mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Аксай айылынын Аманбай-Ата кѳчѳсүнѳ 1 чакырымга асфальт тѳшѳѳ иштери башталды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Аксай айылынын Аманбай-Ата кѳчѳсүнѳ 1 чакырымга асфальт тѳшѳѳ иштери каралган. Аталган кѳчѳдѳ Жол чарба департаментинин №43 – Жол тейлѳѳ башкармалыгы иш алып барууда. Аманбай –Ата кѳчѳсүндѳ буга чейин аң-чѳнѳктордү жамоо иштери жүруп келген. Ал эми быйыл Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланган. Ошого байланыштуу Мамлекеттик капиталдар салымынын эсебинен 152,9 чакырым жол каралып, учурда 117 чакырымы аяктап отурат.

пресс- кызмат