mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек шаарынын «СапарТрансСервис» жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Доспаев Алтынбек: Биздин компанияларды жана Тейлөө сервистерин Минтранска өткөрүп берсе жакшы болмок

«СапарТрансСервис» жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Доспаев Алтынбек бизге буларды айтып берди.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясын 1976-жылдардан түптөдүм. 41 жылдын ичинде 40 компанияны түздүм жана акыркы «СапарТранс Сервис» жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясын 2014-жылы каттоодон өткөрдүм. Бишкек шаарынын тургундарын тейлөө менен бирге канча деген үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылып, жардам бердим. Андан сыртары мамлекеттик бюджетке да жакшы эле салым кошуп келе жатам. Бүгүнкү күндө шаар ичинде эки миңден ашуун айдоочулар кызмат кылат. Негизинен буга чейин беш миңден ашуун айдоочулар кызмат кылып келген. Тилекке каршы баарыбызга белгилүү болгондой пандемиянын айынан 50 пайызга чейин кыскарып кетти.
Биздин компанияларды жана тейлөө сервистерин КР Транспорт жана Коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берсе жакшы болмок. Мэрия аркылуу шаардык кеңештин депутаттары менен маселелерди чечүү бир топ кыйынчылыктарды жаратып келет.
Жеке турмушта 2 баланын атасынмын. Бир уул, бир кызым жана төрт неберем бар. Балдарым баары жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы