mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерин уланат

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 14-октябрынан тартып, 18-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131- чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2019-жылдын 14-октябрынан тартып, 18-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.
Эскерте кетсек: таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Пресс-кызмат