mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ташкент эл аралык автобустук каттамдын Казакстан тараптан токтотулушу боюнча маалымат

 

«Бишкек-Ташкент» эл аралык автобустук каттам Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М. Мирзиёевдин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча иш чаралардын алкагында, кыргызстандык ташуучу — «Транс-Союз-Азия» ААК менен өзбекстандык ташуучу «MIRONSHOXGRANDTRANS» автотранспорт ишканасынын биргелешкен ишмердик келишиминин негизинде 2018-жылдын апрель айында ачылган.

Автобустук каттамдын ырааттамасы жана кыймыл схемасы 1997-жылдын 9-октябрындагы «Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө» Конвенцияга жана 1996-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн «Эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө» Макулдашууга ылайык, Өзбекстандын автомобиль жана суу транспорту агенттиги менен КР ТжЖМнин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги тарабынан сүйлөшүлгөн.

Каттамды тейлеген автобустардын транзиттик жүрүүсү, 2003-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн «Эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө» Макулдашууга ылайык  Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин Транспорт комитети менен 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө макулдашылган.

2018-жылдын 5-6-ноябрында Астана шаарында (Казакстан) өткөн кыргыз-казак аралаш комиссиянын отурумунун жүрүшүндө казакстандык тарап, Казакстан Республикасынын улуттук мыйзамдарынын талаптарына ылайык «Бишкек-Ташкент» жана «Бишкек (Кыргызстан)-ЖибекЖолы (Казакстан)» автобустук каттамдарды тейлеген автобустардын ортосунда бир сааттан кем эмес аралыкты камсыздоону эске алуу менен, «Бишкек-Ташкент» каттамы боюнча автобустардын кыймыл ырааттамасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө демилге көтөргөн.

2018-жылдын 19-ноябрында кыргыз тарап, аталган каттамдарда жүргөн автобустардын ортосундагы аралыкты камсыздоону эске алуу менен, отурумдун Протоколунда каралган мөөнөттөрдө «Бишкек-Ташкент» автобустук каттам боюнча кайрадан иштелип чыккан ырааттаманы жиберген. Ырааттама азыркы учурга чейин Казакстан тараптан макулдашыла элек. 2018-жылдын 28-декабрында Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин Транспорт комитетинин КР ТжЖМнин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигине жиберген №28-01-28-4/3818 катында, транзиттик каттамга кыймылдын жаӊы ырааттамасы макулдашууга түшкөндүктөн, «Бишкек-Ташкент» автобустук каттамын убактылуу токтотуу жөнүндө маалымдалган, бул 1997-жылдын 9-октябрындагы «Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө» Конвенциянын талаптарына каршы келет.

2019-жылдын 24-январында Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, Кыргызстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдары менен макулдашпай туруп жана негиздерсиз, 1997-жылдын 9-октябрындагы «Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө» Конвенциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун талаптарын бузуу менен, «Бишкек-Ташкент» эл аралык автобустук каттамды тейлеген автобустардын транзиттик жүрүүсүн токтоткон.

 

Азыркы тапта Кыргызстан менен Казакстандын транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын отосунда жогорудагы маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

 

КР ТжЖМнин басма сөз кызматы