mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек шаарындагы түндүк айланма жолунда комиссиялык иш-чара өткөрдүлдү

2023-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров, Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун өз убагында реконструкциялоону ишке ашыруу жана жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн бул жолдун тилкесин иретке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы № 413-Р токтомун аткаруу боюнча  , Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт  коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер-суу көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Майевка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин өкүлдөрү жана жер адиси биригип Бишкек шаарындагы түндүк айланма жолуна комиссиялык иш-чара өткөрдү.             Жыйынтыгында комиссия карап чыккан жол боюндагы  берилген жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарын бузгандыгы аныкталды.             Укук бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бузуулардын түрлөрү боюнча, комиссиянын мүчөлөрү тарабынан чаралар көрүлөт.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы