mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Буйрук № 417 28.12.2018 «Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдерин бекитүү жөнүндө» КР ТжЖМнин 2017- жылдын 6-июлундагы № 226 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун жана андагы жол курулуштарын куруу, калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө жана тутууга  туруктуу техникалык контроль жүргүзүүнү  камсыздоо максатында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 токтомун аткаруу үчүн  жана  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

  1. «Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдерин бекитүү жөнүндө» КР ТжЖМнин 2017- жылдын 6-июлундагы № 226 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү:

—  көрсөтүлгөн  буйруктун 1-тиркемесине ушул буйрукка ылайыктоо;

— 2-пунктагы “369,3” цифрасын “115,49” цифрасына өзгөртүү.

  1. Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго бул буйруктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтында катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жарыялануусун камсыздасын.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгы расмий жарыяланган күнүнөн баштап, бул буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти  жетекчиликке алсын.
  4.       Бул буйрук расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.

 

 

Министр                                         Ж. Калилов