mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкектен Сауд Арабиянын Жидда шаарына биринчи чартердик каттам учуп кетти. Каттамды «Эйр Манас» авиакомпаниясы аткарганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек-Жидда-Бишкек» багыты боюнча жумасына бир жолу каттамдарды аткарат. Тактап айтканда, каттам жекшемби күнү жасалат. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты.

maalymat.kg