолунун 57-чакырымынан 70-чакырымына чейинки бөлүгүндө  калың жааган кардан улам тосулуп калды. Анда №14 ЖТИнын жумушчулары керектүү техникалары менен 4 күн бою (1 жүктөгүч, 1 автогрейдер) карды тынымсыз чыгарышкан. Жолду кайрадан кар басып калып, кечээ, 23-февралда кошумча 1 жүктөгүч жана 1 автогрейдер тартылып, кечээ кечинде кар тазаланды.

2023-жылдын 24-февралында Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо жана Чоң-Ашуу сыяктуу бардык ашууларда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери карды тазалоо, таштандыларды чыгаруу, суу өткөргүчтөрүнө жакын жердеги муздарды жаруу жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштерин жүргүзүүдө.

Түзбел, Торугарт ашууларында күн бүркөлүп, шамал жүрүп, жаан-чачын болбойт, жолдор да кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар чачылган. Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгакка каршы материалдарды чачуу иштери жүрүп, каттам унаалар үчүн ачык. Ал эми Нарын районундагы Долон ашуусунда 271-чакырымдан 373-чакырымга чейинки жол тилкесинде инерттик материалды кошуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Төө-Ашуу ашуусунда унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө киргизилген жок.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы