mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкектеги Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен эки министрлик биргеликте чыккан рейд учурунда унаа терезесин караңгылаткан айдоочулар бүгүн айыпка жыгылды

 

 

Транспорт жана жолдор министрлиги менен Ички иштер министрлиги өлкө аймагында биргеликте, унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга рейд өткөрүп, айып салууда.

Бүгүн эртең менен эле Бишкектеги Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен 10дон ашык айдоочу кармалып, жеке жактарга 3 миң сомдон, юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынды. Салынган айып пулдар 30 күндүн аралыгында банк аркылуу төлөнүшү керек. Эгерде белгиленген убакыт ичинде төлөнбөсө, ар бир күн үчүн айып пулдун көлөмү 1 пайыздан жогорулатылып турмакчы.

2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген «Эреже бузуу» жөнүндөгү мыйзамга ылайык, унаанын терезесин караңгылаткандарды тескөө Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилген. Бирок учурда өкмөт бул милдетти кайрадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп алууну демилгелөөдө. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, тийиштүү комитет 1-окуудан колдоп берген.

Пресс-кызмат